Бинали Йылдырым: Сириядагы өткөөл мезгил жараянында Асаддын орду болушу мүмкүн
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Стамбулда чет өлкөлүк ЖМКлардын жана чет тилде кабар таратуучу жергиликтүү ЖМКлардын өкүлдөрүн кабыл алды. Жыйын 2 саатка созулду. Йылдырым жыйында Сирия өткөөл мезгил жараянында президент Башар Асаддын да орду болушу мүмкүн экендигин, бирок мамлекеттин келечегинде болсо анын орду болбостугун билдирди.
Рейтерс жана Франс-Пресс маалымат агенттиктери тараткан кабарларда Түркия премьер-министри Бинали Йылдырымдын төмөнкү сөздөрү келет:
— Америка Кошмо Штаттарынан Гүленди экстрадиция кылуу жараянын тездетүүнү талап кылдык.
— АКШ биздин душманыбыз эмес, тескерисинче стратегиялык өнөктөшүбүз.
— Түркия алдыдагы 6 айдын ичинде Сирия маселесинде дагы да активдүү рол ойнойт.
— Сириянын этникалык негизде бөлүнүп кетишине жол бербейбиз. Бул нерсе Түркия үчүн өтө маанилүү.
— Асаддын өткөөл мезгил жараянында орду болушу мүмкүн, бирок мамлекеттин келечегинде болсо анын эч кандай орду жок.
— Иран, Булуң мамлекеттери, АКШ жана Россия мамлекеттери Сирия маселесине чечим табуу үчүн кызматташуусу мүмкүн.
Түркия премьер-министринин орин басары Нуриддин Чаникли да келечекте Түркия-Сирия алакасы өнүгө тургандыгын билдирди.
Чаниклинин айтымында, жакынкы күндөрдө Түркия менен Сирия ортосундагы экономикалык алакаларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот о.э. бул нерсе Сирия калкы жана өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылат.
Туркистон:
АКШ башчылык кылып жаткан дүйнөлүк куфр системасы Россия, Иран, Түркия, Саудия сыяктуу мамлекеттер менен жашыруун келишим астында аракет кылып жатат. Бул мамлекеттер Сирия аймагындагы карапайым калкты жана башка согушкер күчтөрдү бомбалоодо да АКШ сызып берген карта боюнча аракеттенип жатышат.
Максаттары да бир. Т.а. “Шамда болуп жаткан, мабдаъий, ынкылаптык, идеологиялык багыттты жок кылуу”. Куфр системасы ынкылапты куралдуу козголоңго айландыруу үчүн өтө күчтүү маалыматтык күрөш жүргүздү. Эми бул куралдуу козголоңчуларды жок кылууну көздөп жатат. Алар куралдуу козголоңчуларды шылтоолоп, карапайым калктын бир бөлүгүн качкынга айлантып чет өлкөлөргө чыгарып жиберген болсо, дагы бир бөлүгүн кырып жиберүүдө. Бирок ошого карабастан, Сирия калкынын ынкылаптык исламий рухун сындыра алышпады. Женевадагы келишимдердин бардыгы ийгиликсиз болду. Т.а. алар Сириядагы исламий мухитти сындырып, мусулмандарды өзү тарапка тарта алышпады.
Алар Шам калкын идеологиялык, ынкылаптык рухун сындыра алышпаган соң, эми бир нече мамлекеттер Сирияны бир нече бөлүктөргө бөлүп алып, ар бири өзүнө караштуу кимселерди аталыкка алуу менен басып алууну көздөп жатышат. Алар бул аймактарда, өздөрү кыйраткан шаар жана айылдарды кайрадан тикелеп берүү менен мусулмандардын ишенимине кирүүгө аракет кылмакчы. Куфр дүйнөсү идеологияга каршы аскерий күч иштетип дагы бир жолу жеңилгендигине күбө болуп турабыз.
Ушул күндөрдө Кытай да бул куфр кербенине кошулууну каалай тургандыгын билдирип, Асадды коргоо демилгеси менен чыкты. Бул да жогорудагы пикирибизди кубаттайт. Себеби, Кытай Сирияда ынкылаптык аракеттер башталган учурда ал жерге өтө чоң долбоорлорду баштап, инвестиция жаткарыган эң ири мамлекеттердин бири болчу.
Куфр дүйнөсү Сирияны олжо катары бөлүштүрүп алуу жөнүндө пикирлеп жатат. Бирок, алардын бул аракеттери алар үчүн өтө кооптуу абалдарды алып келет. Себеби, куфр дүйнөсү Шам мусулмандарын өтө эле кордоп жиберишти. Алар эми айлакердик кылса да, мурункудай өнөктөш боло алышпайт. Саудия, Түркия, Иран сыяктуу исламий өлкөлөр Исламды жамынуу менен куфрдун бул өлкөдөгү кадамдарын ого бетер бекемдеп берүүгө аракет кылышат. Бирок, эми алардын айла-амалдары натыйжа бериши өтө кыйын. Зулум чектен чыгып барууда. Бул Исламды чүмбөт кылып алган мамлекеттер болсо, зулумдун алдын албастан, тескерисинче залимдер менен кызматташууда. Эми куфр дүйнөсү Шамга чогулса, ал жерде Ислам менен куфр ортосунда чыныгы күрөш башталат. Буга салыштырганда Афганистандагы жеңилүүсү эч нерсе болбой калат, инша Аллах.