Россия Түркиядан дагы эмнелерди күтүп жатат?

279
0

Россия Түркиядан дагы эмнелерди күтүп жатат?

Россиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карлов эгерде Түркиянын Россия менен мамилелерди толук жакшыртуу максаты бар болсо, атып түшүрүлгөн самолёт үчүн кун төлөп бериши керектигин билдирди.

 “(Россия президенти) Владимир Владимирович (Путин) мамилелерди өнүктүрүү үчүн эмнени күтүп жатканыбызды ачык айткан эле. Алар кечирим суроо, кылмышкерлерди жазалоо жана кун төлөө. Биринчиси ишке ашты. Кезек экинчи жана үчүнчүсүнө келди”, – деди Андрей Карлов Россиянын Интерфакс маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йилдирим мындан бир аз мурда ТРТ маалымат агенттигине берген интервьюсунда Россия аскерий самолётунун атып түшүрүлүшүнө карата керек болсо, кун төлөшү мүмкүн экендигин билдирген эле. Орус учкучунун өлүмүнө айыптуу деп табылган Алпарслон Челик учурда соттолуп жатат.

Ошол эле учурда Кремль Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын Россия президенти Владимир Путинге жөнөткөн “кечирим каты” жөнүндө расмий кабарды таркатты. Кабарда келишинче, Эрдоган катта Түркия менен Россия ортосунда узак убакыттан бери уланып келген стратегиялык өнөктөштүк жана достук мамилелерге зыян жеткендигине өкүнгөндүгүн билдирген.

 Катта: “Биз эч качан Россия Федерациясына тийиштүү самолётту атып түшүрүүнү каалаган эмеспиз. Мындай ниетибиз да болгон эмес”, “Биз көз жумган орус учукучунун үй-бүлөсүн түрк үй-бүлөсү катары көрөбүз. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн эмне кылыш керек болсо, биз даярбыз. Мындан тышкары, орус учкучунун өлүмүндө айыптуу деп табылган түрк жаранынын үстүнөн тергөө иштери башталган”, – деп жазылган.

Бирок, Россия СУ-24 самолёту Түркия аба мейкиндигин бузуп киргени себептүү атып түшүрүлгөндөн кийин билдирүү берген президент Эрдоган: “Бул үчүн кимдир бирөө кечирим сурашы керек болсо, ал биз эмеспиз. Аба мейкиндигибизди бузгандар кечирим сурашы керек”, – деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here