Атамбаев дабаланууга Москвага алып келинди

285
0

Атамбаев дабаланууга Москвага алып келинди

Маалым болгондой, Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 19-сентябрь күнү БУУнун башкы ассамблеясынын 71-сессиясында катышуу үчүн АКШга жол алган эле. Самалет Нью-Йоркко учууну улантуу үчүн Түркиядагы Ататүрк аэропортуна конгонунда Атамбаев өзүн жаман сезген, бул көкүрөгүндөгү оорудан улам болгон.

 Мындай абалдан улам Атамбаевдин Нью-Йоркко болгон жумушчу сапары токтогон жана ал Түркияда сентябрь айынын акырына чеин дарыланып, текшерүүдөн өтүүсү жана 1-октябрга чеин жумушка чыкпастыгы жарыя кылынган.

 Президентин басма-сөз кызматынан кабар беришинче, Түркияда медициналык текшерүүдөн өткөн Атамбаев дарыланууну Москвадан уланта турган болду.

 “23-сентябрь күнү Атамбаев Москвага алып барылды жана Борбордук клиникада дарылануусун улантуу үчүн жайгаштырылды.Эксперттердин кеңеши жана Россия тараптын сунушуна ылайык бул дабаланууну Москвада улантат”,- деп айтылат кабарда.

Туркистон:  Атамбаевдин Россияга келтирилиши, Түркия аны жакшы тосуп албагандыгына далалат кылат. Ал Путиндин эл аралык саясаттагы кичинекей оюнчусу боло баштады. Кыргызстан үчүн пайдасыз позицияларды коргоп, Батыш жана батышпарас мамлекеттер менен алакаларын начарлатып бара жатат.

Кыргызстандын бюджеттик дефицити, жакынкы күндөрү көйгөлөрдү жарата баштайт. Россиянын өзү да бул көйгөйдөн куру эмес. Демек Кыргыз өкмөтү дагы Батыш дүйнөсү тарапка тилемчилик кылып барууга мажбур болот. Ушул күндөрдө Батыш дүйнөсү Кадыржан Батыровго ОБСЕ уюму жыйында сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беришти. Атамбаев, ал уюмдар жыйынынан качып Россияга барып алды.

Батыров, маани берсеңиздер Кыргызстанга демократиялык өнүгүү үчүн берилип, кылынып жаткан финансылык жардам акчалары өз ордуна иштетилбей жатат деди. Ал Батыш дүйнөсү уюмдарынан, бул жардамдарын токтотуусун жана мурункуларын азайтуусун талап кылды. Батыровду Батыш сайратып жатканына карасак, демек Батыш дүйнөсү финансылык отчет талап  кылышы мүмкүн. Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард доллардан ашып кетти.

Атамбаев болсо, айрым бир саясий оюндар үчүн кайсыдыр дүйнөлүк лидерлерден же дүйнөлүк уюмдардан капа болууда. Анын бул аракеттери кээ бир улуу жана жетекчи мамлекеттердин башчыларына дал келиши мүмкүн. Лекин……

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here