Атамбаев хижабга каршы экендигин дагы бир жолу далилдеди
“Аллах” сөзүн тили менен көп айтып жүргөн, эки айт намазында биринчи сапты бошотпогон, Курани Каримди бир нече жолу окуп чыкканын айтып мактанууну жакшы көргөн президент Атамбаев эч нерседен уялбастан абийирдүү муслималарга, алардын хижабына каршы күрөшүүнү күчөтүп жатат.
“Жеген ооз уялат” дегендей, Атамбаевдин чет өлкөдөн алган гранттарды актоо о.э. дагы алуу үмүтүндө Ислам жана мусулмандарга, айрыкча, муслима аялдардын хижабына каршы күрөшү Германия канцлери Ангела Меркелдин сапарынан баштап ачыкка чыкты. Меркелдин “урматына” илинген “Кайран элим, кайда баратабыз?” баннери да Атамбаевдин көрсөтмөсү менен бардык аймактарга илинди жана канцлер менен жолугушуу учурунда да ага жагынуу үчүн ушул темага токтолуп өттү. Атамбаев бул аркылуу Германия бийлигинен мүмкүн болушунча көбүрөөк жардам алууну жана муну менен күндөн-күнгө начарлап бара жаткан Кыргызстан экономикасынын “жыртыгына жамак салууну” көздөгөн эле.
1-август күнү Ысык-Көлдөгү “Рух ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйынында да Атамбаев дагы кайрадан муслима аялдардын хижабына каршы пикирин билдирди.
Атамбаев Кыргызстан жарандарына кандай кийинип жүрүүнү эч ким таӊуулабастыгы керектигин айтып, динге такап терроризмге түрткөндүн ордуна аялдардын кыска юбкада жүргөнү жакшы экенин белгиледи.
“Эч ким Кыргызстанга өз дини, кийими жана пикирлерин таӊуулашы керек эмес. Кыргызстанда аялдар 50-жылдардан бери кыска юбка кийишет, бирок ошол аялдардын биринин да акылына кимдир бирөөнү жардырып жиберүү тууралуу ой келген эмес.Кааласаӊар башыӊарга өтүк кийип алгыла, бирок эч кимди жардырбагыла”,- деди Атамбаев.