Өзбекстан жана Кыргызстан дин өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү

Ош шаарындагы СулайманТоо борбордук мечитинде Өзбекстан Республикасынан келген дин өкүлдөрүнүн жана Ош аймагындагы 100гө чукул мечит имамдарынын катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн диний кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, түштүк аймактын казылары жана Өзбекстан Республикасынын Министирлер Кабинетинин алдындагы дин иштери боюнча Комитеттин бөлүм башчысы Юлдашев Махаммадбабир Абдурахманович баштаган Наманган, Фергана, Анжиян облустарынын казылары менен баш имам-хатибдери катышышты. Жыйында диний чөйрөдөгүмамлекеттик саясат, мамлекеттер, улуттар аралык достук, диний экстремизмге жана терроризмге каршы чогуу күрөшүү” деген аталышта талкуу болду. Алгач Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев сөз сүйлөп, эки мамлекеттин элинин карым-катнашынын жанданышы жаңылануунун башаты экендигине токтолуп, өлкө жетекчилерине ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары терроризм жана экстремизмге каршы турууда эки мамлекеттин диний жетекчилери биргеликте конференция, семинарларды өткөрүүнү сунуштады. Ал эми Өзбекстан Министрлер Кабинетинин алдындагы дин иштери боюнча Комитеттин бөлүм башчысы Юлдашев Махаммадбабир Абдурахманович эки мамлекет дин жаатында бири-биринен тажрыйба алчу иш-чаралар арбын экенин белгиледи.

Жыйындан соң коноктор Сулайман-Тоо мечити жана музей комплекси менен таанышышты.

Эскерте кетсек, коноктор күндүн экинчи жарымында Өзгөн районуна жөнөп кетишти.

Түркистон: 

Жакынкы тарыхыбызда, 2006-жылы, Бакиевдер доорунда да Кыргызстан Өзбек өкмөтү менен жакындаша баштаган эле. Ошондо да Кыргыз бийлиги Өзбекстан жакшы коңшучулукту колдоп, Кыргызстан менен өз ара тең жана пайдалуу мамилелер орнотот деп үмүт кылган.

Бирок, алар Кыргызстан менен Өзбекстан коопсуздук кызматтарын кызматташтыкка чакыруу аркылуу ички иштерибизге аралашуудан нарыга өтүшпөдү. Өзбек коопсуздук кызматынын атайын адамдары “террорчуларды ачып бере алабыз” деп, бардык жашыруун тармактарыбызга кирип кетишкен эле. Алар Кыргызстандагы коопсуздук кызматкерлеринин сабатсыздыгынан пайдаланып, бардык интернет тармактарыбызды өз колдоруна алып алышкан. Бүткүл коопсуздук системасына атайын угуучу аппараттарды коюп үлгүрүшкөн. Акыры келип, Рафик каары Камаловду атып өлтүрүшкөн соң, бул кылмышты Кыргызстан коопсуздук кызматы менен өкмөтүнүн мойнуна жүктөп, алар үчүн абалды оорлоштуруп туруп, өздөрү “суудан кургак” чыгып кетишкен эле.

Учурда Атамбаев алып бараткан абал да мурункуну эске сала баштады. 26-октябрь күнү жүздөгөн адамдардан турган Өзбек делегациясы, Кыргызстандын түштүк борбору болгон Ош шаарына мейман болуп келишти. Келип-келе элек жатып, өзбекстан диний делегациясы кыргызстандын масжид имамдары жана дин өкүлдөрү менен биргеликте жыйын уюштурганга үлгүрүштү. Жыйында экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкта кеңешип иш алып баруу жаатында сөз болду.

Өзбекстан диний жооптуу кызматкерлеринин кийип алган чапандарынын ичинде погондору бар экенин эсепке алганда, Өзбекстан кайрадан “диний коркунучтар жана ага каршы күрөшүү”дө кызматташтыкка чакыруу оюнун ойной башташты. Каримовдун өлүмүнөн кийин, Өзбекстанды коопсуздук кызматкерлери өз колдоруна алышкан. Алар Кыргызстанды өз мамлекети үчүн кооптуу аймак деп белгилешти. Ошондуктан, алар Кыргызстандын ички иштерине аралашууга жана коопсуздук системасына кайрадан кирип келүүгө катуу умтулуп жатышат. Бу жолу Өзбекстан коопсуздук кызматы диний чөйрөбүз аркылуу аракет кыла баштады. Себеби, азыр Кыргызстандын эң күчтүү тарабы орган кызматкерлеринин кубаты же таасири астында эмес. Балким, исламий раъйлардан келип чыккан диний чөйрөнүн таасир кубаты астында.

90-жылдардын экинчи жарымындагы Өзбекстан коопсуздук системасынын иш алып баруу ыкмасын эске салыңыз. Алар так азыркыдай, өздөрүнүн диний уламаларын диний жамаат өкүлдөрүнө каршы коюу иштеринен башташкан эле. Эми ошол ыфлас ыкмалары менен Кыргызстандын диний чөйрөсүнө кирип келе жатышат. Албетте, мындай багыттагы бардык аракеттер эки мамлекеттин коопсуздук системаларынын кызматташтыгы жана толук көзөмөлү астында алып барылууда. “Дин кызматкерлери” – алар колдонгон бир куурчак эле.

Кыргызстан жана Өзбекстан жарандарынын бири-бирлери менен жакындашуулары абдан жакшы иш, албетте. Куфр ааламы бизди бир-бирлерибиден ажыратып, тууганчылык ришталарыбызды үзүп жибермекчи болушту. Эми Аллахтын каалоосу менен дагы бири-бирибизге жол ачылса, албетте, Аллахка хамду саналар айтабыз.

Лекин, ушундай жакындашууга болгон туйгуларыбыздан Иноятов башчылык кылып жаткан Мирзиёев режими пайдаланып – кой терисин жамынып алган карышкырдай – диний кийим кийген коопсуздук кызматкерлерин алып кирүүгө аракет кылып жатышат. Алардын максаттары – Ташкенттеги 16-февраль окуясы сыяктуу абалды жаратыш үчүн – мусулмандарды бири-бирлерине каршы иш алып барууга үндөө. Исламий уламалар жана масжид имамдарынын орган менен кызматташуусун дагы да кеңири көлөмдө алып барууга чакыруу. Ушул максаддары вакиъде натыйжа берип, мусулмандар аларды алкыштай башташканда, Кыргызстанда да 16-февраль окуясын уюштуруш.

Ошондуктан, Кыргызстан өкмөтүнө жарандарына төмөндөгү сөздү айтабыз

Биз исламий жерлер арасындагы чегаралар, же кандайдыр бир тоскоолдуктар болушуна каршыбыз. Кыргызстан-Өзбекстан жакындашуусу итеринин бирөөс үнө да каршы эмеспиз. Болгону, мусулмандардын ушу бир-бирлерине жакындашууга болгон талпынуусунан караниет күчтөр пайдаланып кетпесин деп эскертип жатабыз. Мурун да ушул сыяктуу жакшы ниеттер менен иштер баштап, кийин диний уламолар жана бир нече кабарчы бурадарларыбызды аттырып жибергенин эстетебиз. Пайгамбарыбыз (сав) “муъмин бир тешиктен эки жолу чагылбайт” деген. Биз аларга, экономикалык мамилелерди өнүктүрүү иштерине чектелип, силер бизге диний же саясий кеңеш берүүдөн тыйылгыла, бу тармакта силер бизге муаллим эмессиңер деп айтышыбыз керек. Болбосо, алар силерди алдап коюп, кайра качып кетет. Себеби, бу жакындаштыруулардын уюштуруучусу Россия. Белгилүү болгондой, ал абдан жаман жана ишеничсиз “партнер”.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago