Атамбаев кыска көйнөк кийген кыздарды коргоп жатып, исламий кийинүүнү жана исламий жашоону каалаган кыргыз жарандарына мамлекеттен чыгып кетүүнү сунуштады.
Кыргызстан президенти А. Атамбаев Чолпан-Атадагы маалымат жыйынында: “Биздин аялдар совет доорунда эле кыска юбка кийишкен. Диндин максаты — бул тынчтык. Мага демектен чокоюңарды башыңарга кийип алгыла. Бирок, эч кимди жардырбагыла.
Биз былтыр террордук топтор бар экенин билдик. Бирок, алар тууралуу кенен маалымат топтоо үчүн дароо кармаган жокпуз. Алар чакан автобустун ичине жарылуучу заттарды салып, Орозо айтта кишилерди жардырууну каалашкан, бул дин эмес”, – деген сөздөрдү айтты.
Өзбекстан президенти И. Каримовдун ушул сыяктуу сөздөрүнөн кийин атайын кызматтын кызматкерлери бир бейкүнөө аялды наркотикалык зат менен мас кылып, кара хижаб кийиндирип туруп, соода борборунун алдында жардырып жиберишкен эле. Ошондон кийин бүт коопсуздук түзүмдөрүн хижаб жана ак топуга каршы күрөшүүгө мажбурлай башташкан. Атамбаев да Каримовдан үлгү алууга аракет кылып жатат.
Бирок, Атамбаевдин аракеттери жана сөздөрү окшошпой, элдин жек көрүүсү жана ишенбестиги күчөп барууда. Айланасындагы кеӊешчилери да мамлекеттик жетекчилер эмес. Алардын бири шофёру, башкасы жан сакчысы болуп, кыскасы, президент ушул сыяктуу адамдардын курчоосунда калды. Президент тышкы күчтөрдүн расмийчилик үчүн сүйлөгөн сөздөрүнө ишенип алып, көптөгөн каталарды кетирип жатат. Мисалы, “биз силерди таштап койбойбуз, жардам беребиз, исламдашуунун алдын алуу үчүн мына бул багытта аракеттерди күчөткүлө, өзүӊ болсо кийинки мөөнөткө да президент болуп кал” деген сөздөргө ишенип алды. Каримов же Путин мындай сөздөрдү Акаевге да, Бакиевге да айткан.
Атамбаев өзүнүн орунсуз кылык-жоругу менен ката кетирип жатат. Ал жарым жылаӊач аялдардын тарабын талашып, миллиондогон муслималарды ачык эле акаарат кылып жатат. Аларды ачык эле террористтер деп, коомубуздан кууп чыгыш керек дегендей мамиле кылып жатат. Бул сыяктуу өз жарандарын акаараттоочу беймаани жана максатсыз билдирүүнү, ал тургай, куфр мамлекеттеринин жетекчилери да мындай көрүнүштө айта алышпайт. Себеби, алар президенттикти эл убактылуу ишенип тапшырган кызмат деп билишет. О.э. алар “мамлекет менин мүлкүм жана мен аны каалагандай башкарам” деп айтуудан коркушат.
Бул кылык-жоругу мамлекетке эле эмес, анын партиясына да өтө чоӊ зыян алып келет. Кыска юбка кийген аялдар коомубуздун эӊ төмөнкү катмары болуп эсептелишинен тышкары, алар өтө азчылыкты түзүшөт. Кээ бир ыймансы аталарды эсепке албаганда, жарым жылаӊач жүргөн кыздардын ата-энелери да бул кийимди жакташпайт.
Президент “Хижаб кийип алып адамдарды жардыргандан көрө, кыска юбка кийип жүрүшкөнү жакшы” деди. Акыйкатта болсо, бүгүнкү күнгө чейин мамлекетибизде бир да хижабдуу аял жардыруу уюштурган эмес. Мындан кийин да мусулман аялдар бул ишти өз ыктыяры менен кылышпайт.
Бирок, президенттик аппараттагы паракорлор кармалып жатабы, милиция жана коопсуздук кызматындагы адам өлтүргүчтөр жана адам уурдагычтарчы? Алардын жүздөгөн, миӊдеген кылмыштарына күбө болуп жатабыз го. Эмне үчүн бул жийиркеничтүү кылмышкерлер тайпасын мамлекеттен кууп жибериш керек дебейбиз? Күйөөсүн, балдарын өлтүрүп жаткан, аборт кылдырып жаткан кыска юбкачан аялдарды көрбөй жатабызбы? Бишкекте сойкуларга каршы рейддер уюштурулду. Президент “Мага демектен чокоюӊарды башыӊарга кийип алгыла” деп айтышына караганда, демек, алардын кийимдери кандай экенин көргөн. Президентибиз кантип эле ошолорду колдоп жатты экен.