Назарбаев жана Путин эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулашты

231
0

Назарбаев жана Путин эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулашты

 Россия президенти Владимир Путин бүгүн Казакстан борбору Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

 Тараптар эки мамлекет алакаларынын келечектери туурасында талкуу кылышты.

 Жолугушууда Путин Россия менен Казакстан соода алакаларына тескери таасир көрсөтүп жаткан факторлорду азайтуу керектигин айтты.

 “Биз мындай тосуктарга каршы чара көрүшүбүз керек, ушул тескери таасир көрсөтүп жаткан факторлорду болушунча азайтышыбыз керек”, — деди ал.

 Жолугушуудан кийин президенттер Россия жана Казакстандын ири бизнесмендеринин катышуусунда бизнес-форум да болушту.

 Андан соң, мамлекет башчылары “Евразия аймагынын транспорт-логистика салахиятын күчөтүү” темасындагы XIII Россия жана Казакстан аралык кызматташтык форумунда катышуусу пландаштырылган.

 Ушул форумда катышып жаткан 900 кишиден 400ү Россия өкүлдөрү болуп, Россия башчысынын пикирине караганда, ушундай бизнес-форумдарды өткөрүү эки мамлекет арасындагы мамилелерге тескери таасир көрсөтүп жаткан факторлорду азайтууга жардам берет.

 О.э, мамлекеттер арасында пландаштырылбаган мамилелер тармактарында да кызматташууну күчөтүү т.а туризм тармагында кызматташуу маселелерин чечүү да каралган.

 Форум катышуучулары арасында – негизги министрликтер башчылары, Россия Федерациясы субъектилеринин башчылары жана Казакстан облусттары башчылары бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here