Түркиянын Асадга карата позициясы өзгөрүшү мүмкүн
Түркия өкмөтүнүн Сирияга карата, айрыкча Асадга карата саясатында өзгөрүш болуп жатканы айтылууда. Белгилүү болгондой, Түркия өкмөтү Сирия козголоңу башталган кезден бери президент Асад бийликтен кетиши керектигин кайталап келет. Бирок, Аш шарк ул-Авсат гезитинин кабар беришинче, Сирия өткөөл мезгил өкмөтүнүн курамында Асаддын да катышуусу Түркия тарабынан тастыкталышы мүмкүн. Гезиттин жазышынча, Түркия тышкы иштер министрлигине караштуу бир булак Түркия Асад режиминин келечеги туурасындагы позициясынан баш тарта тургандыгын билдирген.
Булактын билдиришинче, эгерде АКШ жана Россия башчылыгындагы эл аралык күчтөр мындай токтомду тастыктай турган болсо, Түркия да алты айдан ашпай турган өткөөл мезгил учурунда Асаддын бийликте калышын тастыкташы мүмкүн.
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым да Сирия өкмөтүнө каршы туруу үчүн айтарлык себеп жоктугун билдирди.
“Ирак, Мисир жана Сирия менен алакаларыбыз начарлашы үчүн дээрлик себеп жок, тескерисинче алакаларды бекемдөө үчүн бир нече себептер бар”, – деди Түркиянын премьер-министри.
Бинали Йылдырымдын жогорудагы билдирүүсү өткөн беш жыл бою муздап калган Түркия-Сирия алакаларын кайра жандантуу жолундагы алгачкы кадам катары бааланууда.
Адилет жана өнүгүү партиясынын депутаты Селчук Оздагдын “вахдат” гезитине басылып чыккан пикири да Асаддын бийликте калышына ишара катары бааланууда.
“Түркиянын Сирияга карата эң татыктуу саясаты – бул Сириянын бүтүндүгү. Кээде ойлонуп таӊ каласын, мынчалык тереӊ карама-каршылыктар бар болгон өлкөдө диктаторлукту мына ушул карама-каршылыктар келтирип чыгарып жаткан жокпу? Андай болсо, бир темир муштум болбосо, биринин этин бири жегенге даяр турган коомду башкаруу өтө кыйын”, “Кээ бирөөлөрдүн, диктатор керектигин билдирип коюу үчүн карама-каршылыктар атайылап уюштурулат деген сөздөрү орунсуз. Жакынкы Чыгыштагы мазхабчылык жаӊжалы жаӊы нерсе эмес. Асад үй-бүлөсүнөн мурун да бул карама-каршылыктар бар эле”, – деди Селчук Оздаг.
“Асаддын демөөрчүсү Россия экендигине караганда, Асадга карата мамилелердин өзгөрүү ыктымалы бар. Түпкүлүгүндө, Асад Түркиянын бүтүндүгүнө коркунуч эмес эле. Тескерисинче, ортодогу жакшы мамилелер себептүү Сирия Хатайдагы даабаларынан баш тарткан эле. Мамилелер начарлаган соӊ, Сирия калкы көп нерсе жоготту, Түркиянын да башы террордон чыкпай калды”, – деп кошумчалады Оздаг.