Түркия мигранттарга жарандык сунуштады

250
0

Түркия мигранттарга жарандык сунуштады

 Түркия бийлиги мамлекетте жашап жаткан сириялыктарга жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат.

  Бул тууралуу жекшемби күнү Hurriyet гезити кабар таркатты. Гезиттин жазышынча, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган ушундай сунуш менен чыккан.

 Эрдоган Сирия менен чектеш Килис вилаятында сүйлөгөн сөзүндө: “Ички иштер министрлиги ушул багытта зарыл болгон чараларды көрүп жатат”, – деди.

 Түркиянын өлкө башчысы мигранттарга жарандык берүү иштери менен ички иштер министрлигинде түзүлгөн атайын кызмат алектене тургандыгын айткан.

 Түркия өкмөтүнүн расмий маалыматына ылайык, учурда мамлекеттин аймагында 2,7 млн сириялык мигрант жашап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here