Жалалабад: мусулмандар үйүндө тинтүүлөр уланууда
Кыргызстан бийлиги тыюу салынган адабияттардын тизмесин түзгөн эмес. Ошондой эле, теологиялык (б.а. диний) экспертиза өткөрүү укугуна ээ расмий кеңсе да жок. Мына ушундай баш-аламандык өкмөттүн мусулмандарга каршы алып барып жаткан күрөшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатат.
Милиция жана УКМК кызматкерлери мусулмандар үйлөрүнө түнкаракчысы тарай электе бастырып кирип жатышат. Алардын өздөрү да түн каракчылары кейиптенип, бала-бакыранын үрөйүн учура үйдү тинтип башташат. Анан ар кандай диний китеп же брошюраларды – алардын мамлекет уруксаты менен басылып чыккандарын да – экстремисттик адабият күмөнүндө өздөрү менен экспертизага алып кетишет. Кийинчерээк бир эксперт тарабынан (негизи, анын эксперттик кылууга укугу жок болушуна карабастан) бул китептер “экстремисттик” деп табылат да, үй-бүлө ээсине каршы далилзат катары пайдаланылат.
Жетип келген кабарга ылайык, Жалалабад ИИБ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери 14-сентябр күнү таң супа сала электе, Сузак районунуна караштуу Күмүш-Азиз айылынын 51 жаштагы тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Бул бурадар Хизб ут Тахрир мүчөсү катары милиция каттоосунда турган болгон.
ИИМ 10-бөлүмү билдиришинче, тинтүү учурунда 10дон ашык китеп, баракчалар жана электрондук материалдар табылган. Бул иш боюнча Сузак ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Табылган материалдар үстүнөн теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган.
Кабарларга караганда, мындай тинтүү иштери Жалалабад облусунун дээрлик бардык шаар жана айылдарында ишке ашырылган жана жыл башынан бери диний экстремизмге байланыштуу 40тан ашык кылмыш иши козголгон.