Түркия ШКУ менен алаканы күчөтөт
ШКУнун маалымат кызматы кабарлагандай, июль айында жүз берген аскерий төңкөрүш аракетинен кийин Түркия Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррор түзүмү менен алаканы бекемдөөнү көздөп жатат.
Белгилүү болгондой, 16-июлга караган түнү Түркияда бир топ козголоңчулар аскерий төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Негизги окуялар Анкара жана Стамбулда жүз берген. Акыркы маалыматтарга ылайык, 246 жаран (козголоңчуларды эсепке албаганда) өлүп, 2 миңден көбүрөөк адам жарадар болгон. Козголоң өз убагында бастырылган. Түркия бийлиги бул окуяда Фетхулла Гуленди айыптап, АКШдан аны экстрадиция кылууну талап кылды. Гулен болсо бул козголоңду каралап, ага тиешеси жоктугун билдирген.
ШКУнун Аймактык антитеррор түзүмүнүн өкүлү: “түрк тараптын демилгеси менен Борбордук антитеррор түзүмүнүн аткаруучу комитетинин өкүлү Чжоу Цин жана Түркиянын Өзбекстандагы дипломаты Эржан Озтен ортосундагы жолугушууда Түркиядагы 15-16-июль окуялары талкууланды”, — деп билдирди. Түрк дипломаты Түркия жетекчилигинин аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берген.
Озтендин айтымында “бул иштер тышкарыдан мамлекеттик төңкөрүш аракети болуп көрүнсө да, Түркия бийлиги аны расмий террорчулук аракет катары карап чыгууда, себеби, козголоңчулар карапайым жарандарга, президент сарайына, парламент имаратына, мамлекеттик мекемелерге о.э. телекомпанияларга жана башка стратегиялык обьекттерге чабуул кылышкан”.
Түркиялык дипломат Анкаранын террорчулукка каршы күрөштө бардык мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен о.э. ШКУнун Аймактык антитеррор түзүмү менен да кызматташтыкты күчөтүүнү каалаган позициясын тастыктады.