Орто Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен АКШнын мамлекеттик катчысы 3-август күнү Вашингтондо “С5+1” форматындагы саммитке чогулду. Саммитте, АКШ 15 млн. доллар бөлө турган беш долбоор туурасында сөз болду.
Коопсуздукту жакшыртуу, экономикалык жактан көмөктөшүү, экологиялык өзгөрүүлөрдү турукташтыруу боюнча долбоорлор былтыркы жылы ноябрда Самаркандда өткөн саммитте талкууланган.
“C5+1” форматы Орто Азия менен АКШнын өз ара кызыкчылыктарын талкуу кылуу үчүн түзүлгөн майдан.
Төмөндө ушул беш долбоордун тизмесин айтып өтөбүз.
- Глобалдык антитеррордук форумунун аймактык талкуусу (GCTF).Бул форумдун милдети Орто Азияда чет элдик террорчулардын кол салууларына жана зордук-зомбулугуна каршы туруу. Талкууда Орто Азия жана башка мамлекеттерден саясатчылар, эксперттер келип, чет элдик террорчулардын коркунучу, радикалдашуу, согушчандардын кетиши жана кайтып келишине каршы күрөшүү боюнча ыкмалар жана тажрыйбалар туурасында пикир алмашылат.
- Орто Азия бизнесинин атаандаштыгы (CABC).Бул долбоордун милдети Орто Азиядагы ишканалар үчүн экспортту көбөйтүү жана жаңы базарларга чыгууну жеңилдештирүүдөн турат. Долбоор адегенде күчтүү экспорт кылуу мүмкүнчүлүгү бар болгон тармактарга каратылат. Катышуучулар компаниялар менен алардын атаандаштыгын арттыруу жана глобалдык өндүрүш тармагында катышуунун үстүндө иштейт. Алар өкмөттөр жана соода үстүнөн көзөмөл алып баруучу мекемелер менен кызматташып, продукцияны экспорттоону жеңилдетүү саясатын жүргүзөт.
- Транспорт коридорун түзүү (TCD).Бул долбоор, Орто Азия өлкөлөрүнүн чегаралары аркылуу жүргүзүлгөн сооданын чыгымдарын жана убакытты кыскартып, аймак бойлоп транспорт-логистика кызматтарын жакшыртуудан турат. Долбоордун катышуучулары ишканалар, сооданы көзөмөлдөөчү мекемелер жана өкмөттөр менен маанилүү жолдорду белгилеп, соода үчүн бажы тосуктарын аныктоо жана аларды азайтуунун үстүндө иштейт. Мындан тышкары, катышуучулар транспорт жана логистикалык фирмалар менен натыйжасыздыкты азайтуу жана атаандаштыкты көбөйтүү боюнча иштешет. Долбоор ишканалар тармагын кеңейтүү, атаандаштыкты салыштырмалуу талдоо, тажрыйба багыттарын түзүү, аба аркылуу жүк ташуу, муздаткыч транспорту менен ташуу, жүктөрдү консолидация кылуу ыкмалары, логистика борборлорун башкаруу сыяктуу темалар боюнча окутуп, маалымат берет.
- “Келечек энергиясы” (Power the Future).Бул долбоор энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуучуларга жана ортоңку даражадагы кызматкерлерге Орто Азияда кайра жаралуучу энергия булактарынан пайдалануу көлөмүн кеңейтүүгө жардам берет. Долбоор кайра жаралуучу энергия тармагын иштеп чыгарууну тездетүү үчүн техникалык жардам жана эң жакшы эл аралык тажрыйбалар менен алмашууну сунуштайт. АКШ энергетика тармагында стратегиялык пландаштыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынан пайдалануу боюнча окутуп, техникалык жардамдар менен камсыздайт.
- Улуттук жана аймактык ийкемдүү пландаштырууну колдоп кубаттоо.Бул долбоор, экологиялык өзгөрүү кыйынчылыктарына ийкемдүү пландарды түзүү үчүн Орто Азия өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттыруудан турат. Долбоордун катышуучулары экологиялык өзгөрүүгө ийкемдүүлүктүн аймактык артыкчылыктары жана трансчегаралык мамилерди аныктоо үстүндө иштейт. Алар климаттык кыйынчылыктар боюнча жогорку сапаттагы маалымат каражаттарын түзүп, эксперттерди даярдайт. Мындан тышкары, АКШ кызыкдар тараптарга техникалык жардам көрсөтөт. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн өнөктөштөр менен кызматташууну координациялайт.