بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроого жооп
Европа Союзунан чыгуу боюнча Британияда өткөрүлгөн референдумдун натыйжалары
Суроо: Британияда 2016-жылы 23-июнда Европа Союзунда калуу же андан чыгуу туурасында референдум өткөрүлдү. Референдум натыйжасында чыгууну жактап 52% добуш берилди. Мунун артынан Британия премьер-министри Кэмерон отставкага кетерин жарыялады. Лекин, анын өкмөтү үч ай иштеп тура турган болду. Бул референдум натыйжасы Кэмерондун каалоосуна тескери болдубу? Британиянын Европа Союзунан чыгуудагы экономикалык жана саясий таасири кандай болот? Британия Союздан биротоло чыгып кетеби? Т.а. Британия үчүн кайтуу жолу жокпу? Мында Американын ролу барбы? Аллах сизди жакшылыктар менен сыйласын.
Жооп: Бул суроодо көтөрүлгөн маселелерди ачык-айкын элестетүү жана күчтүүрөөк ыхтымал анык болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:
- Британия 2008-жылдагы экономикалык кризистен тарта Европа Союзу менен болгон мамилелерин жана бул Союз Британия кызыкчылыгына кызмат кылбай жатканын ар дайым ачыктап келди. Премьер-министр Девид Кэмерон 2016-жылы январда Давос саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Британиянын Европа Союзуна карата позициясын баяндап ушуларды айтты: «Европа Союзу Британияда рейтингин улам жоготуп барууда. Биз Британиядагы адамдардын Европа жаатындагы тынчсызданууларын жоюу үчүн референдум өткөрүүбуз зарыл, мисалы, мыйзамдарды иштеп чыгуу идеясы жана көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар бар экендиги жаатында тынчсыздануулар бар. Жана Союз бир валютага ээ клуб болушунан көрө чоңураак нерсеге айланышы мүмкүн экендиги жөнүндөгү идея да бар, биз ага ыраазы боло албайбыз. Европанын чынында эле бир саясий Союз болуу жөнүндө баш катырып жаткан идеясына келсек, андай саясий Союзга Британия эч качан ыраазы болбогон. Себеби, Британия биз бир саясий Союздун бир бөлүгү болушубуз тууралуу идеяга эч качан ыраазы болбогон. Биз өзүбуз менен сыймыктанган эгемен мамлекетпиз. Биздин эгемен жана демократиялык мекемелерибиз бар, биз алар менен сыймыктанабыз. Бул мекемелер кызыкчылыктарыбызга жакшы кызмат кылып келүүдө. Булар биздин кадыр-баркыбыз экенин ачык айтууну каалайбыз. Европа улуттук эгемен мамлекеттерден куралып, бул мамлекеттер өз ара пайда көрүүдө кызматташтык кылуу үчүн жолугушуп турат. Бирок, Европа тамыры улам тереңдеп бара турган саясий Союз эмес. Британия калкы мындай Союзду каалабайт жана ага эч качан кол койбойт» (Gov.uk, 2016-ж, 21-январь). Кэмерон ушул негизде февраль айында европалыктар менен сүйлөшүүгө киришип, Британиянын каалоосунан да көбүрөөк нерсеге жетишти, мисалы, Британиянын улуттук өздүгүн сактап калуу укугун колго алды. Натыйжада, Британия саясий жактан Союзга сиңип кетпей, өзүнүн эгемен вужудун Союздан айры абалда сактап калды жана ага карата Шенген келишими колдонулбай турган болду, Британия чегаралары ал каалабаган чектөөлөрсүз кала турган болду. Союз еврозонага кирбеген Британия валютасы фунт стерлингди моюнга алат. Союз Британияга келген европалыктар Британияда толук 4 жыл жашамайынча атайын жардам жана бекер башбаанек алуу укугу чектелишин да моюнга алды. Кэмерон келишимге кол коюу учурунда үмүт кылган натыйжаларга жетишкенин билдирип: «Европа Союзунун жетекчилери менен кол коюлган келишим Союз ичинде Британияга өзгөчө статус беришин», – айтты. (Би-Би-Си, 2016-жыл, 20-февраль). Кэмерон Европа Союзунан «мүчө мамлекеттердин улуттук парламенттерине, анын ичинде англис парламентине да Европа кеңешинин токтомдорун сынга алуу же аларды жокко чыгаруу укугун берген кенен укук берилишин» талап кылган. Лекин Союз бул талапка макулдук берген жок. Британия көп нерселерге жетишти, бирок, ошого да карабастан, Европа Союзунун токтомдору жана мыйзамдары Британия үчүн мажбурий болбошун каалады, каалаган токтомго каршы чыгып, каалаганын кабыл алуу укугуна ээ болгусу келди. Эгер ушундай болгондо Европа Союзу үчүн Британия үстүнөн эч кандай өкүмдарлык калбайт эле. Англистер ушул нерсени каалап жатышкан. Алар Союзду өз мүчөлөрүнө өкүм өткөрө албаган күчсүз уюмга айландырышмакчы. Британия адатынча Союздун мыйзамдарына амал кылбастан андан пайдаланмакчы болгон. Британия ушундай артыкчылыктарга ээ болуу үчүн референдум жана Союздан чыгуу темасынан басым өткөрүүчү курал катары пайдаланып келди. Маалым болгондой, Кэмерон 2015-жылдагы шайлоо кампаниясында, эгер шайлоодо утуп чыкса, ушул референдумду өткөрүүнү убада кылган. Бу Британиянын артыкчылыктарга ээ болуу үчүн референдум өткөрүү тууралуу каңкуулаган ар дайымкы адаты болчу. Британия бул жол менен Европа Союзун жана башка мүчө мамлекеттерди – Европа Союзунан чыгуу тууралуу референдум өткөрүү токтомунун улам жарала турган – саясий жана экономикалык силкинүүлөр менен коркутуп келген!
Британия Союздан упай чогултуу үчүн референдум менен коркутуу саясаты жаңылык эмес, ал Британия Союз курамына кирген алгачкы жылдардан баштап эле жүргүзүлүп келе жаткан саясат. Британия 1973-жылы январда Европа экономикалык тобуна мүчө болгондон тартып өз валютасы фунт стерлингди сактап калышы жана «Шенген» зонасынан сыртта калышы – Британия Европа Союзуна мүчө болушуна карабастан – ал ар дайым пайдаланып келген өзгөчө статуска ээ болуу ураандарынан да болуп келди. Британия Союзда калуу тууралуу референдум өткөрүү идеясынан Европа мамлекеттерине кыянаттык кылуу куралы катары пайдаланып келди. Британия ушул аркылуу Союз ичинде кошумча өзгөчө укуктарга жетишмекчи болду. Мисалы, Британия 1973-жылы Союзда калуу шарттарын жакшыртуу боюнча референдум өткөрдү жана британиялыктар Европа экономикалык тобунда калууну жактап добуш беришти.
Ошондуктан, азыркы референдум жаңылык эмес. Британия ал аркылуу өзүнүн карасанатай максаттарына – ыплас максаттар болсо да – жетишмекчи болду! Бул референдумда консерваторлор партиясы айла-амалдуу аракет кылышты. Бул партиянын адамдары бир эле учурда эки кампанияны: Союзда калуу жана андан чыгуу кампаниясын башкарышты! Союзда калуу кампаниясына премьер-министр башчылык кылса, чыгуу кампаниясына анын орун басары Борис Жонсон башчылык кылды. Жонсон мурун Лондон мэри болгон. Ал Лондон провинциясындагы парламентте консерваторлар үчүн белгиленген орунду ээлеш үчүн кызматынан отставкага кеткен. Буга анын келечекте премьер-министр болуу ыхтымалы бар экени себеп болгон. Азыркы юстиция министри Майкл Гоув да чыгуу кампаниясына жетекчилик кылды. Кэмерон өкмөт жыйынынан кийин референдум 2016-жылдын 23-июнуна белгиленгенин жарыялады. Ал кыскача мындай интервью берди: «Британия реформаланган Европа Союзу курамында дагы да күчтүү, дагы да коопсуз жана дагы да өркүндөп өскөн болот». (Монте Карло, 2016-жыл, 20-апрель). Кэмерон Союзду колдоп-кубаттаса да, лекин, ал анын партиясы Союзду колдоп-кубаттоого мажбур эместигин сактап калды. Кэмерон «бейшемби күнү өткөрүлө турган референдумда Союздан чыгуу тандоосу «чоң жаңылыштык» болот, бул жаңылыштык ондогон жылдарга созулган ишенимсиздик абалына алып келиши мүмкүн» деп турган чакта, анын өкмөтүндөгү юстиция министри Гоув «Санди телеграф» газетасына берген интервьюсунда: «Эгер, Британия Союздан чыга турган болсо, ал факель болот», – деди. Гоув буларды да айтты: «Жарандар демократия үчүн добуш берүүлөрү керек, Британия арзуулары үчүн добуш бериши керек». (Би-Би-Си, 2016-ж, 19-июнь). Ошентип, Британия премьери Кэмерон жана анын партиясындагы бир топ жетекчилер Британиянын Союзда калышын колдоп-кубаттаган лагерди түзүшсө, анын консерватор юстиция министри Гоув жана бир топ башка министрлер «Британиянын Союздан чыгышы» кампаниясын консерваторлар партиясындагы таанымал жетекчи, Лондондун экс-мэри Борис Жонсон менен биргеликте жетектей турган болушту.
Кэмерон башчылык кылып жаткан бийликтеги консерваторлор партиясынын ушул референдум саясатына терең назар салсак, Кэмерон натыйжалар чечүүчү болбошун, мисалы, тең болушун күткөндүгүн көрөбүз. Ошондо натыйжалар кабыл алуу жана жана четке кагуу ортосунда болуп калмак да, акыбетте Союзга кайтуу үчүн жол ачык калмак же бу натыйжалар Союз менен жаңы сүйлөшүүлөр алып барууга жол ачуу үчүн бир шылтоо кылып алынмак. Союзда калуу кампаниясын да жана андан чыгуу кампаниясын да консерваторлор партиясы ушундай максатта башкарган эле. Ошондуктан, бул эки кампаниянын эч бири – бу референдум Союзда кошумча артыкчылыктарга ээ болууга бир жол болуп беришине олуттуу урунганчалык – олуттуу болбоду. Эгер Кэмерон Союзда калуу туурасында олуттуу болгондо, анда өз партиясынан өзүн колдоп-кубаттоону албетте талап кылмак жана бул партия калууну жактап добуш бермек. Бирок Кэмерон партиянын бөлүнүшүнө жол берди. Жонсон да өзүнүн кампаниясында олуттуу болгон жок. Референдумдан кийин анын билдирүүлөрүнүн тону өзгөрүп, ал тургай, Союзда калуу саясатына жакыныраак болуп калды! Ал референдум натыйжасынан кийинки кайрылуусунда: «Бириккен Королдук Европанын ажырагыс бир бөлүгү, ошондуктан, коңшу мамлекеттер менен кызматташтык бекемделе берет», – деди. Анын чыгуу кампаниясындагы шериги Найжел Фараж да (консерваторлор партиясынан бөлүнүп чыккан Британия Эгемендүүлүгү партиясынын жетекчиси) референдумдан кийин европарламентте сүйлөгөн биринчи сөзүндө мындай деди: «Эмнеге эми улуу болбошубуз керек, неге эми прагматик, реалист, рационалдуу ой жүгүртүүчү болбошубуз керек, келгиле, бажы салыгынан бошотуудан турган бир келишимге жетишели, мына ошондон кийин, Бириккен Королдук силердин досуңар экенин билип аласыңар, биз силер менен соода-сатык кылабыз, силер менен кызматташабыз жана дүйнөдөгү эң жакшы досторуңар болобуз. Келгиле, ушуну акыл менен чечели, дүйнө бойлоп, келечекке карай умтулууларыбызды улантуу үчүн жолго чыгуубузга урухсат бергиле». (Телеграф, 2016-ж. 28-июнь). Жогорудагылар болсо консерваторлор партиясы пландаган нерсе чыгуу же калуу болбогонун, максаты Европа Союзунун дагы да көбүрөөк артыкчылыктарына ээ болуу үчүн Союзга басым өткөрүү болгонун көрсөтүп турат. Буга референдум натыйжасы чечүүчү болбой калышы, мисалы, добуштар тең чыгып калышы аркылуу жетишмекчи болушкан. Себеби, ошондо бу натыйжа кабыл алуу жана рад кылуу ортосунда болуп калмак да, акыбетте кайтууга жол ачык калмак же бу натыйжалар Союз менен жаңыдан сүйлөшүүлөр алып баруу үчүн бетке кармалмак.
Лекин алардын эсеби туура чыкпай калды. Референдумда чыгууну жактап 52% көпчүлүк добуш берилди. Мындай натыйжа чагылгандай тийди! Себеби, Британия Союз курамында калып, андагы артыкчылыктардан, айрыкча, экономикалык артыкчылыктардан пайдаланмакчы болгон эле, бирок, ошол эле учурда Союз мыйзамдарына амал кылмакчы эмес эле! Буга чейин да ушундай максатта Британия Союз ичинде Союзга каршы «козголоң көтөрүп», референдум өткөрүү, артка сүрүү, каршы чыгуу жана проблемалар туудуруу менен коркутуп келе жаткан. Британиянын мындай манёврларынын көбү ийгиликтүү да чыккан. Лекин бул сапар Британиянын эсеби туура чыкпай калды! Анткени, Британия Союз менен алаканы үзө албайт, андан чындап биротоло чыгып кете албайт. Анткени, андай кылса ал өлүм жакасына келип калат. Мунун каршысында, Британия көпчүлүктүн райын урматтайбыз деп сайрап келет. Референдумда болсо, көпчүлүк Союздан чыгууга добуш берди. Ошондуктан, Британия кыйын акыбалга түшүп калды, анын союзга казган көрү өзүнө ор болуп калды!
- Бул чагылгандай сокку Британия менен Европаны гана камтып албай, экөөсүнөн нарыга да өтүп кетти. Мындагы эң чоң таасир Британияда экономикалык жана саясий жактан болду:
- Экономикалык таасир тууралуу айта турган болсок, Британия жана анын экономикасына болгон ишенимге зыян жетти. Референдум натыйжасы жарыялангандан бир нече мүнөттөн кийин фунт стерлинг наркы доллар алдында 10 %, евро алдында 7 % төмөндөп кетти. Европа жана Азия базарларында силкинүүлөр болду. Рейтер 2016-жылы 28-июнда минтип жазды: «Бу референдум натыйжасы дүйнөдөгү акциялар наркынан үч триллион доллардын жок болуп кетишине алып келди. Акча айланууларда – саясат иштеп чыгуучулар өз экономикаларын коргоо тууралуу убада берип жатышкан болсо да – калкуулар дале сезилип турат». Натыйжада, Британия англис борбордук банкынын президентине абалды тынчтандыруу үчүн төмөнкүлөрдү айттырууга мажбур болду: «250 миллиард фунт стерлинг наркында жетиштүү акча каражаттары бар, андыктан, банк эч бир экиленбей эң соңку чукул чараларды көрөт» (Би-Би-Си, 2016-жыл, 24-июнь). Эл аралык кредит рейтинги агенттиктери «Стандард энд Пурс», «Мудис» жана «Фитч» Британиянын кредит рейтингин томөндөтүп, бир нече бюллетендерди басып чыкты. Аларда мындай делет: «Британиянын кредит даражасы эң жакшы «ААА»дан «АА» даражасына түштү»… Бу Британия үчүн биринчи жолу болууда. Ушул агенттиктер «Референдум натыйжасында жүзөгө келе турган ишенимсиздик кыска убакытта эң чоң секиндешүүгө алып келиши мүмкүн. Саясий чөйрө анын өнүгүүсүн алдын ала айтууга мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан, туруктуулук, активдүүлүк жана мүмкүнчүлүк жагынан, эң кеминде, Шотландия эгемендүүлүгү туурасында референдум өткөрүү болот», деп билдирди. (АФП, 2016-ж, 27-июнь). Эл аралык Валюта Фонду кыймылсыз мүлктөрдүн бааларында кескин төмөндөө жүз бериши мүмкүндүгүнөн эскертти. Британия финансы министрлиги болсо «кыймылсыз мүлктөрдүн баалары мурунку бааларга саалыштырганда 10 %дан 18 %га чейин төмөндөшү мүмкүн, кийинки эки жылда ушундай даражага жетишибиз мүмкүн», – деп билдирди. (Би-Би-Си, 2016-ж, 24-июнь). Базарларды тынчтандыруу үчүн кылып жаткан аракеттери «керең кулактар» менен кабыл алынган Британия финансы министри Жорж Осборн болсо «финансылык туруктуулукка жетишүү үчүн сарп-каражаттарды азайтып, салыктарды көтөрүүгө мажбур болушун» билдирди. «Компаниялар да жаңы дайындоолорду тоңдуруп турушу жана бир нече кызматкерлерин жумуштан бошотушу ыктымалы бар экендигин жарыя кылды. Бу болсо добуш берүүчүлөрдүн Британия экономикасы Европа Союзу тышкарысында өркүндөп-өсүшү жөнүндөгү арзууларын жокко чыгарды». (Рейтер, 2016-жыл, 28-июнь). Кээ бир компаниялар өз бөлүмдөрүн Лондондон Европа Союзундагы башка шаарларга көчүрүү жөнүндө шашылыш пландарын жарыялады. Файнэншл таймс көрсөткүчү ачылары менен 8 %дан да ылдый түшүп кетти, «бул болсо 2008-жылдан бери анын бир күндө көргөн зыяндарынын эң чоңу». (Ал-Жазира нет, 2016-жыл, 24-июнь).
Булардын бардыгы Британия бул референдум натыйжасында зыян көргөндүгүн түшүндүрөт. Бул болсо Британия үчүн – эгер ал Союздан бүтүндөй чыгып кете турган болсо – жаман көрсөткүч. Негизи, Британия мунсуз эле 2008-жылкы финансылык кризистин акыбеттеринен кыйналып келаткан эле. Британия Европа Союзунан абдан пайдаланып келди. Биз муну 2016-жылы 2-майдагы суроо-жообузда да айткан элек: «Британия экономикалык жактан да Европа Союзунан пайдаланып келет. Бул анын кампанияларына жана бай элитасына пайда келтирет. Мисалы, Британия экономикасында тейлөө тармагы өкүмдар. Британиядагы негизги тейлөөлөр болсо – финансылык тейлөөлөр. Британия товарларды аз экспорт кылат, ал киреше булагы катары негизинен финансылык тейлөөлөргө, капиталга жана чет элдик валюталарга таянат. Буга кошумча, Бириккен Европа Союзунун базары да Британия үчүн Европанын чар тарабына эч бир чектөөлөрсүз экспорт кылуу мүмкүндүгүн түшүндүрөт. Мындан болсо ири компаниялар жана бай элита пайда көрөт. Британиянын Европа Союзунан чыгышы аны ушул позициядан кол жуудурат жана мамлекетте саясий проблемалар пайда болушуна алып келет. Себеби, Европа Союзу – Британиянын соодадагы негизги шериги. Демек, Британиянын – ал Европадагы бир мамлекет болуп туруп – Союздан чыгышы анын Европадагы позициясын алсыратат. Мындан сырткары, Британия мындай абалда Европа Союзу менен анын сыртынан туруп атаандашууга мажбур болуп калат, бу болсо анын Союздагы таасирин алсыратат. Британиянын Европа Союзу курамында тургандагы таасири болсо күчтүүрөөк жана активдүүрөөк». Биз ошол суроо-жоопто буларды да айткан элек: «2015-жылы март айында Бириккен Королдук Европа сотунда Европа борбордук банкына каршы доосунда утуп чыкты. Европа борбордук банкы еврозонадагы мамилелердин клиринг (валютасыз төлөм эсеп-китептери) вазыйпасын Союз ичине көчүрүүгө урунган. Мындай кадам Лондонду ыраактатуусу мүмкүн эле, Париж жана Франкфурт болсо дагы да жагымдуураак финансы борбору болуп калмак. Бу болсо Британиядагы экономикалык акыбалды алсыратар эле». Буга Панама окуясы натыйжасында Британия офшор зоналары азайып кеткендиги кошула турган болсо, булардын бардыгы, Британияны Союздан чыгуу референдуму себептүү, аны өзүнүн аяк астына өрт коюп жиберген кимсенин акыбалына салып коёт! Эгер, Союз курамынан чыгуу чындап амалга аша турган болсо, Британия Лондондун финансылык борбор экендиги касиетинен ажырайт жана Европа Союзунун финансылык борбору Франкфурт болуп, Лондондон жагымдуураак болуп калат. Ошентип, Британиянын тарткан зыяндары өтө оор, балекеттүү болот.
- Саясий жактан болсо Британиядагы референдум Британиядагы калктардын биримдигине өтө таасир кылды. Себеби, Шотландия калкы о.э. Түндүк Ирландия калкы Европа Союзунда калууну жактап добуш берди. Учурда бул калктар Британия курамында калуу же калбоо туурасында референдум өткөрүлүшүн талап кылууда т.а. Британия бүтүндүгү да суроо астында калды. Бул болсо Британия үчүн күтүлбөгөн абал. Себеби, Кэмерондун эң көзгө көрүнгөн ички утуштарынын бири 2014-жылдагы референдумда Шотландиянын Британия курамынан чыгышына жол бербөөгө жетишкендиги болгон. Ошондуктан, Британия Шотландия темасы узак убакытка чейин жабылды деп ойлогон. Бирок, бул тема 2016-жылы 23-июндагы референдумдан кийин дагы «витринага» күчтүүрөөк таризде кайтты. Шотландия премьер-министри Старжен референдум натыйжасы белгилүү болушу менен эле «шарттар шотландиялыктар Британия курамында калууну жактап добуш берген 2014-жылдагы референдумдан кийин өзгөрүп кеткенин, ошон үчүн Шотландия Союз курамында калуу туурасында Европа Союзу менен шашылыш сүйлөшүүгө киришишин» айтты. Буга Британиядан эгемен болбой туруп жетишүү кыйын. «Шотландия премьер-министри Никола Старжен жекшемби күнү төмөндөгүлөрдү билдирди: Шотландия 2014-жылы курамында калууну жактап добуш берген Бириккен Королдук эми жок». Старжен «Британиялыктар Европа Союзунан чыгууну жактап жобуш беришкенден кийин жаңы референдум өткөрүү «ыхтымалы өтө күчтүү» болуп калганын» көрсөтүп өттү. (Мидл Ист Онлайн, 2016-жыл, 26-июнь). Британиянын дагы да алсыз «тарабы» Түндүк Ирландия жөнүндө айта турган болсок, «Ирландия республикасынын армиясынын саясий жүзү эсептелген Шинн Фейн партиясы жума күнү эртең менен Бириккен Ирландия туурасында референдум өткөрүүгө чакырды. Бул чакырык британиялыктар – акыркы натыйжаларга ылайык – Европа Союзунан чыгууну жактап добуш бергенден кийин пайда болду. Республика партиясы Европа Союзу туурасында өткөрүлгөн референдум «Британия мамлекетинин табиятына кооптуу акыбеттери бар экенин» баса белгиледи». (Франс 24, 2016-жыл, 25-июнь)… Ошенип, Европа Союзунан чыгуу туурасында Британияда өткөрүлгөн референдум Түндүк Ирландиядагы о.э. Шотландиядагы саясатчылардын Британиянын ыдырашы жөнүндө дагы сөз кылууларына алып келди.
Ушуга ылайык, бул референдум натыйжалары Британиянын ыдырашы менен коркунуч сала турган басымдарды пайда кылды. Мындан тышкары оор экономикалык зыяндар да бар. Булардын баары референдум «шамалы» Британия каалоосуна тескери түрдө «сокконун» жана Британия өзүнүн айла-амалына өзү түшкөнүн, өзүнүн амалдуулугунун курманы болгонун баса белгилеп турат. Добуш берилгенден кийинки күндөр Британиянын жаңы саясий тарыхында болуп көрбөгөн саясий тынчсыздануу жүзөгө келгенин көрсөтүп турат. Ага кошумча өкмөт жана оппозицияны ээлеп алган катуу тынчсыздануу абалы да бар. Ушул даражада дейсиң, а түгүл «Нью-Йорк Таймс» гезити 2016-жылы 27-июнда «өзүнүн саясий жана мыйзамдуу эгемендүүлүгү менен белгилүү мамлекет хаоско карай бара жатат» деген макаланы басып чыгып, Британиянын референдумдан кийин башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарын түшүндүрдү!
- Ошондуктан, Британия чынында эле Союздан чыга турган болсо, Британия чыгуу аракетин жан үрөп артка сүрүшү күтүлөт. Бул аракет жылдарга созулушу да мүмкүн. Анткени, Британия ыплас аракеттерди жана алдоону мыкты өздөштүргөн. Бул нерсе билдирүүлөрдөн жана маалымат каражаттарынын түшүндүрмөлөрүнөн анык көрүнүп турат… Булардын баары референдум натыйжасын ишке ашырууда бул артка созуу ыктымалы күчтүү экенин көрсөтүп турат. Балким, референдум туурасында да айла-амалдар кылынышы мүмкүн. Бул артка созуу жаан айла-амал аракеттеринин ыхтымалы күчтүүлүгүн ушул нерселер көрсөтүп турат:
а) 2007-жылы коло коюлган Лиссабон келишиминдеги 50-берене. Бул берене айла-амал кылууга жана артка созууга жол ачып берет. Британия болсо өзүнүн саясий ыпластыгы жана куулугу аркылуу мындай айла-амалдарды мыкты өздөштүргөн. Ушул беренеде көрсөтүлгөндөй, чыгуу иштерин баштоо үчүн Британия Союз курамынан чынуу ниетин мүчө мамлекеттер башчыларынан жана мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларынан түзүлгөн Европа кеңешине маалымдашы керек, мына ошондон кийин эң көп дегенде эки жыл аралыгында «чыгуу келишими» туурасында сүйлөшүү алып барышы керек. Ошондуктан Кэмерон Британия парламенти алдында мындай деди: «Өкмөт Союздан чыгуу сүйлөшүүлөрүн учурдагы баскычта баштай албайт. Мамлекет оболу Европа Союзу менен биз каалап жаткан алаканын көрүнүшүн белгилеп алышы зарыл. Муну Лиссабон келишиминдеги элүүнчү беренени колдонуудан мурун белгилеп алышы зарыл». (Бина, 2016-жыл, 27-июнь). Кэмерон общиналар палатасында сүйлөгөн сөзүндө Союздан чыгуу чараларын качан баштоону Британия гана чечишин баса белгилеп ушуларды айтты: «Британия өкмөтү азыр мамлекеттердин Союздан чыгуу жөнүндөгү Европа келишиминин 50-беренесин күчкө киргизе албайт». (Ал-Жазира нет, 2016-жыл, 27-июнь). Демек, Британия чыгуу жөнүндө талапты тапшыруу мөөнөтү сүйлөшүүлөрдү баштаганга чейин созулушу мүмкүн! Бул гана эмес, Кэмерон өзүнүн отставкасын тезинен эмес, үч айдан кийинкиге белгиледи. Мына ошондон кийин жаңы өкмөт түзүлөт жана бул өкмөт эгер кааласа талапты тапшырат. Т.а. сүйлөшүүлөрдү алып баруу 2016-жылы сентябрда Кэмерондун ордуна келе турган жаңы премьер-министрге тапшырылат. Мында консерваторлор партиясы партиянын жаңы лидерин шайлоо үчүн жыйын өткөрөт. Кэмерон бул ишти референдум натыйжалары жарыя кылынгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө ачык айтты. Ал октябрда кызматынан отставкага чыгып, ишин анын ордуна келе турган премьер-министрге тапшырышын жана 50-беренени качан ишке ашыруу керектигин ушул жаңы премьер-министр чечишин айтты (https://elaph.com/Web/News/2016/6/1096000). Британия каржы министри Жорж Осборн: «Британиянын Европа Союзунан чыгышы жөнүндөгү сүйлөшүүлөр жаңы өкмөт түзүлүшүнөн мурун алып барылбашын», – баса белгиледи. (Ал-Жазира Нет, 2016-жыл, 27-июнь). Мыйзамтаануучу баяндоочулардын бири ушуларды айтты: «50-берене жөнүндө эскертүү канчалык кечиксе, аны таптакыр күчкө киргизбөө мүмкүнчүлүгү ошончолук көбөйөт. Себеби, кечиктирүү канчалык созулса, кандайдыр бир окуялардын аралашып калышы же кандайдыр бир шылтоолорду ойлоп табуу ыхтымалы ошончолук күчөйт». («Эмнеге 50-берене жөнүндө эскертүү маанилүү», Дэвид Аллен Грин, 2016-жыл, 25-июнь). Ушуга негизделип эки европалык дипломат Британия Европа Союзунан чыгуу механизмин – британиялыктар бейшемби күнү өткөрүлгөн референдумда бул чыгууну жактап добуш беришкенине карабастан – бүтүндөй ишке ашырбашы мүмкүн деген пикирди билдиришди. Атын атабоону талап кылган дипломат ушуларды айтты: «Менин жеке пикиримде, алар Европа Союзуна союздан чыгуу ниетинде экенин эч качан жеткиришпейт». Дипломат ушуларды кошумчалады: «Биз Лондондон 50-беренени азыр ишке ашырышын каалайбыз, себеби, мына ошондо иштер айкындашат. Биз аларды буга мажбур кыла албаганыбыз улам, алар өз убактыларын өздөрү алышын божомолдойм». Дипломат дагы мындай деди: «Алар муну эч качан кылбашын ыхтымалдан алыс деп эсептебеймин, бул менин жеке пикирим». (Arabi 21, 2016-жыл, 27-июнь).
б) Ал тургай, референдум темасы туурасында да башты айланткан айла-амалдар жасалышы мүмкүн. Мисалы, референдумду кайра өткөрүү үчүн же анын шарттары туурасында сүйлөшүү жүргүзүү үчүн кандайдыр бир мыйзамдуу жылчыктар табылышы мүмкүн. А түгүл, референдумду кайра өткөрүүгө аракет кылуу өзүн мыкты демократия деп, элдин пикирине каршы чыкпаган мамдекет деп эсептеп келген мамлекетти ыңгайсыз абалга салып койсо да, бирок, Британиянын саясий айлакердиги жана ыпластыгы бирээр жылчык табышы мүмкүн:
а) Референдумду кайрадан өткөрүүнү каалап жаткандардын колун чогултуу жөнүндө тапшырылган электрондук арыз. «Британия парламентинин сайтында бир арыз бар, анда Бириккен Королдуктун Европа Союзунан чыгуу туурасындагы референдумду кайрадан өткөрүүнү талап кылынган. Бул арыз 2016-жылы 28-июнга чейин 3,8 миллион колду топтоду, кол койгондор референдумду кайра өткөрүүнү талап кылышууда. Уильям Оливер Хейли баштаган арызда «Ушул кол койгондор королева өкмөтүнөн, эгер шайлоочулардын 75 %дан азыраагы катышкандыктан чыгуу же калуу туурасында добуш берүү 60 %дан азыраак болсо, башка референдум өткөрүлүшү керек деген эрежени колдонууну талап кылышат» деп жазылган». (Британиянын «телеграф» гезити, 2016-жыл, 27-июнь).
б) Референдум кайра өткөрүлө турган болсо, бул нерсе Британия сайрап келген демократияга зыян жеткиришин эсепке алып кээ бир англис мыйзамтаануучу эксперттер башка чыгуу жолдорун эстете башташты. Алар парламент (общиналар палатасы жана лорддор палатасы) премьер-министри Европа Союзуна эскертүү берүүдөн тыйып коюшу мүмкүндүгүн айтышууда. Мисалы, лорд мыйзамчылык боюнча белгилүү адис Дэвид Панник мындай дейт: «Парламент тарабынан мыйзам чыгарылбай туруп премьер-министр Европа Союзуна мыйзамдуу түрдө эскертүү бере албайт». (https://www.bbc.com/news/uk-politics-uk-leaves-the-eu-36671629).
в) Британиянын Европа Союзунун курамында калышына кызыкдар тышкы фактор бар. Союзду алсыратуу жана анын ичинде кескиндикти сактап калуу үчүн Британияны анын курамында калтырууга кызыкдар тарап бар. Бул тышкы фактор – Америка. «Обама апрель айында Лондонго келип британиялыктарды Европа Союзунун курамында калууну жактап добуш берүүгө чакырган». (Ал-Жазира, 2016-жыл, 24-июнь). Америка Британия Союздун курамында калышын каалайт. Себеби, ошондо Союз чабал бойдон кала берет. Анткени, Британия Союздун пайдасына да, Европа биримдигинин пайдасына да иш кылбайт, тескерисинче, буга тоскоолдук кылат жана көптөгөн токтомдорго каршы тынчсызданууну жаратат. Британия өзүнүн гана кызыкчылыктарын ойлойт. Америка муну жакшы билет. Демек, Британия – жемирүүчү «кетмен». Булардын баары Америка кызыкчылыгынын «тегирменине» суу куят. Себеби, Америка Европаны бириккен, күчтүү абалда, эл аралык майданда экономикалык же саясий жактан ага атаандаша ала турган абалда көрүүнү каалабайт. Ошондуктан, эгер Британиянын чыгышы натыйжасында Союз ыдырап кетсе, бул да Америка кызыкчылыгына кызмат кылат… Ошондуктан, чыгуу жөнүндөгү натыйжа белгилүү болору менен эле Обама мамлекеттик катчысы Жон Керрини Европага – Европа Союзу менен Британия ортосунда ортомчулук кылышы үчүн жана Европанын Британияга каршы жооп реакциясын жумшартуу үчүн – жиберди. Керри 2016-жылы 27-июнда Брюсселге келип: «Эч ким туура пикирлөөнү жоготуп, пикирлебей аракет кылбашы үчүн бул өткөөл баскычка этибарын берүүнү сактап калуубуз негизги нерсе», – деди. Керри Кэмерон менен Лондондо жолугушкандан кийин ушуларды айтты: «Британиянын Европа Союзунан чыгышы эч качан ишке ашпашы да мүмкүн. Лондон буга шашылбай жатат. Кэмерон мамлекеттин чыгышы туурасында сүйлөшүү алып бара албашын сезип жатат. Себеби, ал муну таптакыр каалабайт… Кэмерон Лиссабон келишиминин 50-беренесин колдонууну каалабайт. Белгилүү болгондой, бул берене эки жылга созулган чыгуу механизмин жолго коёт». Керри: «Лондон эки жылдан кийин өзүн – жаңы кызматташтык келишимине кол коюлбай туруп – Европадан сыртта көрүүнү каалабайт», – деди. Чыгуу чечиминен «кайтуу» мүмкүнчүлүгү барбы жана бул кандай ишке ашат? – деген суроого Керри минтип жооп берди: «Мен бул жерде бир нече жолдор бар деп билемин». (Франс 24, 2016-жыл, 29-июнь).
Ушул тышкы фактор Британия менен Европа Союзу ортосунда жаңыдан алака орнотуу үчүн союзга кирүү жылчыгын табууда салым кошушу мүмкүн. Себеби, мында Америка үчүн – айтып өткөнүбүздөй – пайда бар.
- Европа Британиянын оюндарын түшүнө баштаганы көрүнүп турат. Себеби, Британия өзүнүн кызыкчылыктарын Норвегия жана Швеция модели негизинде коргоо үчүн бейрасмий келишим түзүүнү каалап жатат. Британия буга Союздан чыгуу иш-чараларын баштоо үчүн Лиссабон келишиминин 50-беренеси боюнча иш жүргүзүүгө өтүүдөн мурун жетишмекчи. Бирок, Норвегия жана Швецияга тескери катары Британия Европа базарына кирип барууну каалап жатат жана британиялык шайлоочулар арасында башкы маселе болгон адамдардын эркин көчүп жүрүшүнө каршы чыгууда. Меркель муну катъий түрдө ыхтымалдан алыс санады. Кала берсе адамдардын эркин көчүп жүрүшү Европа Союзу ыйык эсептеген эркиндиктердин бири болуп эсептелет. Аны менен бирге товарлар, кызматтар жана инвестиция айырбаштоо эркиндиги да бар. Европа Союзу Британиянын айлакердигин жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан Союз бул максатты четке кагып гана калбастан, 27 мүчө мамлекетке Британия менен ар кандай жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө да тыюу салды. Мисалы, Еврокомиссия башчысы Жан-Клод Юнкер: «Өтө ачык-айкын болушума уруксат берсеңиздер, Британия өкмөтү менен жашыруун аракеттер болушу мүмкүн эмес», – деди. Ал бул ишти комиссиянын бардык кызматкерлерине ачык-айкын баяндап мындай деди: «Жашыруун сүйлөшүүлөр өткөрүлүшүнө жол берилбейт… Жашыруун сүйлөшүүлөр өткөрүлүшүнө жол берилбейт». (Evening standard, 2016-жыл, 28-июнь).
Европа парламенти 2016-жылы 28-июнда жыйын өткөрдү, бул жыйын эки күнгө созулду. Парламенттин биринчи талабы – Британия Европа Союзунан чыгуу механизмин Лиссабон келишими боюнча тезине ишке түшүрүшүн талап кылды. Себеби – делет талапта – ошондо жаман болушу мүмкүн болгон ар кандай шек-күмөндүн алды алынат жана Союз биримдиги корголот. Еврокомиссия башчысы Жан-Клод Юнкер Европарламент алдында ушуларды айтты: «Көпкө көз жумуп кала албайбыз, мен Бириккен Королдук өз позициясын эртең эмес, бүрсүгүнү эмес, азыр анык баян кылышын каалаймын». Жан-Клод Британиянын Европа Союзунан чыгышынын шарттары туурасында жашыруун сүйлөшүүлөр болушун же Лондон үчүн бир мөөнөт белгиленишин ыхтымалдан алыс деп мындай деди: «Күн тартибин Европа Союзунан чыкмакчы болгондор эмес, биз белгилейбиз». (АФП, Ал-Жазира, 2016-жыл, 28-июнь). Кэмерон Европа Союзунун биринчи жыйынына катышуу үчүн Брюсселге келди. Ошондон кийин ал Брюсселден кеткен соң мындай деди: «Мен чынында эле соода тармагында жана коопсуздук иштери боюнча кызматташууда бекем алакаларды орнотуубузга үмүт кыламын, себеби, бул, баарыбызга жакшы болот». (ДПА, 2016-жыл, 28-июнь). Т.а. ал Европа Союзун каалабайт, ал Британия үчүн зарыл болгон нерсени т.а. экономикалык жана коопсуздук тармагында кызматташууну тандап алууда. Немис канцлери Меркель Лондонго мындай кайрылуу жолдоду: «Британия чыгуу жөнүндөгү референдумдан кийин өз укуктарын сактап калууну тандап алып, ошол эле учурда, бардык милдеттеринен баш тартышы мүмкүн эмес». (ДПА, 2016-жыл, 28-июнь)… Т.а. европалыктар өз иштерин Британия менен толук чечип алышты, эми алар Британиянын чыгуусу жана чыгып кетүүнү артка созуусу акыбетинде зыян көрбөй туруп Британиянын тездик менен чыгып кетишин каалап жатат.
Саммит аягында Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск мындай деп билдирди: «Европалык лидерлер шаршемби күнү Бириккен Королдукка– ал Союздан чыккандан кийин – бириккен ортоктош Европа базарына өздөрүнө жаккандай т.а. адамдардын эркин көчүп жүрүшүн кабыл албастан кирүү туурасында сүйлөшүү алып барышы мүмкүн эместигин анык айтышты… Бул өлчөөдөгү бириккен базар болушу таптакыр мүмкүн эмес». Туск ушуларды кошумчалады: «Британиянын Союздан чыгуу жөнүндөгү токтомунан кийин Брюсселде өткөрүлгөн биринчи талкуулар натыйжаларга жетишүүгө салым кошподу. Ошондуктан, биз 27 мамлекеттин кеңеш жыйынын өткөрүүгө чечим кылдык. Биз талкууларыбызды улантуу үчүн 16-сентбярда Братиславада (Словакия борбору) жолугушабыз». Ал ушуларды да айтты: «Катышуучулар ортоктош тарыхыбыздагы олуттуу учурду башыбыздан өткөрүп жатканыбызды бир добуштан баса белгилешти… Биздин диалогубуздан ушул анык маселе келип чыкты: лидерлер биримдикти сактап калууга бир добуштан катъий убада беришти». (АФП, 2016-жыл, 29-июнь).
Бул дегени Европа Союзу референдум натыйжасында – Британияга болгон коркунуч даражасында болбосо да – терс таасир көргөн жок дегени эмес. Бул Европа Союзуна да таасири кылды. Себеби, бул референдум Европа мамлекеттери үчүн референдумдарды талап кылуу – мисалы, көптөгөн оңчул күчтөр өз өкмөттөрүнө ушуга окшогон референдум өткөрүү талабын коюу – эшигин ачты… Алардын катарында Европа Союзунун алгачкы ядросу Францияда ушундай болду. Ушул учурда Еврокомиссия бир нече Европа мамлекеттеринде, алардын катарында Францияда да ушуга окшогон референдумдарды өткөрүү туурасында Европа партиялары тарабынан тапшырылган 32 талапты тизмеге алды. Бул болсо бүткүл Европа Союзунун сакталып калышына коркунуч туудурат… Ошондуктан, Союзга негиз салган мамлекеттер, айрыкча, чоң таасирге ээ эки ири мамлекет: Франция жана Германия аракетке келди жана Союзду сактап калууга катъий бел байлаганын жарыялады. Бул эки мамлекеттин катарында Италия, Голландия, Бельгия жана Люксембург негиз салган мамлекеттер катары чукул жыйын өткөрүү үчүн аракетке келди… Франция президенти Олланд жыйындан кийин: «Британиянын Союздан чыгышы Европага коркунуч туудурат», – деди. Олланд «Бул оор тандоого өкүнүп» жатканын билдирип мындай деди: «Британиялыктардын Союздан чыгууну жактап добуш беришкени Европаны кооптуу сыноого дуушар кылып коёт. Себеби, Европа мурункудай болбой калат… Европа өзүнүн биримдигин жана кубатын көрсөтүшү керек…». (АФП, 2016-жыл, 24-июнь)… Экинчи негиздөөчү мүчө Германия да ушундай аракет кылды. Немис канцлери Меркель бул позицияны мындай деп билдирди: «Британиянын чыгуусу – Европага жана Европа биримдигинин механизмине багытталган кыйраткыч сокку». Меркель француз президенти Олландды, Италия премьер-министри Ренци жана Еврокеңеш төрагасы Тускту 2016-жылы 27-июнда Берлинде жыйын өткөрүүгө чакырып мындай деди: «Жоопкерчилик биздин мойнубузга, Европа Союзунун 27 мүчөсүнүн мойнуна түшүп жатат. Биз бул референдумдан тез жана жөнөкөй тыянактарды алууну каалашыбызды, буга кудуреттүү экенибизди каалашыбыз керек. Тыянак – бул референдум Европанын чоңураак түрдө бөлүнүшүнө алып келет… Бүгүн ал Европа үчүн, Европа Союзу үчүн жана Европадагы кызматташтык уюму үчүн бурулуш чекити. Союздун мамлекеттери бул абалды – биргеликте туура чечимдерди кабыл алуубуздан мурун – оор басырык жана сергектик менен талдап баа бериши керек». (АФП, 2016-жыл, 24-июнь). Ал эми, Германия тышкы иштер министри Штайнмайер референдум натыйжасы жарыялангандан кийин Германиянын ZDF каналына интервью берип: «Британия өкмөтү Европа тагдыры менен ойношуп зыян көрдү», – деди. Демек, немистер англистердин ыпластыгын жана бул ыпластыктын жаман натыйжаларын түшүнүп калышты. Себеби, немис тышкы иштер министри Британиянын чыныгы жүзүн ачып, ал Европа Союзунун тагдыры менен ойношконун, бул Союздун күчтүү, аман калышын каалабашын ачык айтты. Себеби, Штайнмайер Британиянын айлакерлигин көбүрөөк түшүнгөн немис саясатчыларынын бири. Ошондуктан, ал Британиянын Союзда калышын каалабайт. Себеби, ал Британиянын чыныгы жүзүн, ал жемирүүчү «кетмен» экенин жакшы билет.
Германия, Франция жана Италия лидерлери 2016-жылы 27-июнда Берлинде топтолуп, Европа Союзун бекем сактап калууга катъий убада беришкенин баса белгилешти. Алар Британия жана анын Европа Союзунан чыгуу баскычынан кийинки доор туурасында – Лондон чыгуу жөнүндө расмий талапты тапшырмайынча – ар кандай сүйлөшүү алып барууга каршы чыгышты. Алар ушул аркылуу Британияга басым өткөрүшмөкчү, бул маселе чечилбей калып кетпеши үчүн Британияны талапты тапшырууга мажбур кылышмакчы. Себеби, бул маселенин чечилбей калып кетиши Союзга зыян жеткирет. Ошондуктан, Меркель ушуларды айтты: «Биз Британиянын Европа Союзунан чыгышы туурасында – Европа Союзунан чыгуу талабы Европа кеңештин деңгээлинде тапшырылмайынча – расмий же берасмий сүйлөшүүлөр болбошу жөнүндө бир пикирдебиз». (ДПА, 2016-жыл, 27-июнь).
Алар Британия оюндарын жана манёврларын жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, алардын проблемасы – Союзду сактап калууга жана Британиянын манёврларын жоюуга кудуреттүү болушу. Анткени, Британия аларга караганда саясий оюндарга кудуреттүүрөөк… Кандай болбосун, европалыктар Британиядан тезирээк кутулуп, Союзду бекемдөө үчүн жаңы чараларды көрүүгө жетише алышса, бул нерсе алар үчүн жакшыраак болот. Бирок, эгер Британия Европа Союзу менен бирээр алаканы тургуза албаса, сырттан туруп Союзга зыян жеткирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок, Британия жаман белгилери көрүнүп калган караңгы экономикалык кырдаал себептүү тагдыр чечүүчү абалда туш келе баштады. Анын ички абалына да зыян жете баштады. Себеби, Шотландия Британия союзунан чыгуу үчүн жаңы референдум өткөрүлүшүн талап кылды. Ирландия да Британия союзунан чыгып Түштүк Ирландияга кошулуу талабы менен чыкты. Эгер, мындай талап ишке ашса, Британиянын күнү бүтөт. Себеби, анын курамында Англия менен Уэльс гана калат. Ошентип, референдум өткөрүү Британия үчүн уттуруу болду. Анын айла-амалы анын өзүн тереңдикке карай тартып кетүүдө. Мындай абал байкалды жана жогоруда келген маалыматтарга ылайык келечекте да көрүнөт. Ошондуктан, эгер Европа Союзу Британия оюндарынан аң-сезимдүү түрдө сак болууну улантса Британия жөнүндө «Ал өзүнүн эски колонияларынын бири Гонконг аралындай болуп калат, бирок, Кытайдын түштүк жээгинде эмес, Европанын батыш жээгинде болот!» деп айткан кишинин сөзү туура болуп чыгат.
- Бир сөз менен айтканда Британия чоң тынчсыздануу абалына жана өзү пландабаган абалга түшүп калды. Ошон үчүн чечим кабыл алуу оор болот. Себеби, референдум натыйжасынан баш тартып, артка кайтайын десе мыйзамдуу тоскоолдуктар бар, бул, өзү айтып келген демократияны акаараттоо болуп калат. Союздан чыгуу аракетин аягына жеткирсе өзүнүн кызыкчылыктарына зыян жетет. Себеби, Британияны өзгөчөлөнтүү кылымы эбак өтүп кеткен. Ошондуктан Еврокомиссия башчысы Жан-Клод Юнкер мындай деди: «Бириккен Европа базарынын бир бөлүгү болууну каалаган адам бул базардын катаал эрежелерине баш ийиши керек, мындан эч ким сыртта калбайт». (Би-Би-Си, 2016-жыл, 29-июнь). Булардын тушунда Британия артка сүрүү жолуна өтүшү жана чыгуу талабын тапшырууну четке кагышы табигый. Британия өз кызыкчылыктарынын мүмкүн болушунча көбүрөгүн сактап калууга урунат.
Ал эми, эгер Британия Союздан анык чыгууга мажбур болуп жатканын жана Союз менен эч кандай саясий же экономикалык алака орното албаганын көрсө, кийин экономикалык курчоого жана саясий кыйроого карай бара жатканын көрсө, анда Британия өзүнүн ыплас каражаттары аркылуу Европа Союзун ыдыратууга аракет кылышынын ыхтымалы күчтүрөөк. Британия менен салттуу «достук» алакалары бар айрым Европа мамлекеттери анын тарабына өтүшү мүмкүн. Ошондуктан 2016-жылы 28-июнда Брюсселде Европарламентте жаакташуу учурунда Британия Эгемендүүлүгү партиясынын лидери Найжел Фараж: «Британия Союздан чыгып жаткандардын акыркысы болбойт», – деди. Найжел Фараж муну менен Британия чыгып жатканда башкаларды да ээрчитишине ишара кылды… Британия Союзду ыдыратууда Америкадан да жардам алышы мүмкүн. Себеби, бул жаатта Британиянын кызыкчылыктары АКШнын кызыкчылыктарына бүтүндөй туура келет.
Ошентип, «BREXIT» референдуму Британия планына бүтүндөй тескери натыйжаларды алып келди жана караңгы чөйрөнү, бардык ыхтымалдарга жол ачуу чөйрөсүн алып келди деп айтууга болот. Британия референдум астында биригип, өз демократиясын сайрашы мүмкүн. Бирок, мында жөнөкөй эмес чоң кооп-коркунуч бар. Бул кооп-коркунуч күчөп Европадан мурун Британияны жемире турган «кетменге» айланышы мүмкүн. Азиз, Хаким Аллах хак айтат:
«Жаман айла-амал болсо жалаң өз ээлерин оройт-жок кылат» [35:43]
30–рамазан, 1437-х.
5–июль, 2016–м.