Камакка алынган мигранттардын тизмеси алдын ала даярдалганы белгилүү болду

284
0

Орто Азиядан келип Түркиядан баш баанек тапкан мигранттарды массалык түрдө камакка алуу жана Түркиядан депортация кылуу операциясы уланууда. Жүздөгөн Орто Азиялык мигранттарды камакка алуу операциясы учурунда 164 адамдан турган мигранттар тизмеси төңкөрүш аракетинен 3 күн мурда т.а. 12-июлда даярдап коюлгандыгы белгилүү болду.

15-июлдагы төңкөрүш аракетинен 3 күн мурда даярдап коюлган тизменин биринчи бөлүгүндө 164 мигранттын аты-жөнү жазылган. Бул тизме 12-июлда “Миграция” мекемеси тарабынан даярдалып, коопсуздук мекемесине тапшырылгандыгы айтылууда.

Кармалган жана тергөө жараяны аяктаган эки өзбек мигрант биринчи кезекте депортация кылынды. Алынган кабарларга ылайык, Өзбекстанга депортация кылынган мигрант Ахмадулла Cаидуллаевди самолёттон түшөрү менен Өзбекстан коопсуздук кызматкерлери камакка алышкан. Түркиядан депортация кылынган өзбек аял Камалахон Таирова да коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө кылынгандан кийин камакка алынгандыгы жана ал жерде комага түшүп калганы айтылууда.

Стамбулда мигранттарды камакка алуу операциясы башталгандан кийин Өзбекстандын коопсуздук кызматкерлери да өз өлкөсүндө аракетти башташты. Т.а. алар да Стамбулда кармалган мигранттардын Өзбекстандагы үйлөрүнө барып, алардын жакындарын тергөөгө чакыра башташты.

Туркистон:

Эгерде мусулмандар Эрдогандын ниети бузулгандыгын мурдараак билишкенде, балким аскерий кагылышты өз абалына таштап коёр беле? Себеби, алар Эрдогандын режимин колдошподу. Тескерисинче, бул өлкөдө мусулмандарга мамиле жакшыраак болгондуктан, Ислам жана мусулмандарга катуу зулум кылган мурунку аскерий режимдин кайтып келишин каалабагандыктан көчөгө чыгышты жана аскерлерге көкүрөгүн тосуп, курмандык берип болсо да төңкөрүштү токтотуп калышты.

Эрдоган болсо ошол күндөн баштап, алдын ала даярдап коюлган тизмелер менен миңдеген мусулмандарды жазалай баштады. Биринчи сапарын Россияга уюштуруп, Путинди ыраазы кылуу үчүн жүздөгөн Орто Азиялык мигранттарды камакка алды. Акыйкатта болсо, Путин Түркияны мусулман качкындарга толтуруп жиберген эле. Путин Сирияда мусулмандарды бүгүнкү күндө да кыргын кылып жатат.

Эрдоган куфр уюштурган аскерий төңкөрүш аракети үчүн мусулмандарды жазалап жатат. Ал куфрду ачык колдоп-кубаттай баштады. Каримовго параллел багыт менен жүрүп, ал тургай куфр мамлекеттери да кылбаган жамандыкты ишке ашырды. Т.а. өзбек режиминен качып, баш баанек сурап барган мигрантты бир да мамлекет артка кайтарган эмес.

Эй боордоштор, дүйнөлүк куфр системасынын ниети бузулду. Т.а. алардын ниети илгертеден бузук эле. Бирок, эми алар адам укуктарын сактоодон да баш тартып жатышат. Алар Эрдоганга басым өткөрүүдөн баш тартышты. Учурунда мусулмандарды массалык түрдө кыргын кылганы үчүн Саддамга, Каримовго, Милошевичке жана Асадга эч кандай басым өткөрбөгөндөй эле, Эрдоганга да эч кандай басым өткөрүшпөйт. Алар өз кызыкчылыктарына тескери иш кылып койгон учурда гана бул жырткыч диктаторлорду алмаштырышат же өлтүрүшөт. Ошондуктан, биз мусулмандар куфр системасынын ырайымын күтүп отурбастан баш көтөрүшүбүз керек. Тынчтык аракеттерибиз менен танктарга каршы туруп бергенибиз сыяктуу эле, Эрдогандын репрессиясына да чек коюшубуз керек. Себеби, залимдин ким экени, ага болгон мамилени өзгөртпөйт. Мусулмандар залимдерден кутулуу үчүн өмүрүн коркунучка коюп, учурдагы бийликти сактап калган эле. Эми ушул бийликтин өзү залим болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here