Тунис менен Иордания Израилден өрнөк алышты

330
0

Баскынчы яхудий вужуду Куддуста Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө тыюу салууга аракет кыла баштагандан кийин Тунис башкы прокуратурасынын маалымат катчысы Суфян Салита Тунисте Хизб ут-Тахрирге тыюу салынгандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу Анадолу маалымат агенттиги кабарлады.

Суфян Салитанын журналисттерге билдиришинче, Хизб ут-Тахрир уюмунун ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен бир айга тыюу салынган. Салитанын айтымында, Хизб ут-Тахрир уюму партиялар жана коомдор туурасындагы мыйзамды бузгандыгы үчүн сот тарабынан ушундай чечим кабыл алынган.

Хизб ут-Тахрирдин басма сөз кызматынын расмий өкүлү Мухаммад Ясиндин билдиришинче, соттун чечими чыгары менен ички иштер министрлигине караштуу полициячылар Хизб ут-Тахрир уюмуна карата баскынчылык аракетин баштап жиберишкен. Алар уюмдун борбордук офистерине келишип, байрактарды жана лозунгдарды жок кылышкан о.э. офиске да зыян жеткиришкен.

Иордания Израилден өрнөк алууда Тунистен бир нече күн артта калды. Тунистин артынан Иордания өкмөтү да Хизб ут-Тахрирге тыюу салгандыгын жарыя кылды. Иордания Ички иштер министрлиги жана коопсуздук күчтөрү Хизб ут-Тахрирдин акциялары, жүрүштөрү жана конференцияларына тыюу салынгандыгын жарыя кылды. Бул токтомдон келип чыгып, Хизб ут-Тахрир тарабынан “Аллахтын нурун эч качан өчүрө алышпайт” деген кампаниянын алкагында уюштурулган бардык демонстрация жана жүрүштөргө тыюу салынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here