Түркия президенти Режеб Таййиб Эрдоган менен Россия президенти Владимир Путин дээрлик 9 айлык тыныгуудан соң бетме-бет жолугушту. Мунун артынан Вашингтон да бул жолугушууга өз мамилесин билдирди. АКШ мамлекеттик департаментинин расмий катчысы Элизабет Трудеау маалымат жыйынында, Түркия менен Россиянын жогорку даражадагы жолугушуусу тууралуу суроолорго жооп берди.
Трудеау журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “(Түркия менен Россия ортосундагы жакындык) биздин Түркия менен болгон мамилебизге шек келтирбейт”,- деп билдирди.
Катчынын ырасташынча, Вашингтонду Түркия менен Россия ортосундагы мамиленин жакындашы эмес, балким Түркияда айрым маалымат каражаттары, абройлуу адамдардын Америка тууралуу берип жаткан билдирүүлөрүнүн натыйжасында Түркия калкынын АКШга карата жийиркенүүсү кабатырга салууда.
Трудеау маалымат жыйынында, Түркиядагы АКШга карата нааразычылык тууралуу суроого: “Түркияда АКШга карата күчөп бараткан нааразылыктардан кабатырдабыз. Бул баяндамалардын пайдасы тиет деп ойлойбуз. Түркияда жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомдор жана өкмөт расмийлери өз баяндамаларында жоопкерчиликтүү болот деген үмүттөбүз. Түркия менен биздин алакаларыбыз жана достук мамилебиз абдан күчтүү. Муну ачык айтып келе жатабыз. Биз Түркия өкмөтүнүн жанындабыз”,- деп жооп берди.