Назарбаев бирдиктүү түрк мамлекетин куруу идеясын көтөрүп чыгууда

320
0

  Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Россия жетекчилигинде түзүлгөн ЕАЭБден көңүлү калган окшойт. Ошол себептен да Назарбаев Бирдиктүү түрк мамлекетин куруу идеясын көтөрүп чыга баштады. Эгерде анын бул идеясы ишке аша турган болсо, ал тарыхта түрк дүйнөсүнүн улуу аксакалы болуп калат.

 Назарбаев бул идеяны Түркияга болгон расмий сапарында Эрдоган менен жолугушуусу учурунда билдирди. Анын айтымында, бардык түрк элдеринин мекени Казакстан болуп, Россия жана мурдагы СССР казактардын колониясы болгон.

 Назарбаев бул идеясын 2012-жылы Стамбулда болуп өткөн казак-түрк бизнес-форумунда биринчи жолу ачыктаган эле.

 Форумда сөзгө чыккан Назарбаев: “Биз түрктөрдүн жалпы мекенинде жашайбыз. 1861-жылы казактардын акыркы ханы өлтүрүлгөндөн кийин биз алгач Россиянын, андан кийин СССРдин колониясына айландык. Бул өткөн 150 жылда казактар улуттук каада-салт, үрп-адаттарынан, тили жана дининен айрылып кала жаздады. Жараткандын жардамы менен 1991-жылы көз карандысыздыкты жарыя кылдык. Силердин ата-бабаларыңар өздөрүнүн байыркы мекенин таштап кетишкен болсо да, түрк эли деген атты сактап калышкан. Ошондуктан да түрктөр азыркыга чейин жакшы жигиттерди “казак” дешет. Мына ошол “казактар” биз болобуз”, — деген эле.

 О.э.: “Ататүрк айткандай: Бир күн келип түрк элдери биригет”. Ошондуктан да мен түрк тилинде сүйлөшүүчү боордошторума куттуктоо саламын айтамын. Алтай жана Жер Ортолук деңизинин ортосунда 200 миллионго жакын боордошторубуз жашайт. Эгерде баарыбыз бириге турган болсок, дүйнөдө өтө чоң  жана таасирдүү күчкө айланабыз”,- деген эле.

 Назарбаевдин демилгеси менен көп иштер кылынды. Мисалы, ТҮРКСОЙ деген аталыштагы маданий уюм, Казакстан президентинин сунушу менен түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңеши түзүлдү, Бакуда түрк мамлекеттери парламенттеринин Ассамблеясы, Астанада болсо Түрк акдемиясы ишин баштады.

Туркистон: 

20-кылымдын аягы жана 21-кылымдын башында Орто Азия жана Казакстан мамлекеттери биригип, Түркстан деген аталыш менен Европа Союзу сыяктуу уюм түзүүгө аракет кыла башташкан эле. Ошол кезде да бул уюмдун ийгиликке жетишине Назарбаев менен Каримовдун жетекчилик талашуусу тоскоолдук кылган эле. Бүгүнкү күндө да кудум ушундай.

Жакында ШКУнун Ташкенттеги саммитинде Россия Каримовду Орто Азиядагы жетекчи стратегиялык өнөктөшү катары көрсөтүп, аны регион лидери деп жарыя кылган эле.

Эми Түркия Назарбаевди кудум ушул орунга т.а. Орто Азия лидерлигине сүрөй баштады. Бул карама-каршылык кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүн?

Россия Украинанын бир бөлүгүн басып алгандан кийин Назарбаев Россиядан кооптоно баштады. Азыр ал ар тараптан өнөктөш жана коргоочу күч  издеп жатат. Россия менен Өзбекстандын жакындашып бара жатканы Назарбаевди дагы да көбүрөөк кабатыр кылууда.

Назарбаев көтөрүп жаткан эл аралык уюм түзүлүшү мүмкүн. Бирок, ал турмушта иштеп кетиши жана таасирдүү уюм болуп калыптанышы үчүн аны АКШ сыяктуу эл аралык саясатта таасири бар мамлекет башкарышы керек болот. Себеби, Борбор Азия мамлекеттеринин ар бири, же уюшкан күндө да, ушул дүйнөлүк система ичинде, анын идеологиясы негизинде иш алып барышат. Алардын жаңы бир идеологиясы жана андан келип чыккан мабдасы жок.

Демек, Борбор Азияны бириктирүү маселеси эки максат үчүн көтөрүлгөн болушу мүмкүн.

  • Дүйнөлүк система Борбор Азияны Россиянын кол астынан бүтүндөй тартып алып, аны жаңыча башкаруу системасына алып чыгат. Т.а. Европа Союзу сыяктуу бир борбордон туруп, бардык мамлекеттер үчүн чечим кабыл ала турган союздук башкаруу системасын калыптандырышат жана аны өз колунда кармап турушат. Бардык мүчө мамлекеттерди бул борборго моюн сунууга мажбурлашат. Каалаган учурда аны таркатып жибере алышат.
  • Бул биригүү туурасындагы маалыматтык жүрүштү күчөтө беришет. Бул нерсе бир катар мамлекеттер ортосунда кырдаалды курчутуп берет. Жетекчи мамлекеттер болсо кырдаалдан пайдаланып, бул мамлекеттер ортосундагы инфраструктураларды жана башка алакаларды тартипке салуучу ортомчуларга айланышат. Мындан тышкары, бул абал аларга кырдаалга карай дагы башка бир катар ыпылас согуштар, улуттар аралык жаңжал, этникалык проблемалар, чегарадагы келишпестиктер сыяктуу проблемаларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here