Түркиядагы бир катар жардыруулардын артында ким турат жана мунун Сирия козголоӊуна кандай байланышы бар?
2016-жыл, 28-июнда Стамбулдун «Ататүрк» аэропортунда жүз берген жардырууларда 44 адам өлүп, 239 адам жарадар болгону айтылды… Бул аэропорт туризм тармагынын борбору болуп, дүйнөдөгү эң активдүү аэропорт болуп эсептелет. Андан өткөн жылы 61 миллион адам пайдаланган. Ошондуктан, “бул жардыруулар 2013-жылдан бери Түркияны силкинтип келе жаткан жардыруулардын эӊ коркунучтуусу” деп бааланды.
Аэропорттогу жардырууларды ишке ашыргандар мойнуна алмайынча, аны ким кылгандыгын эч ким анык айта албайт, себеби бирде ал тарап айыпталса, бирде бул тарап айыпталууда. Ошондуктан, учурдагы абал жана шарттардан, тиги же бул жерден жаӊырып жаткан билдирүүлөрдөн о.э. бул окуядан ким кызыкдар экендигинен келип чыгып шектүү адамдар көрсөтүлүшү мүмкүн. О.э. бүгүн Америка жана Британия сыяктуу колонизатор эл аралык күчтөр бар экендигин, экөөнүн ортосунда жашыруун күрөш жүрүп жатканын о.э. алардын пайдасына иштеген жергиликтүү күчтөр бар экендигин түшүнүү керек. Россия мамлекетинин Орто Азия жана Кавказдан Түркияга келип ишмердүүлүгүн улантып жаткан Исламий активисттерге кол салууларды уюштурганын, ага Чеченстандагы малайы Рамзан Кадыровдун тыӊчылык кызматы жардам берип жатканын да унутпашыбыз керек. Бул кимсе 2016-жыл, 10-февралда «Россия 1» телеканалына берген интервьюсунда Чеченстандын тыӊчыларын – «Ислам Мамлекети» уюмунун сабына кирип тыӊчылык кылышы үчүн – ал жерге жибергенин моюнга алды.
Чындыгында, жардыруулар 2013-жылдан башталды. Биринчи жардырууда т.а. 2013-жылы 11-майда Рейханлы шаарында жүз берген жардырууда 51 адам курман болду. Түркия бүтүндөй өлкөнү силкинткен бул жардырууда Сирия режимин айыптады. Эрдоган Сирияга кургактык аркылуу кирүү керектигине чакырып, а бирок Америка буга ыраазы болбой келген эле. Ал 2013-жылы 16-майда АКШга барып, Обама менен жолугушту. АКШдан кайтып келгенден кийин болсо кургактык аркылуу кирүү талабынан баш тартты.
2015-жыл да жардыруулар менен башталды. Ошол жылдын 6-январында белгисиз аял өзүн-өзү жардырды, аны менен бирге бир полиция кызматкери өлдү жана бул операцияны Марксисттер тобу мойнуна алды. Кийин ошол эле жылдын 20-июлунда Суруч шаарында ишке ашырылган жардырууда 34 адам курман болду, анда «Ислам Мамлекети» уюму айыпталды. Илгери Америка Сириядагы козголоӊчуларга каршы чабуулдарды алып баруу үчүн өзүнө Инжирликте база ачууну о.э. өзү башчылык кылган коалицияга Түркиянын да кошулуусун талап кылып келе жаткан эле. Суруч жардыруусунан 4 күн өтүп, 24-июлда Инжирлик базасын Америкага ижарага берүү туурасында келишимге кол коюлду, ошол жылдын августунда Түркия «Ислам Мамлекети» уюмуна каршы Америка коалициясына кошулганын да жарыя кылды.
Ошол жылдын 10-октябрында Анкара темир жол вокзалында болгон жардырууда 102 адам курман болду жана анда да «Ислам Мамлекети» уюму айыпталды. Кийин 1-ноябрда кайрадан шайлоолор болуп өттү. Англис шпиондору Эрдоган бийлигин кулатуу үчүн коопсуздук жана туруктуулукту изден чыгарууга аракет кылып жатышкан эле. Мындан мурда Эрдогандын партиясы 2015-жыл, 7-июндагы шайлоодо жеӊилип калгандыктан жалаӊ гана өзүнүн партиясынан өкмөт түзүү колунан келбеди. Ошондо өзүнүн партиясын бийликке алып чыгуу үчүн кайрадан шайлоо өткөрүүгө катуу туруп, коалициялык өкмөткө ыраазы болбоду о.э. “жалгыз партиялуу өкмөттө гана өлкө коопсуздугу жана туруктуулугу камсыздалат” деди. Себеби, коалициялык өкмөттөр өлкө коопсуздугу жана туруктуулугу бузулушуна себеп болгон эле. Ошондуктан, Эрдоган жогорудагы окуядан жана адамдардын алкышынан пайдаланып, шайлоодо жеӊишке жетишти.
Кийин 2016-жыл, 12-январда Стамбулдун Султан Ахмет аянтында жардыруу болуп, көпчүлүгү немецтерден турган 10 турист өлдү жана мында да «Ислам Мамлекети» уюму айыпталды. Бул жардырууда Түркия үчүн эч кандай пайда жок эле. Тескерисинче, ал туризм тармагына зыян жеткирип, өлкөнү туруксуздукка алып барат эле. Туристтердин көпчүлүгү Россиядан келет болчу. Ошондуктан, Түркия тарабынан Россиянын аскерий учагынын атып түшүрүлүшү себептүү орус бийлиги туристтердин Түркияга барышына тыюу салды. Россия Түркияга ачууланды жана аны менен соода, туризм жана башка тармактагы алакаларды токтотуп койду. Белгилүү болгондой, орустарда туристтик саякатка талап өтө чоӊ болуп, Түркия аларга аябай жагат эле. Муну Россиянын премьер-министри Медведев да тастыктаган.
Кийин 2016-жыл, 17-февралда Анкарадагы ички иштер министрлигинен 400 метр аралыкта, түрк аба күчтөрүндө кызмат кылган 28 адамдын өлүмүнө себеп болгон жардыруу болду жана аны Курдистан жумушчулар партиясына караштуу бир топ мойнуна алды. Өкмөт дароо айыпты Сирияда күрттөр башкаруусунун бир бөлүгүн негиздөөгө аракет кылып жаткан Демократиялык биримдик партиясына шылтоого шашылды. Бирок, Америка бул операцияны ким кылганы белгисиз экендигин баса белгиледи, Демократиялык биримдик партиясы да бул айыптоону четке какты. 2016-жыл, 13 февралда түрк армиясы ушул партияны Сирия ичкерисинде биринчи жолу бомбалады.
2016-жыл, 19-мартта Стамбулда жардыруу болуп, анда 4 адам өлүп, 36 адам жарадар болду. Булардын көпчүлүгү чет өлкөлүктөр болчу. Өлгөндөрдүн үчөөсү, жарадар болгондордун он бири яхудийлер болуп, алар «Израил»ден келген туристтик автобуста эле. Мындан болгону 6 күн мурда т.а. 2016-жыл, 13-мартта да Анкарада жардыруу болуп, анда түркиялык 35 жаран курман болгон эле жана мында өкмөт Курдистан Жумушчулар партиясын айыптаган болчу. Өкмөт ушул партия тарапкерлерине, айрыкча, англистер канатындагы Курдистан Жумушчулар партиясына караштуу сепаратисттер бар болгон аймактарда кеӊири масштабдуу рейддерди өткөрдү. Европа Эрдоганды өкмөттүн рейддерин каралаган документке кол койгон академиктерге басым өткөрүүдө айыптады. Анткени, 2016-жыл, 19-марттагы Стамбулдагы жардырууда европалыктар жана яхудийлерге карата «мына, террористтер силерди бутага алып жатат, ошол себептен улам түрк өкмөтү сепаратист күрттөр жана сынчы академиктерге каршы чара көрүүгө акылуу» деген маани бар эле.
Эми 2016-жыл, 28-июндагы «Ататүрк» аэропортундагы жардырууларга келсек, анын артынан Эрдоган: «Түрк өкмөтү террордун артында ким турган болсо да, ага каршы күрөшөт. Түркия бир бүтүн мекен, аны бөлүүгө болбойт», – деген билдирүү берди. А бирок, эч бир тарапты айыптабады. Бирок, америкалыктар «Ислам Мамлекети» уюмун айыптоого шашылышты. АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасынын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Майкл Маккол: «Бул чабуулду башкарган адам, Ислам Мамлекети уюмунун аскерий министрлигинин жардамчысы чечен Ахмад Чатаев», – деди. Борбордук разведка башкармалыгынын башчысы Жон Бреннан болсо, «Стамбул аэропортундагы чабуулда ИШИМдин изи бар» деди. Түркия муну тастыктай элек болсо да ушундай деди. Ушулардын артынан Эрдоган да «Чабуулду Ислам Мамлекети уюму кылгандыгына көбүрөөк божомол бар» деген билдирүү берди. А бирок, «Ислам Мамлекети» уюму чабуулду мойнуна албады. Анткени, бул чабуул түрк өкмөтүн «нөл» проблемалуу абалга кайтууга чакырып жаткан бир мезгилде ишке ашырылды. Бул нерсе түрк өкмөтү мамилеси бузулган бардык мамлекеттер менен жарашып алууну каалап жаткандыгын түшүндүрөт. Т.а. премьер-министр Йылдырым санап өткөндөй, «Россия, Израиль, Мисир жана Сирия» менен жарашып алууну каалап жатат. Мисалы, Россия жана яхудийлер мамлекети менен проблемаларын чечип болду, Мисирдеги Сиси режими менен да жарашууга аракет кылууда, Эрдогандын тогут Башар Асад менен телефондо сүйлөшкөнү тууралуу кабарлар пайда болду.
Түркия светтик мамлекет жана Исламий өлкөлөрдү светтүүлүккө үгүттөйт. Мисалы, Мисир калкы 2011-жылы козголоӊ баштаганда Эрдоган аларды светтик түзүмгө чакырды. О.э. Түркия өткөн жылы Вена конференциясынын Сирия режиминин светтүүлүгүн сактап калууга тиешелү токтомдорун кабыл алды. Россиянын премьер-министри да: «Жалпысынан алганда, уюмдарды террордук же террордук эмес деп бөлүүдө түрктөр менен биздин ортобузда эч кандай карама-каршылык жок» деди.
Түркия Сирия калкына каршы коркутуучу билдирүүлөрдү берип, аларды Американын чечимин кабыл абастыктын натыйжаларынан эскерте баштады. Аларга чегараларды жаап алды, коргонуу жана тогут режимге каршы күрөштү улантуу үчүн Түркияга кирип жаткан жерлерге бекем дубалдарды курду. Андан соӊ, сириялык качкындарга атайылап ок атып, куралсыз эркектер, аялдар жана жаш балдардан турган 11 адамды өлтүрдү. Тогут Асад Түркиянын бул кызматтарын алкыштады. Асад 2016-жыл, 1-июлда Австралия телевидениесине берген интервьюсунда: «Түркиянын – Сириядан агылып чыгып бара жаткан куралдуу согушкерлердин кошумча жардам ала турган жолдорун тосуп – чегараларын жабышы, мына ушунун өзү гана, алардын бир-эки аптада же бир айда биротоло жеӊилишине кепил болот», – деди.
Көӊүл буруу керек болгон нерсе, «Ататүрк» аэропортундагы жардырууларды кимдер уюштургандыгын Түркиянын өзү айта элегинде, америкалыктар “муну «Ислам Мамлекети» кылды” деп айтууга шашылышты. Т.а. Америка Түркия калкынын Сирия калкына тилектеш болуудан баш тартышын, Шамдагы мусулман боордошторуна каршы Америка чабуулдарын колдоп кубатташын каалап жатат… Түркия калкына “Шам козголоңу өтө кооптуу, ал террорчуларды жетиштирип чыгарууда, бул террорчулар болсо жардыруулар аркылуу силерди өлтүрүп, Түркия экономикасына сокку берип жатат” деген нерсени көрсөтмөкчү болууда. АКШнын мына ушундай ыпылас планын Эрдоган ишке ашырып, Сирия калкына басым өткөрүүдө. 2015-жыл, 30-сентябрдан баштап АКШ кеӊеши негизинде Сирия калкын кыргын кылууга киришкен Россия менен да жарашып алды. Чындыгында, ушул мубарак козголоӊ Американы да, Россияны да туӊгуюкка кептеп койду. Натыйжада, Америка “Түркиядагы жана башка жердеги Үммөттү козголоӊчуларга каршы тукуруу жана алардын бардык мусулмандар тарабынан колдоп-кубатталышын үзүү зарыл, мына ошондо жалгыз калган козголоӊчуларды жок кылуу оӊой болот” деген пикирге келди.
Сириядагы Үммөт козголоңуна каршы тил бириктирүүнүн көлөмү өтө чоӊ. Эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү күчтөрдүн бардыгы шайтан Америка башчылыгында бир сапка тизилип, ушул козголоӊго каршы согушуп жатышат. Козголоӊдун болсо Аллахтан башка эч кимиси жок. Аллах гана аларды коргойт, аны жана момундарды Өз нусраты менен колдоп-кубаттайт. Себеби, Ал нусрат-жардам берүүчүлөрдүн эң жакшысы.
Асъад Мансур