Россия Калининградга ракета комплекстерин таштады

333
0

Россия Калининградга ракета комплекстерин таштады

Россия коргоо министрлиги Калининградга жакын жерге “Искандер-М” ракета комплекстерин таштаганын тастыктады. Министрликтин расмий өкүлү генерал-майор Игор Конашенковдун айтышынча, “ракета кошуундарынын аскердик бөлүмдөрү даярдык көрүү алкагында Калининград облусуна ташталган жана келечекте да ташталат”.

 Конашенковдун кошумча кылышынча, россиялык аскерийлер тарабынан ракета комплекстерин “Амбал” жүк кемесинде ташышканда атайын аны жашырышпаган. Бул АКШ разведкачы спутнигинин параметрлери билүүсү үчүн кылынган, деди Конашенков.

 “Ракета комлпекстерин ташуу сыр тутулбады. “Искандер” жүк кемесине жүктөлүшүнөн алдын бул жердеги аба майданынан учуп өтүп жаткан америка разведкачы спутниктери үчүн анын иштөө параметрлерин аныктоо макстында атайын коюп коюлду. Көпкө күтүүгө туура келбеди – америкалык кызматкерлер негедир бизди күзөтүп жаткандай, муну өздөрү бизге тастыктады”,- деди Конашенков.

 7-октябрь күнү “Reuters” маалымат агенттиги АКШ разведкасындагы булакка таянган абалда Россия Калининград облусуна “Искандер-М” ракета комплекстерин таштап жаткандыгын маалым кылды.

 Маалыматтарга ылайык, ушул комплекс 500км га чеинки аралыктагы бутаны атып түшүрө алат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here