Ислам жакырчылык проблемасын кантип чечет? (1)
Эгерде Курани Каримдин сүрөлөрүн барактап, баштан аяк Исламдагы экономикалык түзүм жөнүндө сөз кылган сүрөнү издесеӊиз, мындай сүрөнү таба албайсыз. О.э. саййидибиз МухаммадA да бүгүнкү күндө аталып жаткан экономикалык структурага байланыштуу бардык нерсени өз ичине алган хутбаларды кылган эмес. Тескерисинче, экономикалык жана каржылык маселелерге ишара кылуучу нусустар жыйырма үч жылдын ичинде көптөгөн аяттарда түшүрүлүп, көптөгөн хадистерде келген.
Көбүнчө белгилүү бир окуяга тиешелүү бир экономикалык маселеге ишара кылып өтүлгөн. Бул окуя бирер түрдөгү коида же шаръий өкүмдү истинбат кылууну талап кылат. Мисалы, күч менен фатх кылынган хирожий жерлер мүлкчүлүгү туурасындагы шаръий өкүм Хайбар казаты учурунда түшүрүлдү. Ошентип, экономикалык түзүмдүн толук көрүнүшү Курани Карим аяттарынан, РасулуллахAдын сөздөрүнөн о.э. белгилүү бир окуяларга тиешелүү өкүмдөрдөн келип чыгат. Исламдагы экономикалык түзүм үчүнзарыл болуп эсептелген маанилүү төрт коида бар:
Биринчи: ырыскы түшүнүгү жана анын исламий экономикадагы ролу:
Исламдагы экономикалык түзүмдү ачык-айкын түшүнүү үчүн Исламдагы байлык же ырыскы түшүнүгүн билүү зарыл. ырыскы эмне? ырыскыны ким берет? – деген суроолордун жообун билүү шарт. ырыскыны Аллах Таала берет. Жалгыз Аллах Субханаху гана адам өмүр бою табышы мүмкүн болгон байлыктын көлөмүн белгилейт. Адам бул жашоодо Аллах Таала белгилеген ырыскыны табуу үчүн гана аракет кылат, аны азайта да албайт о.э. көбөйтүү да колунан келбейт. Адам Аллах Таала ага канча ырыскы белгилегенин билбейт, байлыкка ээ болуу үчүн мээнет кыла берет. Ал байлыкка ээ болгон кезде Аллах Таала ушул байлыкты ага белгилеп койгонуна ыйман келтириши зарыл. ырыскыны ушундай түшүнүү мусулмандар зээнинде бекем орношуусу керек жана мунун бир нече себептери бар: Биринчи себеп, Ислам адамдардын байлар өзүн жөнөкөй алып жүргөн коомдо жашашын каалайт. Себеби, качан адам ырыскы Аллах Тааладан деп билсе, ошондо андан сыймыктануу жана текебердик туйгусу кетет. Экинчи себеп, Ислам берешен, колу ачык коом курулушун каалайт. Бул жакырлар менен мамиле кылуу үчүн өтө зарыл. Үчүнчү себеп, мусулмандар өз малынан ыктыярдуу түрдө, мамлекет мыйзамда талап кылгандан да көбүрөөк инфак-эхсан кылышы үчүн. Төртүнчү себеп, Ислам мамлекети пайда болгон кезде бир нече согуштарга дуушар болот. Т.а. колунда бар кишилерден материалдык колдоо талап кылынат.
Курани Каримде ырыскы Аллах Таала тарабынан экендигине ишара кылуучу жүздөн ашуун аяттар бар. Мисалы, Аллах Тааланын төмөнкү аяты сыяктуу:
اللَّهُ الَّذِي خَلَقَكُمْ ثُمَّ رَزَقَكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ
«Аллах силерди жараткан, кийин ырыскыӊарды берген, кийин жаныӊарды ала турган, кийин силерге (кайрадан) жашоо бере турганЗат» [30:40]
Дагы ушул аяты сыяктуу:
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ هَلْ مِنْ خَالِقٍ غَيْرُ اللَّهِ يَرْزُقُكُم مِّنَ السَّمَاء وَالأَرْضِ لا إِلَهَ إِلاَّ هُو
«Эй инсандар, силерге Аллах берген сан-санаксыз неъматты эстегиле! Силерге асман жана жерден ырыскы бере турган Аллахтан башка бир жаратуучу барбы?! Эч бир кудай жок, анын Өзү гана бар!» [35:3]
Демек, мусулман адам исламий акыйда боюнча “жашоодо адамдын таба турган ырыскысы бир гана Аллах Субханахудан, Андан башка эч кимден эмес” деп ишенет. Ошондуктан, бул мусулман Аллах Тааланын буйругу аркылуу байлыктарынан эхсан кылуу талап кылынса, эч бир экиленбестен моюн сунат. Чындыгында, Курани Карим баяндагандай, кафирлердин мискиндерди тойгузуудан баш тартышына алардын ырыскы түшүнүгүн четке каккандыгы себеп болгон. Себеби, алар тапкан-топтогон байлыктары Аллах Таала берген ырыскы экендигин, буга алардын каалоосунун да, аракеттеринин да таасири болбогонун кабыл алышпаган
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنُطْعِمُ مَنْ لَوْ يَشَاءُ اللَّهُ أَطْعَمَهُ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
«Качан аларга: «Аллах силерге ырыскы кылып берген нерселерден кайыр-садага кылгыла!» – деп айтылса, кафир болгон кимселер ыйман келтирген заттарга (мазактоо менен): «Эгерде Аллах кааласа Өзү тамактандырып ала турган кишилерди тамактандырабызбы? Силер эч шек-күмөнсүз ачык адашуудасыӊар», – деп айтышат» [36:47]
Арийне, Исламдагы ырыскы түшүнүгү мусулман Аллах Тааланын буйругуна моюн сунган абалда кайыр-садага кылышына түрткү берет о.э. экономикалык жана каржылык түзүмдөрдү колдоп-кубаттоо үчүн бийик баалуулуктарга негиз салат.
Капиталисттик мабда анык кыйроону көздөй бара жатат.
Ал эми Курани Карим алдыӊкы жана зарыл болгон о.э. экономикалык түзүмдү колдой турган баалуулуктарды кеӊири баяндаган. О.э. ал Мекке коому жашаган бузук түзүмдү ашкере кылган. Фажр сүрөсүндө келгендей, бул бузук абал Меккедеги экономикалык түзүмдө даана көрүнөт эле:
كَلاَّ بَلْ لَا تُكْرِمُونَ الْيَتِيمَ * وَلَا تَحَاضُّونَ عَلَى طَعَامِ الْمِسْكِينِ * وَتَأْكُلُونَ التُّرَاثَ أَكْلًا لَمًّا * وَتُحِبُّونَ الْمَالَ حُبًّا جَمًّا
«Жок, (силер күмөн кылгандай ызаат-урмат – байлык менен, кордук – кембагалдык менен болбойт)! Жок, силер жетимди ызаат-урмат кылбайсыӊар! Мискин-бечараны тамактандырууга да бири-бириӊерди үгүттөбөйсүӊөр! Мурасты болсо (өзүӊөрдүн үлүшүӊөргө өзгөлөрдүкүн да) кошуп жеш менен жей бересиӊер! Дагы мал-дүйнөнү катуу сүйүү менен сүйөсүӊөр!» [89:17-20]
Бул нерседен түшүнүктүү болгондой, Ислам алдыӊкы коом жана түзүмдөрдү курууга аракет кылат, бул коомдун ач көз болушуна же мискин жана жетимдердин кароосуз калышына, же болбосо байлыктар бир гана байлык топтоодон башка камы болбогон ач көз адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт.
Ислам башынан баштап эле пайда-сүткордукка тыюу салынган экономикалык түзүмгө негиз салды. Сүткордуктун арамдыгы туурасындагы өкүмдөр толук түшүрүлгөнгө чейин, Курани Карим сүткордук мамилеси байлык табуунун жаман ыкмасы экендигине көӊүлдү бурду. Сүткордук – бул бир адамдын байлыгы башкалардын байлыгы эсебинен көбөйүшү экендигин баяндады. Сүткордукта иштеп чыгаруудагы сыяктуу өсүш болбойт. Курани Карим мындай мамилени жамандады, садака кылууну жана муктаждарга жардам берүүнү мактады:
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآَيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ * فَآَتِ ذَا الْقُرْبَى حَقَّهُ وَالْمِسْكِينَ وَابْنَ السَّبِيلِ ذَلِكَ خَيْرٌ لِلَّذِينَ يُرِيدُونَ وَجْهَ اللَّهِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ * وَمَا آَتَيْتُمْ مِنْ رِبًا لِيَرْبُوَاْ فِي أَمْوَالِ النَّاسِ فَلَا يَرْبُواْ عِنْدَ اللَّهِ وَمَا آَتَيْتُمْ مِنْ زَكَاةٍ تُرِيدُونَ وَجْهَ اللَّهِ فَأُولَئِكَ هُمُ الْمُضْعِفُونَ
«Акыры алар Аллах Өзү каалаган адамдын ырыскысын кең кылышын жана (Өзү каалаган адамдын ырыскысын) тар кылышын билишпедиби?! Албетте, мында ыйман келтире турган коом үчүн аят-үлгүлөр бар. Демек, тууган-урукка, бечара жана мусапырга (кайыр-садага кылуу менен) акыларын бергин! Аллахтын жүзүн эӊсей турган кишилер үчүн мына ушул эң жакшы (иш). Дал ошолор кутулуучулар. Силер адамдардын малдары ичинде, артыкча болуп (кайтуусу) үчүн берген сүткордуктан турган акча-малдарыӊар (белек-бечкегиӊер) Аллахтын алдында артыкча (сооп) алышыӊарга себеп болбойт. Аллахтын жүзүн-ыраазылыгын эӊсеп берген зекеттен турган нерселериӊер, демек, дал ошол (зекет берүүчү кишилер соопторун) бир нече эсе кылып алуучулар» [30:37-39]
Аллах Таала сүткордуктун ордуна, бирөөлөргө жардам берүү жана колдоп-кубаттоо үчүн карыз берген кишилерге бир нече эсе кылып сооп берүүнү убада кылды:
مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضاً حَسَناً فَيُضَاعِفَهُ لَهُ وَلَهُ أَجْرٌ كَرِيمٌ
«Аллахка карзи хасана (ыктыярдуу карыз т.а. Анын жолунда жакшылык-берешендик) кыла турган ким бар? Анан, Ал Зат ошол (киши)ге бир нече эсе кылып кайтарат жана ал үчүн улуу сыйлык бар» [57:11]
Экинчи: Ресурстар молдугу:
Капиталисттик мабданын «ресурстар таӊкыстыгы» коидасынан айырмалуу түрдө, Ислам «ресурстар молдугу» коидасын баса белгилейт. Чындыгында, Аллах Тааланын ресурстарды мол кылып жаратканы, аларды адамдар үчүн пайдалуу кылганы Курани Каримдин көптөгөн жеринде кайталанат. Ааламдагы негизги ресурстардын таӊкыс эместигин, Аллах Таала аларды бардык адамдар пайдаланышы үчүн жетиштүү болгондон да көп жараткандыгын баян кылды. Мунун уландысында, ошол ресурстардан адамдар жакшы жолдордо пайдаланышсын деп аларды бизге ырыскы кылып бергенин айтты:
وَالأَنْعَامَ خَلَقَهَا لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌ وَمَنَافِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ * وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ * وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَى بَلَدٍ لَّمْ تَكُونُواْ بَالِغِيهِ إِلاَّ بِشِقِّ الأَنفُسِ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَؤُوفٌ رَّحِيمٌ * وَالْخَيْلَ وَالْبِغَالَ وَالْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةً وَيَخْلُقُ مَا لاَ تَعْلَمُونَ
«Ал Зат дагы силер үчүн жылуу кийим жана (түрдүү) пайдалар болсун, деп үй айбандарын да жаратты, силердин азык-оокаттарыӊар да алардан болот. О.э. силер үчүн алар кечинде жайыттан кайтып жаткан жана таӊда жайытка кетип бара жаткан чагында бир сулуулук-кооздук бар. О.э. алар силер жаныӊарды кыйнап,араӊ-зорго (машакат менен) жете турган шаарларга жүгүӊөрдү алып барып берет. Албетте, Роббиӊер мээримдүү жана ырайымдуу. Ал Зат силер минишиӊер үчүн зыйнат-көр болсун үчүн аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Дагы силер (али) билбей турган нерселерди да жаратат» [16:5-8]
Дал ушул агымда, Курани Карим Аллах Тааланын деңиздерде, океандарда жана дарыяларда да ресурстарды жаратканын эскертет. Бул ресурстар балыктар жана кымбат баалуу таштарды өз ичине алат о.э. адамдын деңиз сууларында кемелер менен жүрүүгө кудуреттүү экендиги эскертилет:
وَهُوَ الَّذِي سَخَّرَ الْبَحْرَ لِتَأْكُلُواْ مِنْهُ لَحْمًا طَرِيًّا وَتَسْتَخْرِجُواْ مِنْهُ حِلْيَةً تَلْبَسُونَهَا وَتَرَى الْفُلْكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبْتَغُواْ مِن فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
«Ал силер жаңы эт (т.а. балык этин) жешиӊер жана тагына турган тагынчактарды таап алып чыгышыӊар үчүн (силерге) деңизди да моюн сундуруп койгон Зат. Сен анда (сууну) жарып бара жаткан кемелерди көрөсүн. Ал Заттын берешен-жоомарттыгынан (ырыскы) тилешиӊер жана (берген неъматтарына) шүгүр кылышыӊар үчүн (силерге деңиздерди моюн сундуруп койду)» [16:14]
Аллах Таала бул жана башка ресурстар таптакыр азайбайт, же эч качан түгөнбөйт деген акыйкатка ишара кылып, мындай дейт:
وَإِن تَعُدُّواْ نِعْمَةَ اللَّهِ لاَ تُحْصُوهَا إِنَّ اللَّهَ لَغَفُورٌ رَّحِيمٌ
«Эгерде Аллахтын неъматтарын санасаӊар, санагына жете албайсыӊар. Албетте, Аллах кечиримдүү, мээримдүү» [16:18]
Инша Аллах, уландысы бар.
Мухаммад Малковий.