Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Вашингтондо жолугушат

366
0

Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Вашингтондо жолугушат

Борбор Азияда жайгашкан беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери 3-август күнү АКШ башчылыгында Вашингтондо жолугушат. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да катыша турган ал жолугушууда аймактык интеграция маселелери талкууланышы айтылууда.

Бул жолугушуу өткөн жылы Самаркандда башталган C5+1 сүйлөшүүлөрүнүн уландысы катары болуп өтөт.

Американын Борбор Азия региону боюнча башкы дипломаты Даниель Розенблюм да, 3-августтагы жолугушууда аймактык интеграция туурасындагы негизги маселелер талкууланышын билдирди. Жолугушуудан кийин соода, транспорт, айлана-чөйрө, климат, маданият жана реформаларга шыктандыруучу программалар жаатында беш регионду өз ичине алган долбоордун жарыя кылынышы күтүлүүдө.

Кытай болсо миллиарддаган доллар инвестиция жаткыруу менен Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүнү каалайт. Дипломат Розенблюмдун айтымында, Америка мындан тынчсызданып жаткан жок. Кытай менен кызматташуу регион мамлекеттери үчүн өтө маанилүү. “Ким менен кызматташууну Борбор Азия мамлекеттеринин өздөрү белгилейт”, – деди Розенблюм.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 2015-жылдын күзүндө Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жана министрлери менен жолугушкан эле. Керри бул жолугушууларда региондогу мамлекет башчылар менен коопсуздук, экономика, адам укуктары тармактарында реформаларды өткөрүү о.э. аймактык кызматташтык, Борбор Азия жана Түштүк Азия ортосундагы алакаларды бекемдөө маселелери туурасында пикир алмашкан эле.

Борбор Азия мамлекеттеринде жашаган элдер – тили, дини жана тарыхы бирдей болушуна карабастан – дүйнөдөгү чачыранды өлкөлөр катары таанылган. Беш мамлекет ортосунда соода жана башка маанилүү тармактарда кызматташтык жок.

Туркистон: Демек Розенблюмдун сөздөрүнө караганда, АКШ Борбор Азияга Кытайдын инвестиция аркылуу кирип келишинен тынчсызданбайт. Бирок, АКШ Борбор Азияны саясий сакафий жана коопсуздук тарабынан көз каранды кылууну күчөтүп жатат. Аны экономикалык алакалар тынчсыздандырбайт. Себеби, бул мамлекеттерди ким саясий жана сакафий колония абалында кармап калса, Кытай ошол ири колонизатордун кызыкчылыктары менен эсептешүүгө мажбур болот.

Илгери кудум ушундай абал, система бар эле жана дүйнө мамлекеттери ага катуу амал кылышат эле. Борбор Азия мамлекеттерине ал тургай АКШнын өзү да экономикалык алака орнотуу үчүн Россиянын уруксаты менен кирип келет болчу. Акыркы он жылдыкта ушул эл аралык система бузулду. Эми жаңыча колония системасы кирип келүүдө. Бул мамлекеттерди эркин жана көз карандысыз мамлекет деп жарыя кылышат. Бирок, жабык эл аралык система бар болуп, алар бул мамлекеттерди экономикалык, саясий жана аскерий тараптан ороп алышат. Т.а. кичинекей жана алсыз мамлекеттерди экономикалык жактан оор абалга алып келишип, аларды садага берүү менен көз каранды кылып алышат. БУУ сыяктуу дүйнөлүк уюмдар жардамында саясий басымдарды өткөрүшөт. Кандайдыр коркунучтуу жасалма аскерий уюмдарды ойлоп табышып, бул мамлекеттерге аскерий базаларды курушат.

Ошону менен бул мамлекеттер эч кайда кете албай турган манкурт мамлекеттерге айланып калышат. Мына ошондон кийин коркпостон: “Ким экономикалык жактан мамиле кылса кыла берсин, бул мамлекеттер эркин жана көз карандысыз”, – деген билдирүүлөрдү бере беришет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here