Арам кылынган кандарды төгүүнү токтоткула… арамдарды мубах деп эсептебегиле

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Арам кылынган кандарды төгүүнү токтоткула… арамдарды мубах деп эсептебегиле

Качанга чеин айрым отряддар багытын жоготуп, максатынан адашып, өзүнүн эмне үчүн түзүлгөнүн түшүнбөй, өз ара эмне үчүн согуш кылып жаткандыгын билбей  сокурларча жүрүштөрүн уланта беришет?! Жыйынтыгында бул отряддар душманга каршы болгонго караганда, өз бурадарына каршы октолгон куралга тездик менен айланып калууда!!

Шам козголоңунда өз ара согуш эч кандай жеңишке алып келбестиги, болгону кылмышкер режим пайдасына гана жана анын артында туруп шам козголоңуна каршы этели-кеч айла-амал кылып жаткан Американын пайдасына гана кызмат кылышын билишпейби?!

Ла илаха иллаллах деп күбөлүк бере турган мусулман кудум ушул шахадат келмесин айтып күбөлүк бере турган өз бурадарын өлтүрүшкө кантип даай алат?! Бул бурадары кудум ушул максат үчүн душманга каршы согуш кылып жатат го акыры?! Бул бурадары ал менен бирге бир аңда – эккөнө тең сокку бериш үчүн өз учурун күтүп жаткан ашынган душманга каршы – аракет кылып жатат го акыры?! Калаберсе Шам жеринде акылдуу кишилер калбагансып жахил-наадандарга – алар жамандык иштерди кылыштары жана арам канды төгүүлөрү үчүн – мүмкүнчүлүк берип коюлду?!

Шам жеринде согуш кылып жаткан бардык отряддардагы эй мужахиддер!

Ушуну жакшы билгиле, силер бири-бириңерге каршы шерменделүү согуш кылыш үчүн чыкпадыңыз жана жийиркеничтүү бөлүнүүнү бекемдеш үчүн чыккансыңар. Айрыкча силер Аллах калимасын улуу кылыш үчүн чыктыңар. Ал болсо мындай иштериңер менен улуу болбойт. Өзгөчө ал саптарды бириктирип, режимди кулатуу жана Аллах шариятын өкүмдар кылуу менен улуу болот. Ушуну жакшы билип алгыла, силер Шам козголоңунун коргоочулурасыңар. Ошон үчүн эгер мындай жоопкерчиликке кайдыгер карасаңар жана силерди максатыңардан чалгытып жибере турган жана элден алаксыта турган нерсе менен алек болуп калбагыла. Андай боло турган болсо анык ишене бергиле силер бул коргоого ылайык болбой каласыңар. Шам жеринде мындай артыкчылыктарга ээ болгон кишилер табылат. Ушундай болгон соң канды дарыя кылып агызууну токтоткула. Шам калкы муну сиздин колуңуз менен болуусун эч күтпөгөн эле. Ошон үчүн аны токтоткула. Болбосо башкаларга жолду бошоткула.

Шамдагы эй мусулмандар!

Силерге улуу рол тапшырылган. Анткени силер Шам жеринде арам кан төгүлүшүнө жол бербей турган коопсуздук «клапаны»сыңар. Ушундай болгон соң өз ара согуш кылышка болгон бардык урунуулар каршысында бекем тосук болуп тургула. Ушуну жакшы билгиле, мындай орундарда үндөбөй сүкүт кылып тура берүү Шам калкына каршы согуш болуп эсептелет. Акыйкат сөз ар кандай залымды өз алдында токтотуп коё турган сөз. Бул акыйкат сөздөн фитнакечтер абдан коркушат. Ошон үчүн акыйкат сөздү Аллахка ишенип коркпостон айткыла. Анткени козголоң силердин козголоңуңар жана кан силердин каныңар. Ушундай болгондуктан эч кандай кимсенин бул козголоң жана кан менен ойношуна жол бербегиле.

Мындай окуялардын чечими Роббибиздин китебинде бар. Аны ар кандай фитначы, күнөөкөр кимсе көрө албайт. Бул чечим ушул, Аллах Өз арканына бекем жабышууну важиб кылды, мусулмандар ортосундагы бөлүнүүнү жана талашты арам кылды. Аллах Таала мусулманды жөндөн-жөн эле өлтүрүүнү да арам кылды. Кимде-ким бул нусустарды билип туруп өзүн билбестикке салса же аларды башка тарапка буруп маанисин бузса мындай кимсенин Аллахты жиндендире турган нерселерди сүйлөбөй унчукпай турушу жакшыраак, ал жалган сөздөрдөн качып үйүнөн чыкпай жым отурсун. Анткени ар кандай көйгөйдүн чечими Аллах тартуулаган өкүмдөрдө бар. Мына ушул отряддарга ыплас саясий акчалардын кирип келиши Шам козголоңуна зыян жеткирди. Анткени мындай акчалар мусулманды өз бурадарынан ажыратып таштады, арам канды төгүүнү адал кылып койду жана режим менен келишим түзүштү мубах иш кылып койду… Түпкү көйгөйгө каршы күрөшүлсүн жана Батыш мамлекеттери менен мамилелер үзүлсүн. Ошондо мужахиддер өздөрүнүн ага-ини экендиктерин жана биригүүлөрү мүмкүн эмес болгон бир арзуу эмес, тескерисинче Аллах фарз кылган бир важиб экендигин жана бул нерсесиз мусулмандарга эч бир нусрат түшпөстүгүн билип алышат.

Пайгамбарыбыз алайхис солату вассалам мындай деди:

«لاَ تَرْجِعُوا بَعْدِي كُفَّاراً يَضْرِبُ بَعْضُكُمْ رِقَابَ بَعْضٍ»

«Менден кийин бир­бириңерди өлтүрүп, куфр же залалатка кайтып кетпегиле».

Хизб ут-Тахрир Сирия вилаяты

7 мухаррам 1438х

8-октябрь 2016м

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago