АКЫЙКАТ КЕРЕКПИ, ОЛУТТУУСУҢБУ? (1)

300
0

بسم الله الرحمن الرحيم

АКЫЙКАТ КЕРЕКПИ, ОЛУТТУУСУҢБУ? (1)

 Акыйкаттар акыл менен табылат, текшерилет. Кимде-ким акылын иштетпей туруп эле акыйкатты билемин десе, ал куру кыялга берилиптир. Кимдин акылы жок болсо же кыска болсо, андай адам акыйкаттарды таба албайт. Акылы болуп туруп аны иштетпеген адам да акыйкаттарды түшүнбөйт. Мисалы: “Жер шары өз огунда ар бир секундда 465,1 м. аралыкка айланат, бир дегенче 500 метрге жакын аралыкты басып өткөн болот” деген акыйкатты акыл иштетпеген адам дароо четке кагып, сизди шылдыӊдап: “самолёттон да тез жүрөбү, мындай тездикте жер бетинде эч нерсе калбайт го, андай болушу мүмкүн эмес….” – деген сөздөрдү айтышы мүмкүн.  Бирок, муну акылдын жардамында текшерип көрсө, “акыл көзү” менен бул акыйкатты көрөт жана тастыктайт т.а. күнгө карата текшерсек, ал саат 13:00дө так төбөдө турган болсо, 24 сааттан кийин дагы кайрадан төбөгө келет, ушул убакыттын ичинде айланасы 40 миӊ км.ден көбүрөөк болгон аралыкты 1674,4км/с. менен басып өткөнүн билебиз. Ошондуктан, акыйкаттарды түшүнүүдө же аны табууда “акыл” негизги шарт.

Алгач өзүбүз жашап жаткан жердин акыйкатын билүүдөн башташыбыз керек. Себеби, анын акыйкатын аныктабай туруп, андагы өз ордубуздун акыйкатын биле албайбыз. Мисалы: бир үйдө жашап жатасыз, ал атаңыздан калган же өзүңүз кургансыз. Демек, ал сиздики. Же бир үйдү сатып алдыңыз, анда да бул үй меники деп айта аласыз жана каалагандай пайдаланасыз. Сизге каршылык кылган адам менен тартышсаңыз албетте утуп чыгасыз. Ал эми сиз жашап жаткан өлкө кимдики? Биздики деп айтуу үчүн хужжат (далил) кана? Түпкүлүгүндө, бүт аалам, ошону менен бирге жер да Аллах Тааланыкы. Бул акыйкатты да шартташканыбыздай, акыл негизинде текшерип чыгабыз: Жер өз огунда айланып турат, туурабы?! Демек, акыл ушул экөө туурасында иштеши керек, ошондо жаркын пикирлөө болот, себеби, жердин мыйзамы да ага байланыштуу нерсе. Эми бул мыйзамдын ээси барбы же жокпу? Бар болсо, Ал жандуубу же жансыз нерсеби? Ээси жок бирер мыйзам болбостугун жана мыйзам өлүктөн да чыкпастыгын акыл аркылуу билебиз. Ар бир мыйзамдын тирүү бир ээси болушу шарт, мыйзамдаштырылган ар кандай нерсе ошол мыйзам негизинде, андан кийин пайда болот. Буга көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Демек, ушул мыйзамдын Ээси тарабынан “жер” жана бүт аалам пайда болгон, Ал Зат болсо Аллах Таала.

Бул нерсе акыл тапкан биринчи акыйкат. Бул акыйкатты акылы бар болуп туруп, аны иштетпеген адам да, акылы жоктор да түшүнбөйт. Мындай адамдар бутпарастыкты, атеизмди же агностицизмди өздөрү үчүн ишеним кылып алышат. Андайлар жашоодо акыйкаттарды биле албай өтө кыйналышат жана өздөрүн ээрчиген адамдарды да адаштырышат. Айрыкча, Марс (агностик ишениминде) Сариевге окшогон эксперт болсо, миңдеген адамдардын башын айландырат. Мисалы, анын устаз Чубак ажыны жана Турсунбай Бакир уулун “АКШнын долбоорун ишке ашырып берүүчүлөр” деген сөзүнө ким ишенет? Эгерде Обама бүт АКШны беремин десе да устаз Чубак ажы жана Турсунбай Бакир уулу ыйманынан т.а. намазынан баш тартпайт го! Мындай доомат менен кандай максатты көздөгөн? Ошондуктан, акылын иштеткен адамды кафир да алдай албайт. Бирок, акылы иштебегендер же акылы кыска адамдар жакшы ниет менен да балээлерди келтириши мүмкүн.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here