Россия Сирияга С-300 ракетага каршы коргоо отрядын жайгаштырды

340
0

Россия Сирияга С-300 ракетага каршы коргоо отрядын жайгаштырды

  ОАВда Россияга тийиштү ракетага каршы коргоо түзүмдөрү Сирияга жайгаштырылганы туурасында кабарлар пайда болду. Кабарларга ылайык, бул курал Американын Сирияга уюштура турган ар кандай чабуулдарга кыршы тура алат.

 С-300ВМ ракета зенит комплекси заманбап самалет жана баллистикалык ракеталардын чабуулун кайтара алууга болжолдонгон. Мажмуа ракеталары 250 километрге чеинки аралыкта болгон бутаны атып түшүрүшү мүмкүн. Мындан тышкары кичинекей ракеталар каршылаш самолётторго жана канатту ракеталарга каршы иштетилиши мүмкүн.

 Россиянын бул аракетине карата АКШ өзүнүн тескери мамилесин билдирди. Ак үй басма-сөз катчысы Джош Эрнест берген баянатында, “С-300 ракета зенит комплекси Сирияга жайгаштырылышы Москванын экстремисттерге каршы күрөшкө байланышкан баянаттарына каршы. Анткени террорчулар авиацияга ээ эмес”,- деди.

 Анын пикиринче, бул сыяктуу аракеттер Россиянын Сириядагы кыла турган милдеттерин аткарышында күмөн туудурат жана Россияга болгон ишенимди азайтат.

 Өз кезегинде Россия бийлиги С-300 ракета зениттик отряды Россия аскерий деңиз күчтөрүнүн Тартустагы аскерий кемелерин коргоо максатында Сирияга жайгаштырылганын маалымдайт.

 Бул туурасында коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игор Конашенков баянат берди. “Чындыгында Сирияга С-300 зениттик ракеталардын  батереялары жайгаштырылды. Азыркы учурда бул комплекс Тартустагы аскерий деңиз базасы жана жээк боюндагы кемелердин коопсуздугун камсыздоого каратылат”,- деди генерал.

 Ал өз сөзүндө, “Эмне үчүн С-300 комплексин Сирияга жиберүү туурасындагы чечимибизге батыштагы кызматташтарыбыз мынчалык каршылык билдирип жатканына түшүнө албай жатабыз”,- деди.

 “Эскерте кетейин, С-300 коргоо максаттарында гана кызмат кылат жана эч кимге эч кандай кооп жаратпайт. Мындан тышкары бардыгына белгилүү, мындан мурун да аймакта куду ушул сыяктуу “Форт” комплекси бар эле”,- деп сөзүн кошумчалады генерал.

 Россия Федерация Кеңешинин коргоо жана коопсуздук өкүлү  Виктор Озеров Россия алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда Сирияга С-300 комплексин жайгаштырууга акылуу экендигин билдирди.

 “Бул Түркия тарабынан уруп түшүрүлгөн биздин Су-24 самалетуна окшогон окуя кайталанбастыгынын алдын алат”,- деди  Виктор Озеров.

Туркистон: 

Россия менен АКШнын кызыкчылыктары бири-бирине дал келбей калды. АКШ дүйнөлүк системаны б.а эл аралык саясий абалды кароо менен иш кылууга мажбур. Анткени ал азырынча жалгыз дүйнөлүк лидер б.а дүйнө жетекчиси болуп турат. Россия болсо Сирияда түшүнксүз, максатсыз жана башаламан аракеттерди алып барууда. Анын аракеттеринде жалаң гана Путиндин режиминин популисттик максаты жаткандай. Б.а орус калкы алдында, өзүн жетекчи мамлекеттер менен олутту атаандаш кубатка ээдей көрсөтүүнү каалап жаткандай. Анткени дал ушул Путиндин каталары менен Россия саясий, экономикалык жана социалдык кризиске келип калды.

АКШ болсо, Путиндин режимин сактап калыш үчүн эч кандай аркет кылбай жатат. Айрыкча, АКШнын ыраазылыгы астында Россиянын Сирияда алып барган аскерий аракеттери, эл аралык коомчулук тарабынан азыр эле дүйнөлүк террор деп баалана баштады. Россиянын азыркы экономикалык абалы да абдан начар. Иштеп чыгаруу тармагы дээрлик жолдон чыккан жана өзүнүн ички сатып алуучуларын да толук кандыра албайт. Бул, путинчи режимдин башкарууну эптей албагандыгына далалат кылат. Путинчилер, күчтөрү жетишинче бул абалды жана бул абалга түшүп калыш акыбеттерин бирер бир иш-чара менен жабып жиберүүгө аракет кылышууда. Алар, ички саясатта мекенчилдик жана жикчилдик сезимдерин катуу аракет менен күчөтүп барышууда. Мекенчилдик болсо, согуш жана тышкы кооп-коркунуч күчөшү менен жандана турган инсандык робита болгондуктан, Путин Россияга бир нече тармакта фронтторду ачып, аны согуш абалына алып келүүдө.

Путин согушту каалап жаткан жок, ал мажбур болуп жатат. Ошон үчүн ал өзүн эч нерседен тайманбаган жеңүүчү кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Анткени АКШ да Россия менен олуттуу согушка кирүүнү каалабайт. АКШ эч ким менен согушка киришүүнү каалабайт. АКШ эч ким менен согушууга умтулган да эмес. Ал согушту эң акыркы жана алсыз позициядагы мамлекеттин иш-аракети деп баалайт. АКШ дүйнөдөгү бардык көйгөйлөрдү башка мамлекеттерди бири-бири менен согуштуруу жолу менен чечүүгө умтулат. Мындан тышкары Россия да ядро куралына ээ болгон мамлекет. Ядролук согуш баштала турган болсо, анда бир тарап жеңүүчү болушу дээрлик мүмкүн эмес. Ар эки тарап жок болуп кетиш коркунучу бар.

Маселе ушунда, АКШ Сирияны бир нече аймактарга бөлүп жиберүү менен алардын ар бирин ыраазы кылуу аркылуу абалды стабилдештирмекчи болду. Россия болсо, Сирияда азыркы тан алынган Асад бийлигин өкүмдар болуш керек деген позицияны алдыга сүрүүдө. Асад бийлиги болсо, Россия үчүн гана аба майданынан пайдаланууга уруксат берген. Россия, Сирия аймагын өзүнүн мыйзамдуу көзөмөлү астындагы майдан деп, ал жерге АКШнын да киришине уруксат бербеймин деп жатат.

Россия Сирияны, ага бүтүндөй таштап беришкенде да эптей албайт. Убагында СССР Афганистанда жай тургундарды кырып жибергендей, булар да Сириянын жай тургундарын кыруудан башка ишти кыла алышпайт. Себеби Россияда эл аралык саясаттан пайдалана алуу кубаты дээрлик жок болуп барууда. Бул согуш, Россия үчүн максатсыз, кызыкчылыксыз жана чоң кризиске алып баруучу согуш болду. Путиндин режимине болсо, көпкө созула турган ушундай согуш керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here