29-июнда Стамбул эл аралык аэропортунда жүз берген жардыруудан ким кызыкдар?

262
0

29-июнда Стамбул эл аралык аэропортунда жүз берген жардыруудан ким кызыкдар?

Абу Хафиз

Түркиянын саясий сахнасында болуп өткөн окуяларды күзөтө турган болсок, 40тан ашуун бейкүнөө адамдын өлүмүнө, 240 адамдын жарадар болушуна алып барган ушул жийиркенитүү окуядан бир аз мурда болуп өткөн эки негизги иш көӊүлдү бурат. Биринчиси, Түркиянын яхудийлер мамлекети менен алаканы жакшыртуусу, экинчиси, Россиянын Су-24 учагы атып түшүрүлүшү себептүү пайда болгон Түркия-Россия келишпестигин жумшартуу үчүн Эрдогандын Путинге жолдогон кайрылуусу.

Белгилүү болгондой, түрк президенти Түркия сыяктуу исламий өлкөдө өзүнүн жалындуу билдирүлөрү менен ый-урматка ээ болуп келет. Эрдоган партиясынын 2002-жылдагы парламенттик шайлоодо жеӊишке жетишине биринчи кезекте бул партиянын «исламий чапан» кийип алышы себеп болгон. Эрдоган маал-маалы менен мусулмандардын туйгуларын козгой турган билдирүүлөрдү берип турат. Айрыкча, 2008-жылы яхудийлер Газага чабуул кылганда Израил президенти Шимон Переске айткан сөздөрү калкты толкундатып жиберген эле.

Эрдогандын Мави Мармара кемесине чабуул кылынгандан кийин Израилден элчисин чакыртып алып, баскынчы мамлекетке карата айткан бир-эки ооз сөзү да шайлоодо анын партиясына добуш алып берди. Себеби, калктын көпчүлүгү мусулмандардан турат. Алар Исламды сүйүшөт. Албетте, Ислам жана мусулмандардын тарабын алган сөздөр алардын туйгусун козгойт. Анткени, калк көптөн бери жетекчилерден мындай кескин билдирүүлөрдү укпаган эле.

Эрдоган Су-24 учагы атып түшүрүлгөн учурда мусулман түркмөндөрдүн коргоочусу болуп көрүндү. Россия менен мамиленин бузулушу болсо көп деле зыян жеткирбестигин, помидорго чектөө киргизип коюу менен түрк эли ачка калбастыгын билдирди. Эрдогандын Россияга каршы сүйлөгөн сөздөрү, жалпысынан алганда, анын бул маселедеги позициясы элдин колдоосуна ээ болду. Ал тургай, карапайым калктын арасындагы ага оппозициялык көз карашта болгон адамдар да буга өтө жогору баа беришти.

Демек эч бир экиленбестен айтуу мүмкүн болгон нерсе, Эрдоган калктын алдындагы ушунча кадыр-баркка мына ушундай жалындуу билдирүүлөрү менен жетишип келди. Ал үчүн өзүнүн ушунча мээнет менен жеткен кадыр-баркы жана элдин колдоосу өтө маанилүү. Айрыкча, Түркия демократиялык мамлекет болгон соӊ, элдин добушу ал үчүн өтө маанилүү. Дагы бир тараптан түрк президенти парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү үчүн олуттуу аракет кылып келет. Эрдоган бул маселеге өмүр-өлүм маселеси катары жабышкан. Мына ушундай бир учурда анын кадыр-баркы өзү үчүн эле эмес, аны колдоп-кубаттап, багыттап турган о.э. өз кызыкчылыктары жолунда ишке салып жаткан Америка үчүн да өтө маанилүү.

Демек, 29-июнь күнү жүз берген Стамбул окуясынан бир аз мурда болуп өткөн эки окуя т.а. яхудийлер мамлекети менен алаканы нормалдаштыруу о.э. Россия менен болгон мамилени жумшартуу үчүн Эрдогандын Путинге жолдогон кайрылуусу анын мусулман калктын алдындагы аброюна терс таасирин тийгизди. Айрыкча, экинчи иш буга албетте таасирин тийгизет. Себеби, ал учак атып түшүрүлгөн кезде өтө курч сөздөрдү айтканына, ал тургай Россияны ИШИМден нефть сатып алып жаткандыкта айыптаганына карабастан, ушунча берилген билдирүүлөрүнөн кайтты, кылган ишине «тообо» кылып, Путинден кечирим сурады. Бул болсо, элдин арасындагы аброюна зыянын тийгизет. Ошондуктан, Эрдоганды аброюна зыян жеткирбестен ушул кырдаалдан чыгып кетүү ойлондуруп жаткан эле. Ошондо 29-июнь окуясы жүз берди. Ал Путин менен диалог жүргүзүп жаткан бир учурда, коомчулуктун көӊүлү башка тарапка т.а. 180 градуска бурулду. Калк Эрдогандын иши тууралуу ойлонуп, буга реакция билдириши керек болгон кезде алардын бүтүндөй көӊүлү Стамбул жардыруусуна каратылды. Басма сөз, телевидение жана радио, кыскасы, бардык маалымат каражаттарындагы тема Стамбул жардыруусу болуп калды.

Ушундан келип чыгып айтарыбыз, 40тан ашуун бейкүнөө адамдын өлүмүнө, 240 адамдын жарадар болушуна алып барган 29-июнь жардыруулары эң биринчи кезекте Эрдогандык кызыкчылыгына кызмат кылды. Ал элдин эч кандай реакциясына дуушар болбостон Россия менен алакасын жакшыртып алды.

Капиталисттик мамлекеттер өздөрүнүн саясаттарын ишке ашыруу жолунда башка калктар эле эмес, ал тургай өз калкын да курман кылуудан кайра тартышпайт. Алар үчүн адамдын өмүрү, кадыры жана ар-намысы баалуу нерсе эмес.

Исламий өлкөлөрүбүздө мусулмандардын үстүнө колонизатордун малайлары өкүмдар болуп алгандыгы өкүндүрөт. Акимдердин да колонизатор кафир кожоюндарына кызмат кылуудан жана алар менен биргеликте калкына кыянат кылуудан башка камы жок. Бул өтө эле жаман абал. Исламий өлкөлөрдүн абалы мындан да жаман болушу мүмкүнбү?

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети гана адамдын жаны туурасында кайгырат. Бул мамлекет адамдын өмүрүн эле эмес, акыл-эсин, адамдык кадырын, адамдын өздүгүн, мүлкүн о.э. динди, коопсуздукту, ошону менен бирге мамлекетти коргойт. Анткени, бул мамлекеттин негиздөөчүсү Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.:

«مَا أَطْيَبَكِ وَأَطْيَبَ رِيحَكِ مَا أَعْظَمَكِ وَأَعْظَمَ حُرْمَتَكِ وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَحُرْمَةُ الْمُؤْمِنِ أَعْظَمُ عِنْدَ اللهِ حُرْمَةً مِنْكِ مَالِهِ وَدَمِهِ وَأَنْ نَظُنَّ بِهِ إِلاَّ خَيْرًا»

«(Эй Каъба) Кандай гана жакшысын жана кандай гана жагымдуусун, кандай гана улуусун жана сенин кол тийгистигиӊ да кандай гана улуу. Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант болсун, момундун, анын малынын жана канынын кол тийгистиги Аллахтын алдында сенин кол тийгистигиӊден улуу. О.э. момун турасында жалаӊ гана жакшылыкты күмөн кылышыбыз да сенин кол тийгистигиӊден улуу», – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here