Түркия жана Россия ортосундагы алакалар тикеленген соӊ бир нече келишимдер ишке ашырыла баштады. Түркия премьер-министрлиги тарабынан сунушталган маалыматтарга ылайык, Путин Түркиядан ыраазы боло баштаган.
Путинден келген маалыматта: “Терроризмге каршы күрөш боюнча берген акыркы кабарларыӊарды толук макулдаймын”, – деп айтылат.
Жолугушуулардан жана эки жетекчинин бири-бирине жолдогон кайрылууларынан белгилүү болгондой, Россия менен Түркия ортосундагы эӊ негизги маселе терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты кеӊейтүү. Түркиянын Россия менен жакындашуусунун натыйжасы акырындап Борбор Азиялык жана россиялык мусулмандарга таасирин тийгизери күтүлүүдө.
Келишимдин алгачкы “натыйжасы” Бурсада жүз берди. Исламий ишмердүүлүгү себептүү Россияда кысымга учураган Тагир Минибаев Түркиядан баш баанек таап, журналистик ишмердүүлүгүн улантып жаткан эле. Аны кечээ күнү Бурсада камакка алышты. Учурда аны Россияга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Тагир Минибаев буга чейин да Стамбул мигранттарды көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 1-2 ай мөөнөткө камалып, соттун чечимине ылайык, жашаган жерин таштап кетпестик шарты менен Бурсага жиберилген эле.