Жон Керри: Сирия жаңжалы өтө эле создугуп кетти
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия жаңжалы өтө узакка созулуп кеткендигине тынчсыздануусун билдирди. Ошол себептен улам, ал Асад режимине таасири болгон о.э. оппозициялык күчтөргө таасири болгон мамлекеттерди бир жакадан баш чыгаруу менен Сирия кризисин чечүүгө чакырды.
Ошол эле убакта Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган түрк армиясы авиация аркылуу Сириядагы “террорчу” топторго каршы антитеррор чабуулдарын баштагандыгын билдирди. «Anadolu” маалымат агенттиги кабар беришинче, Түркия кошууну Сириянын Жараблус шаарына “Эфрат калканы” аттуу аскерий жүрүш баштаган. Чабуулдан көздөлгөн максат шаарды ИШИМ согушкерлеринен куткаруу экендиги айтылууда.
“Бул маселени чечүүнүн убагы келди. Кимдир-бирөөлөр Түркияга кыйын болот деп айтууда. Аларга айтарым, силер өзүңөрдүн акыбетиңер эмне болушун ойлогула”, — деди Түркия президенти.
Башка бир тараптан Сирия, Палестина жана Яман маселесине чечим табуу үчүн Россия менен Саудия кызматташтыкты күчөткөн. Бул тууралуу Россия тышкы иштер министрлиги чыгарган билдирүүдө айтылды.
Билдирүүдө келишинче, Россия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Жидда шаарында Саудиянын экинчи мураскор шахзадасы жана коргоо министри Мухаммад ибн Салман о.э. тышкы иштер министри Адил ал-Жубайр менен жолугушкан.
Билдирүүдө: “Сирия, Яман менен Палестинадагы аскерий жана гуманитардык абал тууралуу кеңири пикир алмашылды. Ал аймактардагы зомбулуктарга чек коюу жана жаңжалдарга саясий чечим табуу үчүн кызматташуу, айрыкча эл аралык терроризмге (Исламга) каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн жандашууну бекемдөө зарыл экендиги баса белгиленди”, — деп айтылат.
О.э. Москва менен Эр-Рияд Жакынкы чыгыштагы проблемаларды жөнгө салуу үчүн позицияларын бири-бирине жакындаштырууга тынымсыз аракет кылат.
Туркистон:
АКШ башчылык кылып жаткан дүйнөлүк куфр системасы Россия, Иран, Түркия, Саудия сыяктуу мамлекеттер менен жашыруун келишим астында аракет кылып жатат. Бул мамлекеттер Сирия аймагындагы карапайым калкты жана башка согушкер күчтөрдү бомбалоодо да АКШ сызып берген карта боюнча аракеттенип жатышат.
Максаттары да бир. Т.а. “Шамда болуп жаткан, мабдаъий, ынкылаптык, идеологиялык багыттты жок кылуу”. Куфр системасы ынкылапты куралдуу козголоңго айландыруу үчүн өтө күчтүү маалыматтык күрөш жүргүздү. Эми бул куралдуу козголоңчуларды жок кылууну көздөп жатат. Алар куралдуу козголоңчуларды шылтоолоп, карапайым калктын бир бөлүгүн качкынга айлантып чет өлкөлөргө чыгарып жиберген болсо, дагы бир бөлүгүн кырып жиберүүдө. Бирок ошого карабастан, Сирия калкынын ынкылаптык исламий рухун сындыра алышпады. Женевадагы келишимдердин бардыгы ийгиликсиз болду. Т.а. алар Сириядагы исламий мухитти сындырып, мусулмандарды өзү тарапка тарта алышпады.
Алар Шам калкын идеологиялык, ынкылаптык рухун сындыра алышпаган соң, эми бир нече мамлекеттер Сирияны бир нече бөлүктөргө бөлүп алып, ар бири өзүнө караштуу кимселерди аталыкка алуу менен басып алууну көздөп жатышат. Алар бул аймактарда, өздөрү кыйраткан шаар жана айылдарды кайрадан тикелеп берүү менен мусулмандардын ишенимине кирүүгө аракет кылмакчы. Куфр дүйнөсү идеологияга каршы аскерий күч иштетип дагы бир жолу жеңилгендигине күбө болуп турабыз.Ушул күндөрдө Кытай да бул куфр кербенине кошулууну каалай тургандыгын билдирип, Асадды коргоо демилгеси менен чыкты. Бул да жогорудагы пикирибизди кубаттайт. Себеби, Кытай Сирияда ынкылаптык аракеттер башталган учурда ал жерге өтө чоң долбоорлорду баштап, инвестиция жаткырган эң ири мамлекеттердин бири болчу.
Куфр дүйнөсү Сирияны олжо катары бөлүштүрүп алуу жөнүндө пикирлеп жатат. Бирок, алардын бул аракеттери алар үчүн өтө кооптуу абалдарды алып келет. Себеби, куфр дүйнөсү Шам мусулмандарын өтө эле кордоп жиберишти. Алар эми айлакердик кылса да, мурункудай өнөктөш боло алышпайт. Саудия, Түркия, Иран сыяктуу исламий өлкөлөр Исламды жамынуу менен куфрдун бул өлкөдөгү кадамдарын ого бетер бекемдеп берүүгө аракет кылышат. Бирок, эми алардын айла-амалдары натыйжа бериши өтө кыйын. Зулум чектен чыгып барууда. Бул Исламды чүмбөт кылып алган мамлекеттер болсо, зулумдун алдын албастан, тескерисинче залимдер менен кызматташууда. Эми куфр дүйнөсү Шамга чогулса, ал жерде Ислам менен куфр ортосунда чыныгы күрөш башталат. Мына ошондо булардын Афганистандагы жеңилүүсү эч нерсе болбой калат, инша Аллах.