Тажикстан жакынкы убакта ЕАЭБге мүчө болушу мүмкүн

280
0

Тажикстан жакынкы убакта ЕАЭБге мүчө болушу мүмкүн

 Россия мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкийдин билдиришинче, Тажикстан жакынкы убакта Евразия экономикалык биримдигине кошулуу каалоосун жарыя кылышы мүмкүн.

 “Менимче, расмий Душанбе эмдиги жылы каалоосун билдирет. Ал КМШнын башка мамлекеттерине караганда көбүрөөк умтулууда”, – деди Слуцкий.

 Ошону менен бирге Слуцкийдин айтымында, бул “эгемендүү мамлекеттин тандоосу” жана “Россия эч кимди өзүнө тартпайт”.

Ал: “Эгерде комитетке Тажикстандан расмий талап келсе, муну кандай ишке ашырууну ойлонуп көрөбүз”,- деди.

 Слуцкийдин билдиришинче, учурда ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болууга Тажикстандын экономикасы даяр эмес. А бирок, Тажикстан ЕАЭБге мүчө болору менен экономикалык өсүүгө жана миграция маселелеринде бир катар жеӊилдиктерге жетишүүсү мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here