Махмуд Кар: Ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин эмнелерге күбө болдук?
Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар мырза Фейсбуктагы баракчасында “(Түркиядагы) төңкөрүш аракети бизге эмнелерди көрсөттү?” деген темада билдирүү таркатты. Бул билдирү 15 беренеден туруп, Түркиядагы төңкөрүш аракетинин назик тараптарын ачыктап берет:
- Калктын коопсуздугу мойнуна жүктөлгөн Түркия куралдуу күчтөрүнүн ичинде – өз калкына курал көтөрүп, өз калкын жырткычтык менен кыргын кыла турган – канчалаган канкорлор бар экендигин көрдүк.
- Биздин байлыктардын эсебинен сатып алынган аскерий самолётторубуз террордун демөөрчүсү болгон Израиль, Россия, АКШ жана Батыш мамлекеттерин эмес, тескерисинче, өзүбүздүн полицияны жана өз элибизди бомбалап жатканын көрдүк.
- Түркияда мамлекеттик төңкөрүшкө аракет башталары менен Түркиянын туруктуу союздашы болгон АКШ өз кызыкчылыктары үчүн жарандык бийлик жана демократиядан баш тартып, өнөктөшү болгон Түркияны сатып кетиши мүмкүн экендигин көрдүк.
- Түркия бир нече жылдан бери мүчө болууга умтулуп келген Европа Союзу төңкөрүш аракетин тымызын күзөтүп, кырдаалга карай позиция ээлешин көрдүк.
- Эгерде колонизатор мамлекеттер ачык колдоого албаса, Түркиядагы малайлардын өзү мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашыра албастыгын көрдүк.
- Адилет жана өнүгүү партиясы менен о.э. Эрдоган менен бир топ жылдан бери кызматташып келген жана Америка колдоп-кубаттап келген “Параллелчилер”ден англистерге малай хунтачылар да пайдаланганын көрдүк.
- Көптөгөн жылдардан бери мусулмандарга террорист деген тамганы жабыштырып, аларды соттоп келген о.э. Адилет жана Өнүгүү партиясы ардактаган “Параллелчи” укук коргоочулардын өздөрү бүгүн терроризм беренеси боюнча тергелип жатканын көрдүк.
- Эгерде Түркия хунтачылардын артында турган Англия менен жана төӊкөрүш аракетин алыстан күзөтүп турган АКШ менен достугун уланта бере турган болсо, эч качан улуу мамлекет боло албастыгын көрдүк.
- АКШ жана батыш мамлекеттери – ачык жардам бергенине же жардам бербегенине карабастан – төңкөрүш аракети менен Түркияны жана Түркия куралдуу күчтөрүн алсыратып, аброюна зыян жеткиргенин көрдүк.
- Бул окуя учурунда англистердин да, америкалыктардын да каны эмес, тескерисинче мусулмандардын каны төгүлгөнүн көрдүк.
- Элдин күчүнө ишенбестен, демократиялык мамлекеттер жана режимдерден жардам күткөн кимселерге, калк танктарга каршы көкүрөгүн тосуу менен кандай жооп бергенин көрдүк.
- Төңкөрүшкө каршы турган мусулмандардын аянттарда “Аллаху Акбар, Аллаху Акбар” деп кыйкыруу менен ататүркчүлөр менен илманийлерди жек көрүп жаткандыгын көрдүк.
- Төңкөрүшкө тоскоолдук кылган калктын ийгилигин “демократиянын жеӊиши” кылып көрсөтүүгө аракеттенген кимселердин арамза ниеттерин көрдүк.
- Исламий туйгу жана сезимге ээ болгон бул калк Аллахтын өкүмдөрү менен башкарып, адилет жана жакшылык менен өкүм жүргүзө турган Рошид Халифалыкты кандай коргой алышын көрдүк.
- Жана акырында айтарым, жакынкы күндөрдө, мусулмандардын Халифалык көлөкөсү астында Расулуллах с.а.в.дын байрагын бийик көтөрүп жатышканын да көрөбүз, инша Аллах.
Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар