Путин: Күчтүү болууга акыбыз бар
Россия президенти Владимир Путин Россия парламенти жыйынын ачылыш межлисинде сүйлөгөн сөзүндө мамлекет өкүлдөрүн “күчтүү Россия”ны тикелөөгө чакырды. Путиндин айтышынча, ар бир мамлекеттин күчү анын сакталып калышынын негизги шарты болуп эсептелет.
“Россиянын күчтүү болушу мамлекетибиздин бүтүндүүлүгүн жана өлкөбүздө жашап жаткан бардык элдерди өз ичине алган Россияны сактап калыштын эң маанилүү жана негизги шарты экендигин ар дайым жадыбызда тутушубуз керек”, деди Россия президенти.
Путин өз сөзүндө 1906-1911-жылдарда Орус империясын башкарган Пётр Столыпиндин бир кылым мурун мамлекет жетекчилеринин алдында “Биз Россиянын тарыхтык улуулугун колдоп-кубатташыбыз үчүн күчтөрүбүздү бириктиришибиз жана аракеттерибизди, милдеттерибизди жана укуктарыбызды ва ылайыкташтырыбыз керек. Бул биздин күчтүү болуштагы укугубуз”, деген цитаталарын келтирди.
“Биз бул сөздөрдү жадыбызга алып, жаңыдан түс алган учурда ар дайым “ар кандай эл жана ар кандай мамлекет күчтүү болуу укугуна ээ”, деген пикирге келебиз. Бирок ушуну айтып өтүшүбүз керек, биз бул сөздөр менен супер мамлекеттердин абройуна шек келтире турган нерсени айткан жокпуз. Башкаларга эч нерсе дебейбиз жана мындай кылыш ниетибиз да жок”, деп кошумчалады Россия президенти.
Путин мамлекетте коопсуздук жана коргоону бекемдөө, эл аралык майданда өз статусун сактап калуу керектигин айтты. Ал парламент жана бардык кондидаттар бул саясий аракеттерди колдошу үчүн өз салымдарын кошушунан үмүт кылды.
“Россиянын күчү элибиз, салттарыбыз, маданиятыбыз, экономикабыз, кең жерибиз, үлкөн табигый байлыктарыбыз жана албетте коргоо күчтөрүнүн мойнунда жатат. Бирок эң маанилүүсү ушул, биздин күчүбүз калкыбыздын биримидигинен келип чыгат”, деди Путин.
Ошон үчүн, Путин эл аралык конструктивдик мамилелерди өнүктүрүү үчүн парламент дипломатиясынын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууга чакырды. Экономикалык өнүгүү боюнча, атаандаштыкка, инвестиция агымдарына, заманбап технологияларга тоскоолдук кыла турган мыйзамдык чектөөлөрдү бекер кылуу керектигин да айтып өттү.