Кыргызстан бийлиги мусулмандарды 2016-жылдагы орозо айт намазын 5-июль күнү окууга мажбурлады

233
0

Кыргызстан бийлиги мусулмандарды 2016-жылдагы орозо айт намазын 5-июль күнү окууга мажбурлады

Кыргызстан бийлиги мусулмандарды 2016-жылдагы орозо айт намазын 5-июль күнү т.а. рамазан айынын 30-күнү  окууга мажбур кылды. 6-июль шаввал айынын биринчи күнү экендиги анык болгон учурда болсо, мусулмандардын айт намазын окушуна тыюу салды. Алар бул аракеттери менен кандай максатты көздөштү жана кандай натыйжаларга жетишишти? Төмөндө ушул тууралуу сөз кылабыз.

Бишкекте айт намазы Жеңиш аянтында окулду. Бир нече жылдардан бери айт намазы Ак үйдүн алдындагы борбордук аянтта окулат эле. Акыркы жылдарда Бишкектин өзүндө 150 миӊдей мусулман айт намазына катышып келген эле. Быйыл Бишкектеги айт намазына 10 – 15 миӊдей мусулман катышты.

Бишкектин өзүндө болжол менен 135-миӊ мусулман айт намазын окубады. Алар динден кайтып, намаз окубай турган фасик болуп кетишкен жок! Тескерисинче, мусулмандардын катары жылдан-жылга өтө тездик менен көбөйүп бара жатат. Мамлекет боюнча миллиондогон мусулман рамазан айында айт намазын окуудан баш тартып таква кылышты. Себеби, ал күндү айт майрамы кылуу жана ушул күндөгү орозо ибадатын таштап коюу арам амал болуп эсептелет. Бул сыяктуу бидъат амалдарды кадыржам кыла берүү чектен чыгуу жана күнөөкөрдүк болуп эсептелет. Дин кызматкерлери жана имамдар да муфтият тарабынан эмес, орган кызматкерлери тарабынан кысымга алынышты. Ал тургай, ошол күнү кысым себептүү коркконунан намаз окуган кээ бир ыймандуу жана илимдүү мусулмандар орозосун ачышпады.

Бийлик болгон күчү менен динчилдерге басым өткөрүп көрдү. Кыргыз мамлекети кол астындагы бардык диний катмарды ишке салып, алардын мусулмандар алдындагы салмагын текшерип көрдү. Натыйжасы көрүнүп тургандай болду. Кыргызстан мусулмандарынын ондон бири да аларды ээрчиген жок. Эгерде күч түзүмүнүн басымы болбогондо, бул сарай уламаларынын салмагы мындан бир нече эсеге жеңил экени көрүнүп калат эле. Себеби, алар кожоюндарынын батыл көрсөтмөлөрүн жана шариятка тескери буйруктарын шариятка ылайыкташтырмакчы болуп жатышат.

Муфтиятты бул арам ишке Коопсуздук кызматы жана ИИМдин кызматкерлери мажбурлаганы анык. Себеби, муфтиятта бирер адамды бир ишке мажбурлай ала турган күч жок. Алардын артында күч түзүмүнүн атайын кызматкерлери иш алып барышууда. Бирок, бул күч түзүмүнүн артында ким турат? Албетте кыргыз бийлиги. Себеби, муфтият да, күч органдары да саясий уюмдар эмес. Алар аткаруу бийлигинен. Айтка мажбурлоо же андан тосуу иштери болсо, саясий иш жана саясий күрөш түркүмүнөн. Бул сыяктуу иштерди саясатчылар гана пландаштырышат жана аткаруучу органдар аркылуу ишке ашырышат.

Тыянак кылып айта турган болсок, Кыргызстандын жетекчилери дагы бир жолу ката кетиришти. Алар кол астындагы диндарлар катмарын арамга буюрушуп, алардын мусулмандар алдындагы аброюн дагы да түшүрүп жиберишти. Ал диндарларды орган кызматкерлери менен ачык кызматташууга мажбурлап, аларды карапайым жарандар алдында кор кылып жатышат. Эми алардын кубаты дээрлик калбады.

Уламалардын кубаты мамлекеттеги мусулман жарандар алдындагы аброю менен өлчөнөт. Орган кызматкерлери кордоп жиберген мусулман уламалардын болсо кыпындай да кадыры болбойт.  Алардан пайда жок. Эми алардын ар бир фатва жана буйругу орган кызматкерлеринин басымы менен гана ишке ашырылат. Бул система болсо, көпкө бара албайт. Өкмөт бул тартипте иштөөдөн чарчайт. Натыйжада бийликтин бул уламаларды жаӊысына алмаштыруудан башка чарасы калбайт.

99% аамийлерден (илимсиздерден) турган Кыргызстан мусулмандары өздөрү таква деп билген уламаларды тандап алышып, алардын этегин бекем кармап келишет. Кечээги айт намазы көрсөткөндөй, эми мусулмандардын көпчүлүгү сарай уламаларын ээрчибей калышат. Себеби, алар өздөрүн ээрчигендерди арамга чакырышты. Чакырып эле койбостон, аларды орган кызматкерлерине салып беришти. Үммөт абдан көп каталарды кетириши мүмкүн, бирок өзүнө чыныгы диний жетекчи тандап жатканда өтө сергектик менен анын таквасын, кайратын, калыстыгын жана саясий аӊ-сезимин текшерет.

Аллах ар бирибизди жетекчи тандоодо адаштырбасын. Себеби, ушул тандообузда адашып жатканыбыз себептүү төмөндүктөн чыга албай жатабыз.

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here