Медреселерди каттоодон өткөрүү сунушталууда
Кыргызстанда күндөн-күнгө күчөп бара жаткан исламий мухит расмий бийликти эле эмес, ага демөөрчүлүк кылып, Ислам динине каршы күрөшүү үчүн каражат бөлүп жаткан куфр жетекчилерин да тынчсыздандырууда. Ошол себептен да бул мамлекеттер кыргыз бийлигинен коомдон исламий пикир жана көрүнүштөрдү жок кылууну талап кылышууда. Расмий бийлик болсо Ислам жана мусулмандар үстүнөн көзөмөл кылууну түрдүү мекеме жана борборлорго тапшырып коюуда. Ошол себептен да көрүнгөн мекеме же борбор мусулмандардын пикир жана баалуулуктарына каршы ашкере күрөшө турган болуп калды.
Белгилүү болгондой, шаардык санэпидкөзөмөл борбору – жарандардан арыз түшүп жатат деген шылтоо менен – 19-июлдан баштап Бишкек шаарында кечкисин үн күчөткүч менен азан айтууга тыюу салган эле.
Бүгүнкү күнгө келип болсо, президенттин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиясы медреселерди каттоодон өткөрүү сунушун көтөрүп чыкты. Аталган комиссиянын билдиришинче, мамлекетте 72 медресе ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Бирок, алардын бири да расмий каттоодон өтүп, тийиштүү сертификат алган эмес.
Ошондуктан, комиссия диний билим берүү жаатында стандарттарды иштеп чыгып,аларды каттоодон өткөрүүнү сунуштоодо. Бул үчүн Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университет менен биргеликте стандарттарды иштеп чыгуу жана сертификациялоонун жол-жобосун даярдоо жаатында долбоор ишке ашырылып жатат. Аталган долбоордун алкагында өлкөдөгү диний билим берүүчү мекемелерди тартипке келтирүү пландалууда.
Медреселерди каттоодон өткөрүүдөн көздөлгөн максат, алардын ишмердүүлүгүнө чек коюу. Дин иштери боюнча комиссия медреселерге аткара албай турган шарттарды коёт. Шарттарды аткара алышпаган соӊ, алардын ишмердүүлүгү токтотулат. Мындай тажрыйба алда качан эле Өзбекстан жана Тажикстанда сыноодон өткөн.
Өзбек бийлиги көптөгөн жылдардан бери Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүнүн натыйжасында Өзбекстанда бүгүнкү күндө расмий бийликтин т.а. Каримовдун талаптарына туура келген медреселер гана калды. Тажик бийлиги да 2013-жылы билим берүү министрлигинен атайын уруксат алуу шылтоосу менен мамлекеттеги алты медресенин бешөөсүнүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп койгон эле. Өткөн аптада болсо аларга “медреселердеги билим берүү шарттары уставдын талаптарына туура келбегени себептүү” ишмердүүлүгүн кайрадан баштоого уруксат берилбеди.
Бүгүнкү күнгө келип, Кыргызстандагы медреселерди да ушундай тагдыр күтүп турат. Өсүп келе жаткан жаш муунга исламий таалим жана пикирлерди бериши мүмкүн болгон, жаштарды адал жана арамды айырмалай турган кылып тарбиялай турган медреселер жабылгандан кийин коомдо бузукчулук күчөйт. Расмий бийликтин да, аны каражат менен камсыздап келе жаткан куфр мамлекеттеринин да көздөгөнү мына ушул.
Эгерде биз бийликтин бул ишине да – кудум баннерлер илингендегидей жана үн күчөткүч менен азан айтууга тыюу салынгандагыдай – кайдыгер боло турган болсок, куфр дагы бир максатын тоскоолдуксуз ишке ашырып алат.