Россиялык депутат: Инжирлик Россияга да ачылышы мүмкүн

279
0

Россиялык депутат: Инжирлик Россияга да ачылышы мүмкүн

Россия аба күчтөрү Сириядагы аскерий операцияларда Түркиянын Инжирлик авиа базасынан пайдаланууга көз артып жатат. Түркия бийлиги буга уруксат бериши мүмкүн. Бул тууралуу Федерациялык Кеңештин эл аралык комитетинин мүчөсү Игорь Морозов билдирди.

Игорь Морозовдун айтымында, Россия учактарын Инжирлик авиа базасына жайгаштырууга уруксат берилиши Эрдоган Москва-Анкара алакаларын өнүктүрүү үчүн таштап жаткан кадамдардын уландысы болот.

Игорь Морозов “Риа Новости” агенттигине берген интервьюсунда: “Инжирлик авиа базасынан негизги база катары пайдаланышыбыз Эрдоган менен түзүлүүчү келишимге карап турат”, “Россия аба күчтөрүнүн антитеррор операциялары үчүн Түркиянын Инжирлик авиа базасынан пайдаланууга уруксат берилиши мүмкүн. Бул нерсе Түркия президенти Россия тарапка таштай турган кадамдардын уландысы катары кабыл алынат”, — деди.

Федерациялык Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Виктор Озеров да Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Россия президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербурда сүйлөшкөндөн кийин ушундай чечим кабыл алышы мүмкүн экендигин билдирди.

Озеров Эрдогандын Түркия Сирияда “терроризм”ге каршы күрөш жаатында Россия менен кызматташууга даяр экендиги туурасында айткан сөздөрүн эскертип “Россия Инжирлик авиа базасына муктаж болбошу мүмкүн, бирок, бул чечим терроризмге каршы күрөштө Россия менен кызматташууга даяр экендиги куру сөз эместигин далилдейт”, — деди.

Британиянын Таймс гезити Россия Инжирлик авиа базасынан пайдалануу үчүн Түркияга басым өткөрүп жаткандыгын билдирди. Гезит жогорудагы Игорь Морозов жана Виктор Озеровдордун билдирүүлөрүн буга далил катары келтирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here