Тажикстандын түндүгүндөгү бардык медреселер жабылды

274
0

Тажикстандын түндүгүндөгү бардык медреселер жабылды

 Эмомали Рахмон өсүп келе  жаткан жаш муунду Исламдан алыстатуу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып келүүдө. Алгач 18 жашка чыга элек жаштардын мечитке киришине тыюу салынды. Алгач, жаштардын мечитке баруусунун алдын алуу үчүн бардык мечиттерге видео камералар орнотулган болсо, кийинчерээк чет өлкөдөгү диний окуу жайларда билим алып жаткан 2000ден ашуун студент Эмомали Рахмондун буйругу менен Тажикстанга кайтарылды.

 2013-жылы Тажикстан билим берүү министрлигинен тийиштүү уруксат кагазын алышы керек деген шылтоо менен Согди областындагы беш медресе жаап коюлду. Ага чейин мамлекетте расмий иштеп жаткан алты медресе бар болуп, алардын бешөө Согди областында жайгашкан эле. Булар Истаравшан, Хоженд, Канибадам, Пенжикент жана Бобожонгафур райондорунда жайгашып, аларда 300гө жакын бала билим алып жаткан эле.

 Бүгүнкү күнгө келип, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган медреселер биротоло жабылды. Бул тууралуу Дин иштери, улуттук каада-салт, той жана ырасымдары тартипке салуу комитетинин өкүлү Сухроб Рустамзода билдирди.

 Анын айтымында, билим берүү шарттары уставдын талаптарына туура келбегени себептүү медреселердин кайрадан иштешине уруксат берилбеген.

Туркистон:

Эмомали Рахмон чектен чыкты. Ал өзүнө берилген бардык ыйгарым-укуктардан пайдаланып, Аллахтын шариятына, Ислам жана мусулмандарга каршы жүрүп жатат.

Түпкүлүгүндө, Э. Рахмон кылып жаткан иштер анын өзүнүн демилгеси же ыктыяры менен ишке ашырылып жаткан жок. Т.а. бул анын мүмкүнчүлүгүндөгү жана аӊ-сезими алкагындагы долбоор эмес. Тескерисинче, бул нерсе дүйнөлүк куфр системасынын мусулмандарга каршы жалпы каршылык механизминин бир бөлүгү. Т.а. куфр дүйнөсү ар бир регионго белгилүү бир багыт негизиндеги стратегияны белгилеп берет. Бул стратегия мамлекеттеги жарандардын жашоо деңгээлине, диний мухиттин канчалык даражада экендигине, улуттар аралык мамилеге, менталитетке, улуттун кулк-мүнөзүнө о.э. интеллигенттер менен саясатчылардын деӊгээлине карай белгиленет..

Тажикстанга Өзбекстандын багыты менен жүрүүгө уруксат берилди. Себеби, бул мамлекет жарандарынын үрп-адаттары да Ислам динине бекем байланышкан. Аларда да диний фундаменттер бар болуп, учурунда динди коргоо үчүн эмнелерге кудуреттүү экендигин көрсөтүп коюшкан. Куфр дүйнөсү бул региондо эркиндиктерди муунтуп коюу үчүн көптөгөн жылдардан бери баскычма-баскыч аракет кылып отуруп, бүгүнкү күндөгү абалды пайда кылды.

Тажикстандагы мусулмандар да Кыргызстандагы мусулмандар сыяктуу өтө эркин жүрүшөт эле. Алар Саъид Абдулло Нури башчылыгында өкмөт менен келишим түзүштү. Диндарларга ал тургай 30% өкмөттөн жана парламенттен орун берилген эле. Диний катмардын өкүлдөрү бир топ жыл сый-урматта жашашты. Алар да Кыргызстандагы диний элита сыяктуу эле өздөрүн “өкмөттүн бир бөлүгүбүз жана өнөктөшүбүз” деп эсептейт эле.

Бирок, алардын бул кызматташтыгы көпкө созулбады. Бийлик куфр системасынын көрсөтмөсү менен диний элитаны бир четинен жок кыла баштады. Өтө айлакердик менен аларды бири-бирине каршы иштетүү аркылуу диний мухитти алдан тайдырып, акыры алардын бардыгын өкмөттүк иштердин четтетип койду. Андан кийин диний адамдардын мурунку иштери кайрадан иликтенип, бир четинен камакка алына башташты. Кыскасы, ошентип отуруп бүгүнкү абалга дуушар болушту. Эмомалинин аракеттеринде Аллахтын өкүмдөрүнө каршы ширк амалдар көбөйүп кетти.

Бул Тажикстандагы боордошторубуздун абалы бизге т.а. Кыргызстандагы мусулмандарга сабак болушу керек. Учурда биздин мамлекеттеги иштер да кудум Тажикстандагыдай ыкма менен жүрүп жатат. Бизде да Нури сыяктуу саясий жактан сокур болгон, же атайылап чыккынчылык кылып жаткан аалым жана диний жетекчилер пайда болууда. Алар исламий баалуулуктар болгон сакалга, хижабга, диний о.э. саясий аракеттерге каршы күрөштө өкмөт менен ачык эле кызматташууда. Бул кыянат эшигине келип калган диний адамдар, Исламды бийик кылуу үчүн аракет кылып жаткан жамааттарга каршы аракеттенип жатышат. Алар жакынкы күндөрдө бир депутатты коргоо үчүн телевидениеден чыгышып, диндарларды бир нече бөлүктөргө бөлүп жибермекчи болушту. Алар каршылык кылып жаткан аалымды болсо өкмөт камап жиберишине аз калды. Боордошубузду,  албетте Аллахтын нусраты менен, диний биримдик жана мусулмандардын аны жакшы көрүүсү сактап калды.

Кыргызстанда да Тажикстандагыдай абал болушу үчүн жетекчи мусулман боордошторубуз өкмөткө жана куфр айла-амалдарына сатылып кетиши керек болот. Бул нерсе алар үчүн Аллахтын бир сыноосу болууда. Өзбекстанда да, Тажикстанда да кудум ушундай ыкма колдонулган. Т.а. алгач диний, исламий мухит бузуп жиберилип, мусулмандар бири-бирине душман болуп калышкан. Алар бири-биринин иштеринен ката издөө менен убара болуп, куфрга, анын баалуулуктарындагы бузукчулуктарга чабуул кылуу позициясын жоготуп коюшкан. Натыйжада, куфр системасы мусулмандарды бири-бирине каршы багыттоо менен Каримов жана Рахмонго оӊой эле диктатордук режим пайда кылып беришти.

Кыргызстандагы диний адамдарга жана диний жетекчилерге айтарыбыз, Аллахтан корккула. Куфрга бир ишара менен болсо да жардам берүүдөн этият болгула. Өзбекстан жана Тажикстан бийликтерине иттей кызмат кылган мусулмандар азыр кайда экендигин иликтеп көргүлө. Бүгүнкү исламий абалыбызга ишенип, алданып калбагыла. Куфр биздеги исламий мухитти, бизди жакшы көргөнү үчүн сактап турган жок. Тескерисине, биз менен сиз биргеликте бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып, исламий баалуулуктарыбызды коргоп жатканыбыз үчүн алар динибиз менен жана мусулмандар менен эсептешүүгө мажбур болуп жатышат.

Тажик боордошторубуздун катасын биз да кайталап албайлы. Куфрдун арзыбаган дүйнө-матасына алданып калбайлы. Боордоштор, биз бир дарак сыяктуу болуп, ар бирибиз ушул дарактын тамырларыбыз. Куфр системасы өкмөтүбүздү ушул тамырларды бир четинен кууратып жиберүүгө буюруп жатат. Тажикстандагыдай абалга түшүп кала элегибизде эс-учубузду жыйып алалы. Акырет азабы катуу жана жан чыдагыс болот, ал азаптан Аллах сактасын!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here