Россия Казакстанга 5 даана С-300 комплексин жеткирип берет

401
0

Россия Казакстанга 5 даана С-300 комплексин жеткирип берет

 2-август күнү Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетовдун ортосунда сүйлөшүүлөр болгон.

 Сүйлөшүүлөрдө Россия жана Казакстан президенттери ортосундагы аскерий-техникалык келишимге ылайык, Россия Казакстанга 5 даана С-300 зениттик ракета комплексин сунуштаган.

Жолугушууда ЖККУ уюмунун алкагында кол коюлган келишимге ылайык, аскерий техникаларды алып өтүү жараянында жеӊилдиктер түзүлгөнү айтылган.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ракета чабуулдарынан эскертүүдө системалар аралык келишим түзүлгөндүгү айтылган.

 Мындан тышкары, Россия 170 зениттик ракетаны Казакстанга тапшыруу иштерин аягына чыгуунун алдында турат.

 “Россия Федерациясы менен аскерий-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия Казакстанга 5 даана С-300 зениттик-ракета комплексин сунуштады. Мындан тышкары, Россия тарап ушул комплекстер үчүн 170 ракета да бере турган болду”, – деп айтылат кабарда.

2015-жылдан баштап Россия-Казакстан аскерий техникалык кызматташтыгы келишими ишке түшүп, анын алкагында Казакстан куралдуу күчтөрү Россия армиясына бериле турган баада заманбап курал-жарактарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here