Сириялык дарыгердин кайрылуусу: Талбиса жок кылынууда, мусулмандар кай жерде калды?!

269
0

Сириялык дарыгердин кайрылуусу: Талбиса жок кылынууда, мусулмандар кай жерде калды?!

Сирияда Асад күчтөрү жана Россия самалеттору тарабынан уюштурулган аба чабуулдары артынан Сириянын Талбиса шаарында иштеп келе жаткан бир дарыгер дүйнөгө кайрылуу жолдоду. Дарыгер өзүнүн видео кайрылуусунда, Сирияда болуп жаткан кыргындарга карата бүткүл Ислам ааламынын бейкапар болуп жаткандыгын айыптады.

“Сирия тынымсыз чабуулдар астында калды. Талбиса шаарынын калкы жардыруучу бочкалар жана парашюттуу бомбалар менен кырылууда. Мусулмандар кай жакта калды? Кана биздин аалымдарыбыз? Эл аралык коомчулук кай жакты карап жатат? Биз алардан эч ыраазы эмеспиз”, дейт бүткүл Ислам дүйнөсүнө YouTube видео порталында жайгаштырылган видео аркылуу кайрылуу жолдогон дарыгер.

Борбордук мекемеси Лондондо жайгашкан Сирия адам укуктары обсерваториясынын маалыматына ылайык, Хомстун 13 километр түндүгүндө жайгашкан Талбиса шаарында ишке ашырылган кыргындарда жабыркагандардын негизги бөлүгү жаш балдар. Алардын арасында ымыркайлар да бар экендиги айтылууда.

Сирия режими болсо чабуулдарда каза болуп жаткандардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болгондугуна карабай, уялбастан алардын бардыгын террористтикте айыптап келет. Өз кезегинде Россия да Сирияда согуш кылмышын ишке ашырып жаткандыгын моюнга албай келет. Кремлдин жүйөсүнө карай, “террорчулар” элдин ичине кирип жашырынып алган. Ошон үчүн бүткүл шаар чабуулга алынууда.

“Террористтердин карапайым адамдардан жандуу калкан катарында пайдалануусуна жол бере албайбыз”, дейт Франциянын ТВ1 каналына интервью берген Россия президенти Владимир Путин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here