Тажикстанда жоолук оронгон аялдар каттоого алынууда
Калкынын 97 пайызы мусулмандардан турган Тажикстанда Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы күрөш күндөн-күнгө күчөп барууда.
Эмомали Рахмон 2010-жылы Улуттук универститеттин студенттери менен жолугушуусу учурунда борбордун көчөлөрүнөн хижаб кийген аялдар менен кыздарды көп жолуктура баштаганын айтып, буга жол берүүгө болбостугун билдирген болсо, 2015-жылдын күзүндө Куляб шаарынын кыздарын хижаб кийгени үчүн сындаган эле.
Президенттин бул сөзүнөн кийин базарларда рейддер өткөрүлүп хижаб сатпоо талап кылынды. Талапка моюн сунбаган ишкерлердин товарлары конфискацияланып, өздөрүнө ири өлчөмдөгү штрафтар салынды. Мамлекеттик телеканалдарда хижабдуу аялдарды жаманатты кылуу кампаниясы башталып, сойкулук менен алектенген кыздар араб кийимдери менен көбүрөөк кардарларды тартышы жөнүндөгү материалдар эфирге чыга баштады.
Муслима аялдарды “араб маданиятынан” коргомокчу болгон расмий бийлик бүгүнкү күнгө келип жоолук оронгон аялдарды каттоого ала баштады.
Согди облусуна караштуу Хужанд шаарынын ИИБ башчысы Эмин Жалоловдун билдиришинче, жоолук оронгон 643 кыз-келин каттоого алынган.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү жыл башынан бери базар жана соода күркөлөрүндө 40тан ашуун рейд өткөрүп, бул рейддер учурунда жоолук оронуп жүргөн 643 кыз-келин атайын каттоого алынган. Жалоловдун билдиришинче, каттоого алынган аялдардын көпчүлүгү базарда соода кылышат.
Бийликтин кысымдарына карабастан Душанбеде жана Согди облусу сыяктуу түндүк аймактарда хижабга болгон умтулуу күчөй баштады. Бул аймактарда хижаб менен жүрүүнү абзел көргөн аялдардын саны мурункуга караганда бир топко көбөйгөн. Башка аймактарда да жоолук оронгондор көбөйүп барууда. Тажик өкмөтүнө караштуу аялдар комитети жүргүзгөн иликтөөлөр боюнча, хижаб кийген аялдардын көпчүлүгү хижабга диний милдет т.а. шаръий өкүм катары карашат.
Ислам жана мусулмандарга каршы ушунчалык аракеттерге карабастан, коомдо исламий көрүнүш жана исламий баалуулуктар кеңири жайылып жатат. Бул болсо, Эмомали Рахмон башчылыгындагы тажик бийлигин мындан да катуураак чараларды колдонууга үндөп жатат.