Түркиядагы окуялардын артында ким турат?

265
0

Түркиядагы окуялардын артында ким турат?

16-июлдун кечинде башталып, ийгиликсиз аяктаган төңкөрүшкө аракет кылгандыкта айыпталган аскерийлер дээрлик саат сайын кармалганы кабарланып жатат. Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган бул окуянын артында АКШда жашап  жаткан Фатхулла Гүлендин тарапкерлери тургандыгын билдирди. АКШда жашап  жаткан Гүлен болсо Эрдогандын даабасы негизсиз деп жатат. Ошондой болсо да Түркия президенти АКШ бийлигинен аны Түркияга өткөрүп берүнү талап кылды.

Эрдоган АКШга кайрылып: “Пенсилваниядагы ал кишини Түркияга тапшыргыла. Эгерде биз силердин стратегиялык өнөктөшүӊөр болсок, демек өнөктөшүӊөрдүн бул талабын аткаргыла. Силер бизден кайсы террорчуну сурасаӊар, баарын тапшырдык. Эми силер да биздин террорчулар тизмебиздеги адамды бизге тапшыргыла”, – деди.

Бирок, Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын билдиришинче, бул демилге Гүлен кыймылынын жалгыз өзү батына турган аракет эмес. Тескерисинче, мунун  артында колонизатор мамлекеттер тургандыгы анык.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты тарабынан чыгарылган билдирүүдө жалпысынан: “Бул демилге параллел мамлекет түзүү менен таанылган Гүлен кыймылынын жалгыз өзү батына турган аракет эмес. Бул иш көптөгөн жылдар бою мусулмандарга душмандык кылып келген колонизаторлордон кабарсыз ишке ашырылышы таптакыр мүмкүн эмес. Ушундай болгон соӊ, ар дайымкыдай эле бул иштин башында колонизаторлор турат. Т.а. бул аракеттин негизги жетекчилери – мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталып  жаткан саясатчылар жана командачылар дос туткан – батыштыктар. Эй бийликтегилер жана командачылар! Ушундай досторуӊар бар болгон соӊ, душмандын кереги жоктугун качан түшүнүп жетесиӊер?” – деп айтылат.

Туркистон:

Түркияда жүз берген окуялар Орто Азияда болуп өткөн ушул сыяктуу окуяларды эске түшүрдү.

Андижан окуясы, 1990чу жана  2010-жылдардагы Ош окуялары, Акаев менен Бакиевди кууп чыгуудагы окуялар ж.б.у.с…. Бул окуялардын бардыгында жүздөгөн, кээде миӊдеген карапйым адамдар өлүп кетишти. Бирок, бул окуялардын дээрлик бардыгы, ошол кездерде Орто Азияда күчтүү колонизатордук таасири болгон Россиянын жардамы жана демилгеси менен ишке ашырылган эле.

2005-жылы Батыш колонизаторлору Каримовдон бийликти алып коюу үчүн олуттуу аракет кылып жатышкан эле. Алар Каримов режиминен зулум көргөн бардык кубаттар менен тыгыз алака орното баштаган бир учурда, Каримов Россия менен тил бириктирди. Алар Батыш колонизаторлору уюштурууга аракет кылып жаткан революциялык аракеттерден мурда, өздөрү жасалма тополоӊ уюштуруп, батышчыл күтөрдүн бардыгын жок кылып жибермекчи болушту. Бул окуя миңдеген мусулмандардын өлүмү жана чет өлкөлөргө качып кетиши менен аяктады. Бул козголоңдо өзбек коопсуздук кызматынын кызматкерлери үймө-үй жүрүп адамдарды демонстрацияга чакырып чыгышкан эле. Адамдар “коопсуздук кызматкерлери биз менен болгон соӊ, демек, Каримовдун күнү бүтүп калган окшойт” деп алданып калышты. Ошондо миңдеген адамдар өлгөн эле.

2005-жылы болсо Акаевди Бакиевге алмаштырышты. Андан соӊ, 2010-жылы Бакиев да убактылуу өкмөттүн колу менен кууп чыгарылды. Бул эки революция Россиянын үгүттөөсү жана финансылык колдоосу менен ишке ашты. Россия Кыргызстандагы жасалма революциялар менен АКШнын региондогу аскерий базаларын жана башка таасир күчтөрүн жок кылмакчы болду. Натыйжада жүздөгөн бейкүнөө адамдар өлүштү.

1990чу жана 2010-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаӊжал уюштурулду. Бул улутчулдук негизиндеги согуштардын экөө теӊ Россиянын демөөрчүлүгү жана түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылды. Бул окуяда да миңдеген адамдар өлдү.

Бул сыяктуу иштер Тажикстан, Казакстан жана башка колония болгон мамлекеттерде тез-тез жүз берип турат. Колонизатор мамлекеттер бул сыяктуу ыпылас операцияларды өздөрүнүн белгилүү бир кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн уюштурушат.

Акыркы кездерде Түркияда террордук операциялар тез-тез кайталана баштады. Акыры келип, кечээги окуя жүз берди. Бул козголоң да светтүүлүккө негизделген дүйнөлүк системанын мыйзамчылыгына тескери көрүнүштө ишке ашпаганы анык. Себеби, эл аралык саясат (т.а. дүйнөлүк саясатка таасир өткөрө турган жетекчи мамлекеттер) бирер колония болгон үчүнчү мамлекетке, өз алдынча бирер чоӊураак операция уюштурууга уруксат бербейт. Мындай иштерде эл аралык саясатта таасир күчүнө ээ болгон бирер мамлекеттин кыйыр же түздөн-түз катышуусу болушу шарт. Бул нерсе жазылган же жазылбаган эл аралык мыйзам, эрежелер менен тастыкталган эл аралык глобалдык саясат болуп, өтө ыпылас жолдор менен ишке ашырылып келет.

Эӊ жаман жери, мусулмандардын жетекчилери жана саясатчылардын дээрлик бардыгы бул иштерден жана ыпылас операциялардан кабардар. Алар керек болсо, бул миңдеген жарандардын өлүмү менен аяктап жаткан операциялар ким тарабынан жана кандай максатта ишке ашырылып жатканын билишет. Билмексен болуп көрүнүү менен, ошол кафир топторго шерик экендигин көрсөтүп коймокчу болушат. Андан да жаман жери, алар бул кылмыштар үчүн өз өлкөлөрүнөн кылмышкерлерди издемиш болуп коюшат. Мындан өздөрүнө жакпаган жана оппонент күчтөрдү жок кылып алууда пайдаланып калууну көздөшөт. Куфр тарабынан уюштурулган жардыруу иштери үчүн ар дайым мусулмандар бутага алынышат жана ак жеринен жазаланышат.

Россия менен Түркиядан бирдей таасирленип келе жаткан Кыргызстанда да ушул сыяктуу террордук операциялар күтүлүүдө. Ал үчүн алгач жардыруу иштери жөнүндө тынымсыз айтыла баштайт. Т.а. бул сыяктуу ыпылас операцияларды уюштуруудан мурда ушул ишке даярдоо жараяны болот. Андан соӊ бул иштерди ишке ашырышы мүмкүн болгон топтор даярдалат. Бул топтор кафир тыӊчыларынан түзүлүшү мүмкүн. Же мазлум жана өчөшкөн мусулмандарга ошол жардырууну ишке ашыруу үчүн куфр күчтөрү шарт түзүп бериши да мүмкүн. Эки абалда теӊ Ислам жана мусулмандар айыптуу деп табылып, куугунтукталышат.

Ушул күндөрдө 6 милиция кызматкери бандиттер менен тыгыз алакада болгону үчүн кызматтан алынып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголду. Мындан бир аз мурда Ысык Көлгө бара жаткан орусиялык үй-бүлөнү тоноп кеткен милиция кызматкерлери кармалган эле. Милиция кызматкерлеринин акча үчүн адам өлтүргөндүгү жана башка кылмыштары көп жолу далилденет. Муну менен биз “бүт орган кызматкерлери террористтер” деп айтпайбыз го. Ал тургай, аларга ишенбестик көргөзүп, ыйгарым-укуктарын азайтпадык. Тескерисинче, аларга жаңы-жаңы ыйгарым-укуктарды берип, өзүбүздүн коопсуздугубузду аларга тапшырып келебиз.

Демек, бир же миӊ мусулмандын, же Исламды чүмбөт кылып алган кафирдин кылган иши үчүн бүт мусулмандар жана алардын балуулуктары айыптуу деп эсептөө туура эмес. Биз бул сөздөрдү Кыргызстанда террордук иштерди уюштуруу үчүн аракет кылып жаткан карамүртөз күчтөргө айтып жатабыз. Мусулмандар силердин ыпылас аракеттериӊерге ишенбей калды. Убара болосуӊар. Инша Аллах № 50 абакта уюштурган ыпылас операциядагы сыяктуу, дагы кайрадан жүзү кара болосуӊар. Убакыт бар, токтоп, тообо кылгыла!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here