Путин Европа менен АКШны Украинага кысым өткөрүүгө чакырды

242
0

 РИА “Новости” кабарлашынча, президент Владимир Путин Крымда болуп өткөн теракттарды алдын алуу иштерине түшүндүрмө берип,  Европа менен АКШ Украина жетекчилигине кысым өткөрүү үчүн чечкиндүү кадамдарга барышы керектигин айтты.

 “Менимче, баарына маалым, бүгүнкү Украина лидерлери маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү ыкмасын колдонбой, тескерисинче террордук жолду тандап атат. Бул абдан кабатырга сала турган абал”,- деди Путин.

Буга чейин, 10-августта Путин Крымда терракттарды ишке ашырууга аракет кылынганын билдирген. Кандуу окуяда, эки россиялык аскердин өлтүрүлүшү этибарсыз калбашына убада берген.

Эскерте кетсек, 10-августта Россия Федералдык коопсуздук кызматы Крымда Украина коргоо министрлиги разведка башкармалыгы тарабынан даярдалган терракттардын алдын алганын маалымдаган. Айтылышынча, “жарым аралдагы имараттар жана аймактагы негизги камсыздоочу элементтер” бутага алынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here