Ислам жакырчылык проблемасын кандай чечет? (2)

471
0

Ислам жакырчылык проблемасын кандай чечет? (2)

Үчүнчүдөн: Жакырчылык.

«Эгерде жакырчылык адам болгондо, аны албетте өлтүрөт элем» деген сөз бар. Ислам жакырчылыкка ушундай негизде карайт. Бүт вахий түшүрүлгөн жылдарда Ислам жакырчылык жана ачарчылыкка каршы экендигин баса белгилеп келди. Ислам жакырчылык жана ачарчылыкка таптакыр ыраазы болбойт. Муну Расулуллах Aдын

«مَا آمَنَ بِي مَنْ بَاتَ شَبْعانَ وَجَارُهُ جائِعٌ إلَى جَنْبِهِ وَهُوَ يَعْلَمُ بِهِ»

«Кошунасы ачка болуп туруп, өзү ток абалда таӊ атырган адам мага ыйман келтирбептир», – деген сөздөрү да тастыктап турат. Көӊүл буруӊуз, Расулуллах A жакырчылыкка ыраазы болбостукту ыйман жана акыйдага байлап жатат! Кембагалдарды тамак-аш менен камсыздоону акыйдага байлады.

Капиталисттик системага келсек, аларда коомдун экономикалык туруктуулугу экономикалык өсүш менен өлчөнөт. Алардын назарында, соо-саламат экономиканын белгиси ИДПнын өсүшүндө көрүнөт.  Капиталисттик коомдо качан экономикалык өсүш аксап калса, же көпкө чейин токтоп калса, ошондо тревога көтөрүшөт. Бирок, Исламда коркунуч тревогасы качан ачкалык уланса көтөрүлөт. Себеби, ырасында бир адам – эркекпи, аялбы же жаш балабы, айырмасыз – ачка болсо, коомдун бейпилдикте болушуна жол берилбейт.

Курани Карим адамдарда эки түрдүү жакырчылык-кембагалдык болушуна ишара кылат: Мискин жана факир. Мискин – бул бир күндүк да тамагы жок болгон адам. Факир тапканы бар, бирок бул тапканы анын – үй-жай, саламаттыкты сактоо, таалим, транспорт каражаттары жана башка – күнүмдүк чыгымдарына жетпей турган адам. О.э. Ислам кээде каражатка – убактылуу болсо да – муктаж болгон адамдар бар экендигин да баян кылды. Курани Каримде мискиндерди тойгузууга катуу көӊүл бурулган. Мисалы, Рамазанда орозо кармабаган жана казасын да кармай албай турган оорулуу болсо, ал ошол кармай албаган күндөрүнүн каффараты үчүн мискиндерди тойгузат. Мусулман адам бирер арамды кылып койсо, Ислам ага ушул күнөөсүнүн каффараты үчүн кембагалдарды тойгузууга буюрат. Мусулман Рамазанда шаръий себепсиз орозосун ачып жиберсе, ошол күнөөсүнүн каффараты үчүн ал эки ай үзгүлтүксүз көрүнүштө орозо кармайт, же ар бир ачып жиберген күнү үчүн алтымыш мискинди тойгузуусу фарз болот. Мусулман Аллах Тааланын аты менен касам ичип, аны бузган болсо, ошол күнөөсүнүн каффараты үчүн он мискинди тойгузушу фарз болот. Ислам буюрган ушул фарздардан Ислам коомдо ачкалыкка каршы күрөшүүгө канчалык көӊүл бурганы, алардын фарз кылынышындагы эң биринчи максат мына ушул экендиги белгилүү болууда. Себеби, Ислам ачка адам ар кандай жол менен болсо да албетте тойгузулушу шарт экендигин ачык баян кылган. Ошол эле убакта, Ислам тан алгандай, коомдордо адамдар кудуреттүүлүк жана мүмкүнчүлүктө бир-биринен айырмаланышат, мейли согуш жана тынчтык учурундагы бардык аракеттерге, же жыргалчылык жана таӊкыстык учурундагы экономикалык өзгөрүштөр болушуна карабастан, айрым адамдардын аркада калышы жана негизги муктаждыктарын да кандырууга кудуреттүү болбостуктары табигый көрүнүш. Ошондуктан, Ислам адамдар арасындагы жакыр жана мискиндерге көӊүл буруу күнүмдүк иштердин бир бөлүгүнө айланышын каалайт. Ачкалык маселесине өзгөчө көӊүл буруу максатында Ислам бай кишилердин малынан факир жана мискиндер үчүн белгилүү бир өлчөмдө акы ажыратат. Башкача сөз менен айтканда, байлардын малынан кембагалдарга берилиши керек болгон мал салыктын түрүнө кирбейт. Бул нерсе  байлар үчүн милдет, кембагалдар үчүн акы болуп, буга Аллах Субханаху ва Таала мындай деп буйруган:

وَالَّذِينَ فِي أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ مَّعْلُومٌ * لِّلسَّائِلِ وَالْمَحْرُومِ

«Алардын мал-мүлктөрүндө сурануучу жана (мал-дөөлөттөн) ажыраган кишилер үчүн маалым акы бар»  [70:24-25]

Чындыгында, Курани Карим малдарынан жоомарттык кылып, муктаж жана ачкаларды жедирип-ичирүү үчүн жумшаган кишилерди мактады. Өзү жакшы көргөн тамакты мискин, жетим жана туткунга илинип берген, муну дүйнөдөгү бирер нерсени үмүт кылбастан, бир гана Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн кылган заттарды Курани Карим жогорку даражага көтөргөн.

Ушул коида жана түшүнүктөргө негиз салгандан кийин Ислам мыйзам жана өкүмдөр топтомуна көӊүл буруп, алар аркылуу малдын факир жана муктаждарга жетип барышын камсыздады, байлыктын акылуулар ортосунда туура бөлүштүрүлүп, байлардын колунда топтолуп калбастыгын кепилдеди. Бул өкүмдөрдүн айрымдарын төмөндө келтирип өтөбүз:

  • Нафака өкүмдөрү. Бул өкүмдөр Ислам ар бир нафака кылынуучунун анын нафакасынан жоопкер болгон адамдын үстүндөгү акысын баян кылган. Мисалы, аталардын мойнундагы балдардын нафакасы, ата-эне улгайганда балдардын мойнундагы ата-эненин нафакасы, эркектин мойнундагы аялдын нафакасы ж.б.у.с…;
  • Мурас өкүмдөрү. Мында Ислам ачык-айкын белгиленген мыйзамдарга ылайык ар бир мураскорго мурастан өз үлүшүн кепилдеген;
  • Умумуий мүлк өкүмдөрү. Мында дал ушул мүлктүн кирешелери адамдардын муктаждыктарына жумшалат. Таалим, саламаттыкты сактоо жана коммуналдык кызматтар сыяктуу;
  • Мамлекеттик мүлк. Ушул мүлк аркылуу кембагалдарга алардан кембагалдык сыпатын жок кылуу үчүн белгилүү бир өлчөмдө каражат берилет;
  • Музорабага адистешкен ширкаттар (шерикчилик) өкүмдөрү. Бул ширкаттар аркылуу каражаты болбогон адам белгилүү бир иштеп чыгаруу ширкатынын ээсине айланат, анын ширкатын каражаты бар адам каржылайт;
  • Жерди ижарага берүүнүн арамдыгына тиешелүү т.а. жери бар адамдын ага эгин эгиши же боордошуна бериши туурасындагы өкүмдөр;
  • Мүлктү казына кылып сактоонун арамдыгы туурасындагы өкүмдөр. Бул аркылуу жумуш таба албай жаткан адамдарды жумуш менен камсыздоочу долбоорлор боюнча акча жаткыруу фарз болот;
  • Сүткордуктун арамдыгы туурасындагы өкүмдөр. Бул өкүмдөр базарда айлануудагы акчанын жетиштүү болушун камсыздайт;
  • Зекет өкүмдөрү. Зекет малдары малга муктаж болгон сегиз тайпадагы кишилерге жетип барат;
  • Салыктар өкүмдөрү. Салык коомдогу ачарчылык жана өзгөчө жакырчылык муктаждыгын кандыруу үчүн ошондой убактарда бай мусулмандарга салынат.

Сөзүбүздүн аягында эскертип кетебиз, Расулуллах A биринчи мухажир жана ансорлор ортосунда ага-иниликти пайда кылганда, мындан көздөгөн максаттардын бири, мухажирлердин – хижрат кылуу жана Меккеге малдарын таштап чыгуусу себептүү жүз берген – кембагалдык абалын жоюу болгон.

Д. Мухаммад Малковий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here