Британиялик журналист: Эгерде Коксту өлтүргөн адам мусулман болгондо эмне болор эле?!

259
0

Британиялик журналист: Эгерде Коксту өлтүргөн адам мусулман болгондо эмне болор эле?!

Ислам жана мусулмандарга каршы душмандык аракеттери о.э. мусулмандарды дискриминация кылуу адаттагы көрүнүшкө айланып калды… Айрым батыштыктар муну сезип сындай башташты.

«Financial Times» гезитинин башкы редактору Роберт Шримсли өз өлкөсүндөгү маалымат каражаттарынын адам өлтүрүү окуяларын ачыктоо ыкмасын сындады. Мындай окуялардын акыркысы Британия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Жо Кокс айымдын өлтүрүлүшү болду. Аны Британиянын Европа Союзунда калышына каршы чыгуучулардын бири атып өлтүрдү.

Бул британиялык журналист Роберт Шримсли: “Эгерде бул кылмышкер мусулман же мигранттардын бири болгондо, бул окуя Британия маалымат каражаттарында мынчалык этияттык жана акылдуулук менен ачыкталбайт эле”, – деди.

Ал: “Эгерде адам өлтүргөн кылмышкер мусулман болгондо, анда биз биринчи бетте “муну бир акылынан адашкан адам кылды” деген сөздөрдү окубайт элек, ал тургай буга логикалык далил бар болсо да”, – деп кошумчалады.

О.э.: “Иликтөөнүн натыйжалары Жо Коксту өлтүргөн кылмышкер экстремисттик таасири бар оӊ канаттын топторуна тиешелүү экендигин көрсөтүп жаткан болсо да, бирок, маалымат каражаттары бул тыянактарга этияттык менен мамиле кылууда”, – деди.

Анын түшүндүрмө беришинче, көпчүлүк саясатчы жана журналисттер кылмышкер тууралуу жана аны мындай «жийиркеничтүү» кылмышты кылууга үндөгөн нерселер туурасында өкүм чыгарууга шашылуудан мурда көбүрөөк маалымат топтоону туура көрүп жатышат.

Шримсли сөзун улантып: «Таӊ калычтуу жери, The Sun жана The Daily Mail гезиттери – булар этияттык жана сыпайылыкты билбей турган гезиттер – адам өлтүргөндүктө айыпталып жаткан кылмышкердин акылы кем экендигин баса белгилешти», – деди.

Анын айтымында, бул эки гезит өздөрү берген бул сыпаттарды биринчи бетте басып чыгышкан жана экөө теӊ кылмышкер ошол учурда «эң алгач Британия» деп кыйкырганына ишара кылып өтүштү. Бирок, экөө теӊ кылмышкердин бул кыйкырыгын ачык айтпады.

«Financial Times» гезитинин башкы редактору суроо иретинде мындай деп жазат: «Бирок, ар кандай киши бир суроону берүүгө акылуу болсо керек т.а. эгерде кылмышкер башка тараптан болгондо маалымат каражаттары далилдерди кудум ушундай этияттык менен келтиришет беле, деп суроого акылуу эмеспи». Кийин таӊ калгандыгын билдирип: «Эгерде кылмышкер ошол учурда «Аллаху акбар» деп кыйкырган болсо, маалымат каражаттарында бул кандай бааланар экен?» – деп кошумчалады.

Макаланын соӊунда Шримсли Британ маалымат каражаттарына насаат кылып, ар кандай кылмышкер адамдын мусулман экендиги аныкталган кезде да, маселеге кудум ушундай этияттык менен жандашуу зарыл экендигине чакырды. (Ал-Жазира нет).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here