Путин Стамбулда Эрдоган менен жолукту

357
0

Путин Стамбулда Эрдоган менен жолукту

Туркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган учак кризисинен кийин алгачкы жолу Түркияга сапар кылган Россия президенти Владимир Путин менен Мабейн сарайында учурашты. Эки мамлекет башчылары өз делегациялары коштоосунда бир саат кырк мүнөткө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин биргеликте пресс-конференция уюштурушту. Акыркы кабарларда айтылышынча, пресс-конференция учурунда эки башчы бардык тармактарды өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү туурасында келишип алгандыктарын  маалымдашкан.

Туркиянын энергия министри Барат Албайрак жана Россия энергетика министри Александр Новак ортосунда “Түркия Агымы” (Россиядан баштап кара деңиз аркылуу Түркияга чеин жеткизиле турган кур) долбоору туурасында келишимге кол коюлгандан кийин баянат берген Россия башчысы менен бардык тармактарда келишип алгандыгын билдирди.

“Биз Президент мырза менен толук бир күн бирге болдук. Акыры, ушул келишимдерге кол коюуу бөлүгүнө жетип келдик жана колдор коюлду. Келечекте коргоо, соода, маданият тармактарында о.э дагы башка тармактарда да мамилелерибизди өнүктүрүүгө келишип алдык. Жогорку даражалуу консултациялык кеңешке жыйын өткөрүү туурасында көрсөтмөлөрдү бердик. Ушул жылдын аягында же кийинки жылда ушул маселелер үстүндө сүйлөшүүлөрүбүздү ишке ашырабыз. Албетте аймактагы өтө назик маселе, Сирия маселелесин да терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк таптык. Фурат калканы туурасында кандай кызматташтык кыла алышыбыз туурасында сүйлөшүп алдык”, деди сөздөрүндө Түркия президенти.

Ал өз кезегинде Путин түркиялык кесиптеши менен эки мамлекет үчүн абдан маанилүү эсептелген маселелер талкуулангандыгын айтып, мындан ары Россияда мөмө-чөмөлөр арзандашынан курсант болгондугун жашырбады.

“Бүгүн биз Түркиядан алынган мөмө-чөмөлөр жана айыл чарба продуктуларын Россия базарына чыгардык. Өзгчөчө цитрус мөмөлөрү Россияда жетишпейт. Эгер бул жерден экспорт кылынса Россияда мындай мөмөлөрдүн баалары арзандайт”, деди Путин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here