Кытай Шинжаңда кеңири масштабдуу антитеррор машыгууларын өткөрдү

315
0

Кытай Шинжаңда кеңири масштабдуу антитеррор машыгууларын өткөрдү

 Баскынчы Кытай өкмөтү мусулман уйгурларды Ислам дининен алыстатуу максатында бул регионду күчтүү басым жана көзөмөл астында кармап келет. Мусулмандардын рухун сындырып , баш көтөрүшүнө жол бербестик үчүн ар түрдүү жасалма террордук операцияларды уюштуруп, “бул иштин артында эгемендүүлүк үчүн күрөшүп  жаткан түрдүү уюмдар турат” деген шылтоо менен мусулмандарды куугунтуктап, аларды узак мөөнөттү камак жазасына же өлүм жазасына тартып келет.

 Жергиликтүү укук коргоо органдары билдиришинче, акыркы кездерде ушул райондо 32 жашыруун уюм аныкталып, алардын 380 мүчөсү камакка алынган. Булардан 315 адам өлүм жазасына, ал эми калгандары болсо узак мөөнөттүү камак жазасына өкүм кылынышкан.

 Кечээ күнү расмий өкмөт Шинжаңда дагы бир кеңири масштабдуу антитеррор иш-чарасын өткөрдү.

Бул тууралуу Кытай коргоо министрлиги кабарлады. Машыгуулар 11-15-август күндөрү Кашкар, Хотан жана Ак-Суу шаарларында өткөрүлүп, анда Кытай Элдик куралдуу милициянын 3 миңден ашуун кызматкери катышкан. Машыгууда вертолёттор, учкучсуз башкарылуучу аппараттар жана башка аскерий техникалар колдонулган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here