Песков: Сирия режими куласа бийликти “радикалдар” ээлейт

321
0

Песков: Сирия режими куласа бийликти “радикалдар” ээлейт

Россия президенти Владимир Путиндин басма-сөз катчысы Дмитрий Песков Сирияда Башар Асаддын бийликте калышы зарыл экендигин айтып чыкты. Песковдун пикиринче, Сирия башкаруусу радикал (демократиялык башкаруусуна ыраазы болбогон) мусулмандар колуна түшүп калбастыгы үчүн азыркы Сирия режими сакталып калышы керек. Анткени эгер Асад режими куласа, “радикал” мусулмандардан башка анын ордун ээлей турган тарап жок.

Россиянын 1-каналы аркылуу эфирге чыга турган “Ишемби Жаңылыктары” телеберүүсүндө катышкан Песков Башар Асад режиминин кулашы мусулман күчтөр үчүн жеңиш болушу мүмкүндүгүн айтты. Песковдун оюнча, бул абал саясий чечим табуу мүмкүнчүлүгүн бүтүндөй жокко чыгарат.

“Алдыбызда болгону эки тандоо бар. Сирияда Асад режими бийликте калат же анын ордун мужахиддер ээлейт, башка тандообуз жок. Өлкөдө саясий чечимди кабыл кылышыбыз үчүн Асад өз ордунда калышы керек”, деди Кремл катчысы.

Асад режими кулап, өкмөт башчылыгына мусулмандар келе турган болсо, саясий чечимге мүмкүнчүлүк калбастыгын айткан Песков “Сирия кризисин чечүү үчүн эл аралык коомчулук көп убакыт коротуп жана абдан көп аракет кылышы керек. Бардык Сирия аймактары кайтарып алынышы керек. Мамлекет чачырап кетпестиги үчүн эмне керек болсо, ошону кылыш керек. Болбосо, бул бүткүл аймак үчүн коопту болот”, деп кошумчалады Песков.

Талдоо:

Жогоруда келген нерселерге карай, Сириядагы окуялар агымын козголоң башталгандан бери тыкыр, токтоосуз күзөтүп келе жаткан калыс киши, алгач Россиянын коопсуздук кеңешинде эл аралык каралоого каршы Америка малайы болгон Сирия режимин коргоо ролун аткарганына күбө болот. Кийин Иран менен бирге бул режимди курал-жарактар менен камсыздап тургандыгына күбө болот. Кийин болсо режимди коргоо, козголоңчуларды Американын саясий чечимине жана аларга мүмкүнчүлүк артынан мүмкүнчүлүк берип мажбур түрдө көндүрүү максатында Сирияда кыйыр түрдө аскердик аралашуу алып баргандыгына күбө болот. Калыс күзөтүүчү киши мына ушул айтылган нерселерге күбө болгондон кийин бир нерсени тан алыштан башка чарасы калбайт. Ал да болсо, Россия Сирияда АКШ ишин гана аткарууда, максаты Американын саясий чечимин ишке ашыруу жана канкор режим армиясы менен коопсуздук түзүмүн сактап калуу.

Сирия масалесинде Россия менен АКШ ортосундагы алака чындыгында мына ушундай. Көпчүлүк бизге да тыгыштырууга урунуп жаткан атаандаштык мамилеси эмес. Айрыкча, Америка Россиядан пайдаланууда, аны канкор режимди сактап калуу жана мубарек Шам козголоңуна чекит коюууда өз максаттарын ишке ашырууга иштетүүдө. Мубарек Шам козголоңу болсо, Американын жинин келтирди, президентинин чачтарын агартты. Биз Аллах Таалага дуа кылып, козголоң убагын узартпастан, жер жүзүнүн бардык тарабына чачылган нурун тезирээк балкытып чыгаруусун жана Шамдын калыс перзенттери колу менен Өзүнүн убадасын, сүйүктүү Расулубуз Aдын башараттарын ишке ашыруусун, б.а Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөсүн сурап калабыз.

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ * وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الأَرْضِ وَنُرِي فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُم مَّا كَانُوا يَحْذَرُونَ

«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды мураскорлор кылууну каалайбыз» [Касас 5-6]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here