Сирияда өкмөт кошуундарына эл аралык антитеррор күчтөр тарабынан сокку урулду
Сириянын Дейр-аз-Зордогу Сирия оппозициясынын өкмөт кошуундарына карата кол салышы аймактагы ок чыгарууларды токтотуу туурасындагы келишимдин бузулуусуна себеп болгон.
Россия тышкы иштер министрлиги таркаткан кабарга ылайык, ок чыгарууларды токтотуу туурасындагы келишимге АКШ ыраазылык билдирген болсо да, иш жүзүндө анын колдоп-кубаттосу астында мыйзамсыз түрдө оппозициянын куралдуу топтору абалды кескиндештирүүдө.
Буга чеин, Россия коргоо министрлигини өкүлү Игор Конашенков, ишемби күнү АКШ башчылыгындагы эл аралык антиИШИМ күчтөрү самалеттору террорчулардын курчоосундагы Сирия өкмөтү күчтөрүнө сокку урган. Акыбетте 62 мамлекеттик аскер каза болгон жана 100гө жакын адам жаракат алган.
Пентагон бул окуяга байланыштуу кайгыруусун билдирген жана бул окуяда АКШ самалеттору Сирия кошуундарын террорчулар деп ойлоп алгандын да кошумчалады.