Саркози исламчы туткундарды өзүнчө камераларда кармоого чакырууда

309
0

Саркози исламчы туткундарды өзүнчө камераларда кармоого жана экстремизмге каршы күрөшкө чакырууда

Өткөн жума күнү Европанын алты гезитинде, ошону менен бирге, Франциянын «Ле Фигаро» гезитинде Франциядагы республикачылар партиясынын жетекчиси Николя Саркозинин сөздөрү басылып чыкты. Анда Саркози «Биз согуштук абалдабыз» деди. Андан соӊ: «Чет өлкөдөгү согушубуз Ислам Мамлекети уюмуна каршы, ал эми ичкеридеги согушубуз радикалдык Исламды кабыл алган жарандарыбызга каршы жүрүп жатат», – деп кошумчалады.

«Эгерде душманыбызга каршы күрөшмөкчү болсок, белгилеп алалы: жихадчы агым бар, радикал исламчы агым бар, экөө теӊ бири-биринен азык алат», – деди.

Ал өз партиясынын эл аралык маселелер боюнча жыйынынан кийин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга катышып, «экстремисттик исламга» каршы күрөшүү максатында «тезинен колдонуу үчүн төрт сунушту» ортого таштай тургандыгын айтты.

Ал дагы: «Биринчи кезекте, исламчы туткундардын бардыгын өзүнчө камерада кармоо керек. Себеби, ал жерде каршы күрөшүү керек болгон даъват кампаниясы жүрүп жатат… Экинчи орунда, камактар үчүн тыӊчылык кызматы түзүлүшүн талап кыламын. Биз камералардагы туткундардын сөздөрүн тыӊшоо менен эле чектелбешибиз керек. Экстремисттик ибадат кылына турган жерлерде жана радикалдык топтордун ичинде жүрө турган жандуу тыӊчылык да болушу зарыл», – деди.

Франциянын мурдагы президенти дагы кошумчалап: «Үчүнчү орунда, ар кандай чет өлкөлүктү же террористтик ишмердүүлүк жана тармактарга байланышы бар болгон, эки мамлекеттин жарандыгы бар адамды тез арада өлкөдөн чыгарып жиберишибиз керек. Жок эле дегенде, бул тармакта өзгөчө кырдаал киргизишибиз керек», – деди.

Жана акырында «террористтик операцияларга түздөн-түз же кыйыр түрдө алакасы бар деп шектелген ар кандай адамды үй камагына өкүм кылууну о.э. андай адамдын  аракетин үзгүлтүксүз күзөтүп баруу үчүн ага электрондук тасма тагып коюуну» талап кылды. (Хаят гезити).

Роя гезитинин комментарийи:

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозинин бул сөздөрү анын дилиндеги Ислам жана мусулмандарга карата дшмандыгын чагылдырып турат. Мына ушул душмандык мусулмандарга каршы ар кандай чараны көрүү мүмкүн деген ойго алып барып койду. Бул чара Франция мыйзамдарына бүтүндөй тескери келсе да жана ал тургай өздөрү айтып жүргөн адам укуктарына тескери болсо да аны колдонуу мүмкүн деп билди.

Ал Ислам жана мусулмандарга биринчи жолу чабуул кылып жаткан жок. Өткөн февраль айында да «Франция мусулмандары хижаб кийүүдөн баш тартуу аркылуу өлкөбүздүн светтүүлүгү менен келишүү жолунда аракет кылышы керек» деген эле. Ал өлкөдө хижаб кийген аялдар бар болушун каалабай тургандыгын ачык айтты, Францияда жашаган мусулмандар жамаатынын бир нече иштерине, ошону менен бирге, айрым мусулмандардын көчөдө намаз окушуна о.э. муслималардын эркек врачтан дарылануудан баш тартып, аял врач тандашына каршы экендигин билдирди. Мындан мурда болсо «Мен Франциядагы исламды эмес, французча ислам болушун каалаймын» деген эле.

Ислам жана мусулмандарга карата душмандыгынан келип чыгып сүйлөп жаткан саясатчы жалгыз эле Саркози эмес. Социалисттер партиясынан премьер министр болуп келген Мануэль Вальс да мусулмандарды «исламий фашизмге каршы күрөш»тө «жоопкерчиликти толук» моюнга алууга чакырган. Бул билдирүүлөр Франция жетекчилеринин Ислам жана мусулмандарга карата душмандык билдирүүлөрү алдында деӊизден бир тамчы гана. Алардын буга окшогон душмандыгына бүтүндөй Батыш мамлекеттеринин жетекчилери да шерик болушкан.

Николя Саркози менен Мануэль Вальстын бул сөздөрү алардын пикирий деӊгээлин көрсөтүп турат. Себеби, алар Ислам акыйдасынын күч-кубатын, тереӊдигин о.э. талкуу Ислам негизи менен Батыш хазараты негизине байланыштуу болгондуктан, Ислам акыйдасына каршы пикирий күрөшкө киришүүгө алсыз экендиктерин түшүнүп турушат. Ошол себептен улам, Исламдын турмушка кайтып келишине тосмо коюу үчүн Исламды, анын өкүмдөрүн, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кара кылып көрсөтүүгө аракеттенип жатышат. Бирок, бул аракеттери өздөрүн кыйроого алып барат, инша Аллах. Аллах Таала айтат:

«Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол байлыктары өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеӊилишет. Кафир болгон кимселер тозокко топтолушат»                             [8:36]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here