Атамбаев режими камагынан дагы бир шейит

300
0

Атамбаев режими камагынан дагы бир шейит

“Адамдын кимдигин билмекчи болсоң, бийлик же байлык берип сынап көр”дегендей, Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да бийликке келгенге чейин: “Аллаху Акбар дегени үчүн да адамды жазалайбы?” деп таңдануу мененмусулмандардын коргоочусу катары көрүнүп келген эле. Бирок, бийликке келип бир аз орношуп алгандан кийин чыныгы жүзүн көрсөтө баштады.

 Алгач даъватчы боордошторубуздун сакалы менен кийимине асылган болсо, кийинчерээк муслима эже-карындаштарыбыздын хижабына каршы күрөшө баштады. Бул иши менен бир катарда диний ишеними себептүү камакка алынган мусулман боордошторубузга карата зулумду күчөттү. Боордошторубузду максатынан кайтаруу үчүн аларга басым өткөрө баштады. Камактагы боордошторубуздун сакалдарын кырып таштаганы жетишпегендей, аларды башка туткундардан бөлүү шылтоосу менен мыйзамсыз түрдө жабык режимдеги абактарга көчүрө баштады.

 Расмий бийликтин камактардагы боордошторубузга карата күчөп жаткан зулумдары себептүү Кыргызстан шейиттеринин катары кеңейүүдө.

 Жаманатты кылуучунун жаманаттысы, залимдин зулумунан коркпостон акыйкат динге бекем турган дагы бир боордошубуз абакта шейиттик даражасына жетишти, инша Аллах.

Исмаилов Маъмуржан Момунович 1959-жылы 24-июнда Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Таширов айылында төрөлгөн. Ал Хизб ут-Тахрир пикирлери менен таанышкан алгачкы күндөн баштап Ислам даъватын көтөрүп чыккан. Анын тынымсыз кылган даъватына расмий бийлик жана күч түзүмдөрү кайдыгер болушпады.

 Бийлик анын даъватына чек коюу жана кайратын сындыруу максатында удаама-удаа камакка таштай баштады. Алгач, 2012-жыл, 20-апрелде КР кылмыш кодексинин 299-беренеси менен айыптап, 3 жылга эркинен ажыратты. Бирок арадан көп убакыт өтпөстөн, 2012-жылдын 15-октябрында Аллах Таала ага азаттыкты ыраа көрдү. Бул кыйынчылыктарды Аллахтын бир сыноосу деп билген Маъмуржан ага камактан чыгары менен даъватын дагы да олуттуу көрүнүштө улантты.

 Анын кийинки аракеттеринин алдын алуу үчүн, күч түзүмдөрү аны дагы кайрадан камакка алышты. 2013-жылы июнь айында күч түзүмдөрү аны дагы кайрадан камакка алышты. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу абагында 9 ай жаткандан кийин, 2014-жылы февраль айында областтык сот аны 8 жылга эркинен ажыратты. 2014-жылы 6августта болсо Бишкек шаарында жайгашкан 47-абакка жөнөтүлдү жана Аллахтын уруксаты менен шейиттик даражасына жетишкенге чейин ушул абакта жатты.

 Абактагы оор шарттар жана зулумдар 1986-жылдан бери бронхиттик астма оорусуменен ооруп келген экинчи топтогу майып Исмаилов Маъмуржандын саламаттыгына таасирин тийгизди. Боордошубуздун жубайы Исмаилова Адинахан эже күйөөсүн ар дайым колдопкубаттап келди. Күйөөсүнүн ден-соолугу начарлагандан кийин, аны эркиндикке чыгарышын сурап түрдүү инстанцияларга кайрылуусунан эч кандай натыйжа чыкпады. Оорулуу, майып бир мусулман көтөрүп жүргөн исламий пикирлерден коркконрасмий бийлик, боордошубузду 2016-жыл, 29август күнү аманатын тапшырганга чейин камакта кармап турду.

 Биз боордошубуз Исмаилов Маъмуржан агадан айрылып калганыбыз себептүү дилибиз кайгыга толуп турса да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздү гана айтабыз:

“Албетте, баарыбыз Аллахтыкыбыз, жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз” [2:156]

Өз кезегинде боордошубуздун жакындарына, айрыкча эки кызына жана ИсмаиловаАдинахан эжеге көңүл айтуу менен алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Расмий бийликке эскерте кетүүчү нерсе, силердин зулум жана адилетсиздигиңер Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүн ишеним жана максатынан эч качан кайтара албайт, инша Аллах. Эгерде Хизб мүчөлөрүнө каршы күрөшүп жатабыз деп ойлогон болсоңор катуу жаңылышасыңар. Себеби, силер Ислам жана мусулмандарга каршы, айрыкча Аллах жана Расулуна каршы күрөшүп жатасыңар. Анткени, дин Аллахтыкы болуп, Аллах болсо Өз ишинде ар дайым үстөм.

“Албетте Аллах жана Расулу сызган сызыктан чыккан кимселер – мына ошолор эң кор  кимселердин катарында. Аллах (Лавхул-Махфузга): “Шек-күмөнсүз Мен Өз пайгамбарларым менен бирге жеңүүчү боломун”, — деп жазып койгон, албетте Аллах Күчтүү, Кудуреттүү” [58:20-21]

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here