Франция ички иштер министрлиги берген кабарга ылайык, 2016-жылдын 14-июль түнү жүк машинаны айдаган адам, майрамга чогулган адамдарга курал менен кол салган. Натыйжада, 84 киши мерт кетип, 121 адам жаракат алган, айрымдары оор абалда. Бул кол салуу 2015-жылдын 13-ноябрында Парижде жана бир катар жерде ишке ашырылган кол салуулардан кийинки, эң кандуу окуя болуп калды. 13-ноябрь окуясында 130 киши мерт кеткен эле. ИГИШ уюму Париждеги кол салууну мойнуна алгандай эле, Ница окуясын да мойнуна алды.
Франция ички иштер министри Бернар Казнев «Францияда террор коркунучу сакталып калууда, биз аны менен согуш абалындабыз»,- деди. Франция президенти Франсуа Олланд «Мамлекет түштүгүндөгү Ница шаарында ишке ашырылган жүк машина менен болгон «террористтик актыны» четке кагууга болбой турганын айтып, бүткүл Франция «исламий терроризм коркунучунда калганын» билдирди. Ал мамлекеттеги өзгөчө кырдаалды үч айга узартууну, он миң аскердин ишке салынышын, Франция кошуундарынын резервдеги күчтөрүн да Ница шаарындагы кол салууга каршы пландын бөлүгү катары күрөшкө чакырганын жарыялады. О.э Франциянын «Сирия жана Иракка карата аскерий аралашуусун күчөтүүнү» белгиледи. Британия өкмөтү Ница шаары башынан өткөргөн мындай дахшаттуу кол салуу каршысында «шок» абалда экенин билдирди.
АКШ президенти Обама да кол салууну каралап, тергөөнүн уланышында Францияга керектүү бардык жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди: «Америка калкы атынан, мен өзүмдүн ишенимдүү сөздөрүм менен Франциянын Ница шаарындагы террорчулук, деп айтылып жаткан ондогон бейкүнөө жарандардын өлүмүнө алып келген дахшаттуу кол салууну каралаймын». Айрыкча, АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун сөздөрү көңүлдү бурду. Ал Америка-Европа разведка агенттиктери ортосундагы кемчиликтен кабатырда экенин билдирип, «Европадагы көйгөйлөрдүн бири» ушул эле материктин «жетиштүү маалымат алмашпай жаткан» эски мамлекеттери экенин билдирди. Россия президенти Ницадагы террордук чабуулдун курмандыктарына көңүл айтып, иш аракеттерди бириктирүүгө чакырды.
Демек, Америка менен Россия Сирия маселесинде өз ара күчтөрүн бириктирип, Франция күчүнүн да кошулушун талап кылууда. Маселен, АКШ жетекчилери Брюсселдеги жардырууда кудум ушундай баяндама бергенине күбө болгонбуз. 2016-жылдын 24-мартында АКШ коргоо министри Эштон Картер мындай деген: «Мен ушуга ишенем, Брюсселдеги кол салуулар, көпчүлүк европалыктарга ИГИШ уюмуна каршы күрөштө – бул кырдаалда АКШ кылганы сыяктуу – иш аракеттерди тездетиши зарыл… Бул иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгы туурасында күмөн санап жаткан Европадагылар үчүн бир эскертме».
Бирок Франция өзүнүкүнөн башка тилде т.а Сирия жана Ирактагы таасирин күчөтүү тууралуу сайрап жатат. Америка жана Россия менен эмес, өз алдынча аракет кылууну каалап жатат. 2016-жылы 9-июнда Франция коргоо министрлиги Сирия түндүгүнө атайын күчтөрүн жибергенин тастыктады жана бул ишти Сириядагы демократиялык малай күчтөргө кеңеш берип жатканы менен актады. Бул мамлекет мээлүүн деп аталган козголоңчуларды колдоп-кубаттап, алардын аймактык башкарууулары үчүн жардамдарды көрсөтүүдө. Франция аймакта болуп жаткан мээлүүн каршылыкка, айрыкча, Американын өзү кылып жаткан каршылыктан нааразы болгон козголоңчуларга таасир өткөрүү максатында алардын конференцияларын өткөрүп берүүдө. АКШ бул козголоңчуларга серт мамиле кылып, тогут Башар Асаддын режими менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аларды мажбурлап жатат. А түгүл Асаддын тагдыры тууралуу сүйлөөлөрүнө тыюу салууда. Ушул себептен, бул тайпадагы козголоңчулар Францияда эркин дем алып, бул жерде кандайдыр бир кадыр-баркка ээбиз деп ойлоп жатат!
Буга окшогон террорчулук деп жар салынган кол салууларда, мамлекеттеги чалгындоо кызматынын колу бар экени, мындан өздөрүнүн саясий максаттарын ишке ашыруу көздөлгөнү маалым. Мисалы, Америка Сирия козголоңун жок кылууга аракет кылууда. Бул аракеттердин бири, козголоңду – тынч жарандарга каршы иш алып баруучу террорчуларды жетиштирип – кооптуу козголоң кылып көрсөтүү. Бир эле убакта, европалыктардын өзү менен бирге Шам жергесинде анын саясында иш кылууларын каалап жатат. Өзгөчө, азыркы учурда АКШнын башы баткакка тыгылып, дүмбүр орустар, АКШга бекер а түгүл зыянына болсо да кызмат кылып беришти. Ошентип, Сирия маселесинде алардын да башы баткакка тыгылып, өзүн да Американы да куткара албай калды.
Европалыктарга келсек, алар Америка планын аң-сезимдүү түрдө түшүнүп турушат. Алар өз жолун АКШдан ажыралган абалда болушун, жок дегенде, аны менен бир катарда болушун каалап жатат. Америка аларды өзүнүн артынан ээрчүүгө мажбурлап жатат. Алар болсо муну каалабай өз жолдоруна бекем жабышып турат. Ливия, Яман жана Судан түштүгүндө АКШны кыйын абалга салып коюшту. Сирия жана Ирак маселесинде да аны менен келишпестен, өздөрүнүн башын салып, эл аралык коомдун этибарында өзүнчө аракет кылгысы келип турат.
Эми, Ницада жүк машинасы менен адамдарга кол салды деп жар салынган адамга келсек, ал мурунтан кылмышкер болуп, машинани бир ай мурун ижарага алган. Андан мурун да мас абалда бир нече машиналар менен кагылышып кеткен. Демек, бул адам Ислам өкүмдөрүнө амал кылган киши эмес. ИГИШ уюмуна келсек, ал Батышка каршы кылынган бардык жардырууларды өз мойнуна алуу менен, өзүн бардык жерде күчтүү кылып көргөзгүсү келип жатат. Маселен, 2016-жылдын 7-февралында ишке ашырылган Бангладештеги кол салууну да өз мойнуна алган. Бирок бенгал өкмөтү ИГИШтин бул окуяга алакасы жок экенин билдирди.
Чындыгында Батыш мамлекеттери Ислам жана мусулмандарга каршы согуш кылып, мусулмандарды эч себепсиз же өз малайлары аркылуу кырып жаткан болсо да, Батыш калкы муну колдобой жатат. Өздөрүнүн мамлекети башка өлкөлөрдө аскерий аралашуусун каалабай турат. Аларда өз ичинде жашап жаткан мусулмандарга каршы сезим жок. Өкмөттөрү айрым саясаттарын ишке ашыруу үчүн аларды мусулмандарга каршы тукуруп жатат. Бирок, аларда мусулмандарга карата каршы туйгу жок. Жардыруулар, кол салуулар сыяктуу окуялардын бардыгы адамдарда мусулмандарга карата жийиркенүү пайда кылуу кампаниясын дагы да күчөтүү максатында ишке ашырылды. Европа мамлекеттери мындан пайдаланууда. Маселен, Франция президентинин өзү Ница окуясын «исламий терроризм», деп атоо менен бардык мусулмандарга айып ташын ыргытты. Бул Европа мамлекеттеринин исламий жерлерге аралашуусун актоого, бул аралашууга мыйзамдык түс берүүгө каратылган. Анткени бул мамлекеттер ушуну менен адамдарды коргоп жатабыз деп алдашмакчы.
Ислам мусулмандарга буюрган чыныгы туура жол, алар кафир жерлеринде жашап жатканда, же жаран катары, же атайын келишимдердин негизинде жашап жатканда, алар бул келишимге урмат кылышы жана аны бузбашы керек. О.э кафирлерге исламий даъватты жеткирүүлөрү, Ислам буюргандай катуу аракеттеги жана мамилесинде чыныгы мусулмандын атын көөдөлөндүргөн, калктан өзүнүн маселелерине жардам алуу үчүн алардын мээримине жетүүгө аракет кылышы керек. Расулуллах с.а.в:
«الْمُؤْمِنُ مَنْ أمِنَهُ النَّاسُ عَلَى دِمَائِهِمْ وَأمْوَالِهِمْ»
«Адамдар өз жандары жана малдары менен ишенген киши момун», деген сөздөрүн эскериши зарыл.
Бирок исламий жерде болсо, Ислам аларга жашаган жерин Ислам диярына айлантууну, Ислам менен өкүм жүргүзүүнү, амандыктары өз колунда болуп, кафирлерди момундар үстүнөн өкүмдар болушуна жол бербөөгө буюрулган. Бул болсо аларды Аллах түшүрбөгөн мыйзамдар менен башкарып жаткан колонизатор мамлекеттерди дос тутуп жаткан малай өкмөттөрдү оодарып, алардын ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин жарыя кылуу менен ишке ашырылат. Качан ушул мамлекет жарыяланса, Батыш мамлекеттери бизге каршы тил бириктирүүгө жана өлкөлөрүбүздө кордук көрсөтүүгө алы келбей калат. А түгүл, өлкөлөрүбүздөгү мындай мамлекеттердин тааисри жок кылынат.
Асъад Мансур