Түркияда 450 дөн ашуун мигрант кармалды

319
0

Түркияда 450 дөн ашуун мигрант кармалды

Түркиянын бир нече шаарларында, айрыкча Стамбулда 29-июлда башталган камакка алуу операциясында 450дөн ашуун Борбор Азиялык мигрант кармалган. Бул тууралуу “İslami Gençlik” (Исламий жаштар) кыймылы билдирди. Кармалгандардын көпчүлүгү өзбектерден турат. Алардын арасында тажик, кыргыз улутундагы мигранттар о.э. чыгыш түркстандык жана кавказдыктар да бар. Кыймылдын билдиришинче, мигранттардын депортация кылынышы күтүлүүдө.

Бул мигранттар өз өлкөсүндө куугунтук жана кысым көрсөтүүлөр себептүү Түркияга келишкен. Өкмөттүн Борбор Азия, Кавказ жана Түркстандык мигранттарга карата мындай саясаты Россияга жакындашуу аракети катары бааланууда. Эгерде бул мигранттар өз өлкөсүнө кайтарылышса, анда алардын көпчүлүгүн өлүм же оор кыйноолор күтүп тургандыгы айтылууда.

“Исламий жаштар” кыймылынын билдирүүсүндө айтылышынча, 15-июлда Түркияда төңкөрүш аракети болгон түнү өзбек, казак, тажик, кыргыз о.э. түркстандык жана кавказдык мигранттар көчөлөргө чыгып, танктардын астында тик турушкан. Алардын бул аракеттери адамдар арасында күндүн негизги темасына айланган.

“Исламий жаштар” кыймылы тараткан билдирүүдө: “Түркия 15-июлда төңкөрүш аракетине дуушар болгондо алгачкы түнү эч нерсеге карабастан, төңкөрүшкө каршы туруу үчүн көчөлөргө чыктык. Бир нече мамлекеттик кызматкерлер үйлөрүнөн тышкары чыгууга батына албай турган бир учурда, биз жаныбызда өзбек, тажик, кыргыз о.э. түркстандык жана кавказдык мусулман боордошторубузду көрдүк. Бирок ошондой болушуна карабастан, төңкөрүш коркунучу жоюлгандан кийин, хунтачылардын жолуна тоскоолдук кылган боордошторубузга 29-июлдан бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө мамиле кылынууда. 29-июлдан баштап алардын үйлөрүнө рейддер уюштурулуп жатат. Көпчүлүгү өзбектерден турган казак, тажик, кыргыз жана түркстандык о.э. кавказдык болуп, 450дөн ашуун боордошубуз камакка алынышты. Алардын арасында аялдар жана жаш балдар да бар. Камакка алынгандардын арасында 15 күндүк тажик бөбөк да, 80 жаштагы өзбек эне да бар. Мындан да жаманы, эгерде алар өлкөсүнө кайтарылышса, алардын көпчүлүгүн Россия жана Кытайда өлүм күтүп турат”, — деп айтылат.

Туркистон: 

Түрк бийлиги бир ок менен бир нече коён атып алууну көздөп жатат. Бул долбоорду ал аскерий төңкөрүш аракетинен мурда пландаштырган.

Эрдоган өкмөтү ийгиликсиз аяктаган аскерий төңкөрүштөн пайдаланып, алгач атаандашы Гулендин тарапкерлерине катуу сокку берди. Андан соң, аскерийлерди тазалоо иштерин баштады. Интеллигенттер катмарын, сот жана юристтер катмарын да тазалап алмакчы болуп, жүздөгөн адистерди кызматтан алып, камакка алды. Эми кезек мигранттарга келди.

Бирок, Эрдогандын аракеттери өз калкына каршы багытталган. Акыйкатта болсо, ал Англияга качып барып отурган кезде, мына ушул калк көчөгө чыгып, жан берүү менен козголоңчуларды кууп чыккан эле. Элдин арасында мигранттар да болгон.

Эрдоган төңкөрүштүн тамыры чет өлкөлөргө барып такалып жатканын бир нече жолу айтып өттү. Бирок, ал негедир өз жарандарына зулум кылууну улантып жатат. Жакында Эрдоган өзү уюштурган демонстрацияда ошол түнү өлгөн адамдарды эскерип, аларды “демократия шейиттери” деп атады. Демек, Эрдоган калк аны коргоо үчүн эмес, исламий мухитти Ислам душмандарынан коргоо үчүн жан бергендигин билет.

Түркиядагы исламий мухиттин бир аз туруктуу болушу, ал жерге бүт дүйнөдөгү мазлум мусулмандарды тартып барган эле. Бул мухитти Эрдоган пайда кылды десек болот. Бирок, Эрдоган бул аракеттери менен Ислам жана мусулмандардын жыргалчылыгын эмес, тескерисинче, өзүнүн рейтингин көтөрүүнү көздөгөн. Эрдоган дүйнөлүк исламий жетекчи болуп көрүнмөкчү эле. Ал дүйнөлүк демократиялык куфр системасынын бир бөлүгү болгон. Бүт дүйнөдөгү маалымат каражаттары козголоң исламий негизде башкарылып барганын жашырууга аракет кылып жатышат. Эрдоган болсо мусулмандарга капа экендигин жашыра албай жатат. Демократияда шейит түшүнүгү жок. Тескерисинче, демократия ошол шейит деген сыяктуу түшүнүктөрдү жок кылуу үчүн ойлоп табылган система.

Эрдоган Путин менен жакындашты. Ислам жана мусулмандарга душмандыгы жана таарынычы себептүү, өзүнүн демократ жана куфр системасынын тарапкери экенин ачыкка чыгара баштады. Мигранттарды кабыл алуудан көздөгөн максаты болсо, Ислам дүйнөсүндө мусулмандардын ишенимине ээ болуу жана аброй табуу эле. Козголоңдон кийин негедир өзгөрүп, мусулмандарды куугунтуктоо жөнүндө пикирлей баштады.

Аныгыраагы, куфр системасы Эрдоган үчүн жаңы образ ойлоп таап бермекчи. Түрк калкынын куфр козголоңуна каршы туруп берүүдөгү исламий туйгулары, бүт куфр системасынын тынчын алып койду. Эрдоган бул аламанды башкара алуучу же жетектеп кетүүчү күчтүү фигура эместиги да айкын болуп калды. Эми ал дүйнөлүк исламий жетекчи образын таштап коё тургандай болуп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here