Батыш Путин менен Эрдогандын жолугушуусунан кабатырда
Түркия президенти Режеб Таййиб Эрдогон 9-августта, аскерий төңкөрүштөн кийин алгачкы расмий сапарга чыгат. Бирок, сүйлөшүү НАТОнун союздаштары менен эмес, Россия президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербургда болот. Бул тууралуу Financial Times жазып чыкты.
Ушул учурда, Батыш менен Россия аскерий козголоңдон пайдаланып, мамлекетте тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан Эрдоганды дыкаттык менен күзөтүп турат. Ошондуктан, эки мамлекет жетекчилеринин жолугушуусу геосаясий ролго ээ.
Москва менен Анкара бир катар маселелерди, айрыкча “Батышка сабак берип коюуга үмүт кылып” а түгүл аймактык коопсуздукту камсыз кылуу туурасында жалпы кызыкчылыктарды бириктирүүдө. Мындан тышкары, Түркия ишке ашпай калган аскерий төңкөрүштөн кийин, Россиянын колдоп-кубатташын алкыштады. Бул болсо, Анкаранын Вашингтонго карата карама-каршы көз карашына айкындык киргизет.
“Биздин АКШ менен алакабыз акыркы 50 жылдагы эң татаал кырдаалды башынан өткөрүүдө. Бул болсо, сөзсүз түрдө Россия менен болгон достугубузга жагымдуу жол ачат”,- деп билдирген, Москвада атын жашырууну каалаган түркиялык дипломат.
Бирок, түрк саясатчылары АКШ менен алакаларына чекит коюп, Россия менен союздаш болуу ниетинде эмес экенин билдиришти. Алардын сөздөрүндө, Вашингтон менен Анкаранын мамилеси мындан мурун, азыркыдан да олуттуу мамилеге туш келген. Түркиянын 1974-жылы Кипрге бастырып кириши, 2003-жылы Иракка кол салууда Америка кошуундарына Түркия аймагынан пайдаланууга уруксат бербей коюшу, Саддам Хусейндин башкаруу доорунда ирактык күрттөргө АКШ тарабынан жардам берилиши, мындан тышкары “ИШИД”ге каршы деген шылтоо менен күрттөргө аскерий жардам көрсөтүлүшү ушулардын катарынан.
Бирок, дипломаттар башка нерседен кабатырда. Алардын пикиринде, расмий Анкара Россиядан Сирия маселесинде Батышка басым өткөрүшү мүмкүн. Айрыкча, Түркия Башар Асад режимин сындоосун азайтып, Москванын Асад бийлиги Сирия суверенитетинин кепили, деген пикирин макулдашы ыктымал. Буга жооп катары, Түркия сириялык күрттөргө каршы Москванын колдоп-кубаттоосунан үмүт кылат.